1Ушул арада миңдеген киши жыйналып, кысылыша турушту. Ыйса адегенде Өзүнүн шакирттерине сүйлөй баштады: «Фарисейлердин ачыткысынан, атап айтканда, эки жүздүүлүгүнөн сак болгула!
2Ачылбай кала турган жашыруун нерсе болбойт, билинбей кала турган сыр болбойт.
3Ошондуктан караңгыда айтканыңар жарыкта угулат. Үйдүн ичинде кулакка шыбырап айтканыңар үйдүн төбөсүндө жарыяланат.
4Досторум, силерге айтарым: денени өлтүрүп, андан кийин эч нерсе кыла албай тургандардан коркпогула.
5Бирок силерге кимден коркушуңар керектигин айтайын: өлтүргөндөн кийин оттуу көлгө түшүрө ала турган Кудайдан корккула! Ооба, силерге айтарым, Ошондон корккула.
6Беш таранчы эки ассарийге эле сатылат эмеспи. Ошондой болсо да Кудай алардын бирин да унутпайт.
7Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар.
8Силерге айтып коёюн, ким Мени адамдардын алдында ачык тааныса, Адам Уулу да аны Кудайдын периштелеринин алдында ачык тааныйт.
9Ал эми ким адамдардын алдында Менден баш тартса, Кудайдын периштелеринин алдында Мен да андан баш тартам.
10Ким Адам Уулуна каршы сөз айтса, анын бул күнөөсү кечирилет. Ал эми ким Ыйык Рухка акарат келтирсе, анын бул күнөөсү кечирилбейт.
11Силерди синагогаларга, башчыларга, бийликтегилерге алып барышканда, “Кантип жооп беребиз?”, “Эмне деп жооп беребиз?”, “Эмнени айтабыз?” – деп тынчсызданбагыла.
12Анткени Ыйык Рух силерге эмнени айтуу керектигин ошол учурда үйрөтөт».
13Ошондо эл ичинен бирөө Ыйсадан: «Устат, агама айтчы, ал мурасты мени менен бөлүшсүн», – деп суранды.
14Ыйса ага: «Эй, адам! Ким Мени силерге сот же мурас бөлүштүрүүчү кылып койду эле?» – деди.
15Андан кийин аларга: «Байкагыла, дүнүйөкордуктан сак болгула! Анткени адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес», – деди.
16Анан аларга үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөдү: «Бир бай адам талаасынан мол түшүм алат.
17Ошондо ал минтип ойлонот: “Түшүмүмдү жыя турган жер жок. Эмне кылсам?
18Мындай кылайын: кампаларымды бузуп, чоңураак кылып салайын да, бүт түшүмүмдү жана бардык байлыгымды ошол жерге жыйнайын.
19Анан өзүмө: "Жаным, сенде көп жылдарга жете турган байлык бар. Эс ал, ичипже, көңүл ач", – деп айтайын”, – дейт.
20Бирок Кудай ага: “Акылсыз, ушул түнү жаның алынат. Ошондо сенин жыйып койгондоруң кимге калат?” – деп айтат.
21Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот».
22Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ошондуктан силерге айтып коёюн, “Эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүктөнбөгүлө.
23Анткени тамакка караганда жан, кийимге караганда дене артык.
24Каргаларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт. Алардын сактай турган жери, кампасы да жок, бирок Кудай аларды азыктандырат. Силер канаттуулардан канча эсе артыксыңар.
25Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?
26Демек, эгерде арзыбаган нерсени жасай албасаңар, анда башка нерселер жөнүндө эмнеге түйшүктөнөсүңөр?
27Лилия гүлдөрүнүн кандай өсүп турганын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок силерге айтып коёюн, атак-даңктуу Сулайман падыша да булардын бириндей кийинген эмес.
28Эгерде Кудай бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү ушундай кийиндирсе, анда силерди андан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!
29Ошондуктан силер: “Эмне жейбиз же эмне ичебиз?” – деп ойлонуп, тынчсызданбагыла.
30Бул дүйнөнүн адамдары ушунун баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин бул нерселерге муктаж экениңерди Атаңар билет.
