Лука 11:1-54 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса бир жерде сыйынып жатты. Сыйынып бүткөндөн кийин, шакирттеринин бири Ага: «Теңир! Жакан өзүнүн шакирттерине үйрөткөндөй, бизге да сыйынууну үйрөтчү», – деди.

2Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер мындай сыйынгыла: “Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун, Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын!

3Күндөлүк жашообузга керектүү ырыскыбызды күн сайын бере көр.

4Бизге карыз болгондордун ар бирин кечиргенибиздей, биздин күнөөлөрүбүздү да кечире көр. Азгырылышыбызга жол бербе, бизди жамандыктан сакта!”»

5Анан Ыйса аларга мындай деди: «Силердин араңардан бирөөнүн досу бар деп коёлу. Ал түн ортосунда досуна барып: “Досум, мага карызга үч нан бере турчу.

6Анткени алыстан досум келиптир, ага бере турган эч нерсем жок эле”, – десе,

7ичкериден: “Менин тынчымды албачы, эшик бекитилүү, өзүм да, балдарым да жатып алдык. Тура да албайм, сага бир нерсе бере да албайм”, – деп жооп берет.

8Силерге айтып коёюн, эгерде ал ага дос болгону үчүн ордунан туруп нан бербесе да, анын тажаткандыгынан улам туруп, канча сураса, ошончо берет.

9Ошондуктан Менин силерге айтарым: Сурагыла, ошондо силерге берилет; издегиле, ошондо табасыңар; тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат.

10Анткени сураган адам алат, издеген адам табат, тыкылдаткан адамга эшик ачылат.

11Араңардагы кандай ата баласы нан сураса, таш берсин? Же балык сураса, жылан берсин?

12Же жумуртка сураса, чаян берсин?

13Демек, силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берери анык».

14Бир күнү Ыйса бир адамдан дудук жинди кууп чыгарды. Жин чыккандан кийин, дудук киши сүйлөй баштады. Эл буга таң калды.

15Кээ бирөөлөр: «Жиндерди Ал жиндердин башчысы Белзебулдун күчү менен кууп чыгарат», – дешти.

16Кээ бирөөлөр болсо Ыйсаны сынамакчы болуп, асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты.

17Бирок Ыйса алардын ойлорун билип, аларга мындай деди: «Ич ара бөлүнгөн падышачылык кулайт, ич ара бөлүнгөн үй-бүлө бузулат.

18Эгерде шайтан өзүнө өзү каршы чыкса, анда анын падышачылыгы кантип турат? Силер болсо Мени: “Жиндерди Ал Белзебулдун күчү менен кууп чыгарат”, – дейсиңер.

19Эгерде Мен жиндерди Белзебулдун күчү менен кууп чыгарсам, анда силердин кишилериңер аларды кимдин күчү менен кууп чыгарып жатышат? Ошондуктан силерди ошолор айыпташат.

20Эгерде Мен жиндерди Кудайдын күчү менен кууп чыгарып жатсам, анда силерге Кудайдын Падышачылыгы келди.

21Күчтүү адам өз үйүн курал-жарак менен кайтарып турса, анда анын мал-мүлкү коопсуз болот.

22Эгерде андан күчтүүрөөк адам ага кол салып, аны жеңсе, анда ал анын таянган бүт курал-жарагын тартып алып, андан олжолоп алганын бөлүштүрөт.

23Ким Мени менен болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен жыйнабаса, ал чачат.

24Жин адамдын ичинен чыккандан кийин тынчтык издеп, кургак жерлерди кыдырат. Таппай койгондон кийин, ал: “Кайсы үйдөн чыксам, ошол үйүмө кайтып барайын”, – дейт.

25Кайтып келгенде, үйдүн шыпырылып, жыйналганын көрөт.

26Ошондо ал барып, өзүнөн да ашынган жети жинди ээрчитип келип, үйгө кирип жашай баштайт. Ошондо ал адамдын кийинки абалы мурункусунан да жаман болот».

27Ыйса бул сөздөрдү айтып жатканда, эл арасынан бир аял үнүн бийик чыгарып, Ага: «Сени курсагына көтөргөн, Сени эмизген эне бактылуу!» – деди.

28Ыйса болсо ага: «Кудай сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» – деди.

29Эл чогула баштаганда, Ыйса сүйлөй баштады: «Ушул муун – жаман муун. Бул муун жышаан талап кылып жатат, бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт.

30Анткени Нинеби эли үчүн Жунус пайгамбар жышаан болгондой, Адам Уулу да ушул муун үчүн жышаан болот.