31Кудайдын Падышачылыгын бардыгынан көбүрөөк издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет.
32Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет.
33Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр сыяктуу таратып бергиле. Өзүңөргө эскирбес капчык жасагыла, кемибес кенчти ууру жолобос, күбө жебес жерде, асманда жыйнагыла.
34Анткени байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот.
35Силердин белиңер курчалуу, чырагыңар күйгүзүлүү болсун.
36Өзүңөр да эшикти кагары менен ачып берүү үчүн, “Үйлөнүү тойдон качан келет?” – деп, кожоюнун күткөн адамдарга окшош болгула.
37Кожоюну келгенде, уктабай отурган кулдар бактылуу. Силерге чындыкты айтып коёюн, ал белин курчап алып, кулдарын дасторконго отургузат да, жакын келип, аларга кызмат кылат.
38Кожоюн экинчи күзөт убагында же үчүнчү күзөт убагында келгенде, уктабай отурган кулдар бактылуу.
39Үй ээси уурунун кайсы убакта келерин билсе, сак болуп, ууруга үйүнүн түбүн каздыртмак эместигин билесиңер.
40Силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон убакта келет».
41Ошондо Петир Андан: «Теңир, бул үлгү-насаат аңгемени бизге эле айтып жатасыңбы же бардыгынабы?» – деп сурады.
42Теңир мындай деди: «Кулдардын тамагын өз убагында, ченеми менен берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акыл-эстүү башчы ким?
43Кожоюну келгенде, ошондой кылып жаткан кул бактылуу.
44Силерге чындыкты айтып коёюн, ал ага өзүнүн бүт мал-мүлкүн башкартып коёт.
45Эгерде жанагы кул өз ичинен: “Менин кожоюнум жакында келбейт”, – деп, кулдар менен күңдөрдү уруп, өзү ичип-жеп, мас боло баштаса,
46анда ал күтпөгөн күнү, ойлобогон убакта кожоюну келет да, аны бөлө чаап, ишенимсиздерге тиешелүү жаза менен жазалайт.
47Кожоюнунун каалоосун билип туруп, даяр болбогон жана анын каалоосу боюнча иштебеген кул көп таяк жейт.
48Ал эми билбей туруп, жазага татыктуу иш кылган кул аз таяк жейт. Кимге көп берилсе, андан көп талап кылынат; кимге көп ишенип тапшырылса, андан көп суралат.
49Мен жер бетине от түшүрүү үчүн келдим. Оттун азыр эле тутанышын Мен ушунчалык каалар элем.
50Мен бир чөмүлүү менен чөмүлдүрүлүшүм керек. Анын аткарылышын күтүп, Мен ушунчалык кыйналып жатам.
51Силер Мени дүйнө жүзүнө тынчтык берүү үчүн келди деп ойлойсуңарбы? Жок, силерге айтып коёюн, бөлүү үчүн келгем.
52Анткени мындан ары мындай болот: бир үйдө беш киши болсо, бөлүнүп, үчөө экөөнө, экөө үчөөнө каршы чыгат.
53Атасы баласына, баласы атасына, энеси кызына, кызы энесине, кайненеси келинине, келини кайненесине каршы чыгат».
54Ыйса элге да мындай деди: «Силер батыштан булут көтөрүлгөнүн көргөнүңөрдө, дароо: “Жамгыр жаайт”, – деп айтасыңар, анан дал ошондой болот.
55Түштүктөн шамал соккондо: “Күн ысык болот”, – деп айтасыңар, анан дал ошондой болот.
56Эй, эки жүздүүлөр! Жер менен асманды карап, аба ырайын аныктай аласыңар да, ошол убакыттын белгилерин эмнеге аныктай албайсыңар?
57Эмне үчүн силер эмне туура экенин өзүңөр айырмалап биле албайсыңар?
58Сен каршылашың менен башчыга бара жатканда, жолдо эле андан кутулууга аракет кыл. Болбосо каршылашың сени сотко алып барат, сот күзөтчүгө тапшырат, күзөтчү сени түрмөгө камап салат.
59Сага айтып коёюн, акыркы тыйыныңды да төлөп бермейинче, ал жактан чыкпайсың».