31Түштүктүк падыша аял сот күнүндө ушул муундун кишилери менен бирге тирилип, аларды айыптайт. Анткени ал Сулаймандын накыл сөздөрүн угуш үчүн, алыс жерден келген. Бирок бул жерде Сулаймандан чоң Бирөө бар.

32Нинебиликтер да сот күнүндө ушул муун менен бирге тирилип, аны айыптайт. Анткени алар Жунустун насаат сөзүн угуп, тобо кылышкан. Бирок бул жерде Жунустан чоң Бирөө бар.

33Чыракты күйгүзүп туруп, көрүнбөс жерге, көмкөрүлгөн идиштин астына койбойт. Тескерисинче, үйгө киргендерге жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт.

34Дененин чырагы – көз. Эгерде көзүң таза болсо, анда бүт денең жарык болот. Эгерде жаман болсо, анда денең караңгы болот.

35Ошондуктан карагын: сенин ичиңдеги жарык караңгы эмеспи?

36Эгерде денеңдин эч бир жеринде караңгылык болбой, бардык жери жарык болсо, анда чырактын жарыгы сага жарык берген сыяктуу, бүт денең жарык болот».

37Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, бир фарисей Аны үйүнө түшкү тамакка чакырды. Ал келип, дасторконго отурду.

38Ыйсанын тамак алдында кол жуу салтын аткарбаганын көрүп, фарисей таң калды.

39Бирок Теңир ага мындай деди: «Силер, фарисейлер, табак менен чөйчөктүн сыртын тазалайсыңар. Ал эми ичиңер талап-тоноочулук менен арамдыкка толгон.

40Эй, акылсыздар, сыртын Ким жаратса, ичин да Ошол жараткан эмеспи?!

41Андан көрө ичиңерде эмне болсо, ошону кайыр берген сыяктуу берип салгыла, ошондо силердин бардык нерсеңер таза болот.

42Бирок силерге кайгы, фарисейлер! Анткени жалбыздан, адырашмандан жана ар кандай жемиштерден ондук бергениңер менен, Кудайдын соту менен сүйүүсүнө кош көңүлсүңөр. Муну аткарыш керек, бирок тигини да калтырбаш керек эле.

43Фарисейлер, силерге кайгы! Анткени синагогалардын алдыңкы орундарында отурууну, эл жыйылган жерлерде алик алууну жакшы көрөсүңөр.

44Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени силер билинбей калган мүрзөлөргө окшошсуңар. Адамдар алардын мүрзө экенин билбей, үстүнөн басып жүрүшөт».

45Ошондо мыйзам окутуучулардын бири Ыйсага: «Устат, муну айтуу менен, Сен бизди да таарынтып жатасың», – деди.

46Бирок Ал мындай деди: «Мыйзам окутуучулар, силерге да кайгы. Силер адамдарга көтөрө алгыс оор жүктөрдү жүктөйсүңөр, өзүңөр болсо колуңардын учун да тийгизип койбойсуңар.

47Силерге кайгы, анткени ата-бабаларыңар өлтүргөн пайгамбарларга күмбөз тургузуп жатасыңар!

48Ушул аркылуу силер ата-бабаларыңардын иштерин колдогонуңарды күбөлөндүрүп, аларга кошулуп жатасыңар. Анткени алар пайгамбарларды өлтүрүштү, силер болсо аларга күмбөз тургузуп жатасыңар.

49Ошондуктан Кудай Өзүнүн акылмандуулугу менен мындай деп айткан: “Мен аларга пайгамбарлар менен элчилерди жиберем, алардын айрымдарын өлтүрүшөт, айрымдарын кубалашат”.

50Бардык пайгамбарлардын дүйнө жаратылгандан бери төгүлгөн каны,

51Абылдын канынан баштап, курмандык чалынуучу жай менен ийбадаткананын ортосунда өлтүрүлгөн Захариянын канына чейин ушул муундан суралат. Ооба, силерге айтып коёюн, ушул муундан суралат.

52Мыйзам окутуучулар, силерге кайгы! Анткени силер билимдин ачкычын алгансыңар, бирок ачып кирген жоксуңар, кире тургандарга да тоскоолдук кылдыңар».

53Ыйса ушул сөздөрдү айтып, ошол жерден чыкканда, мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Аны кысымга алып, дагы көптөгөн суроолорго жооп берүүгө мажбурлашты.

54Ыйсаны айыпташ үчүн, Анын сөздөрүнөн кынтык издешти.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>