1Ошол учурда Ыйсага бир нече адам келип, Пилат өлтүрткөн галилеялыктар тууралуу кабарлады. Алардын каны өздөрүнүн курмандыктарынын каны менен аралашып калган эле.
2Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер бул галилеялыктарды башка бардык галилеялыктарга караганда көбүрөөк күнөөлүү болушкандыктан, ушундай азап тартышты деп ойлоп жатасыңарбы?
3Силерге айтып коёюн, андай эмес. Эгерде тобо кылбасаңар, бардыгыңар ошолорго окшоп өлөсүңөр.
4Силоомдогу мунара кулаганда, астында калган он сегиз киши Иерусалимдин башка бардык тургундарына караганда көбүрөөк айыптуу болушкан деп ойлойсуңарбы?
5Силерге айтып коёюн, андай эмес. Эгерде тобо кылбасаңар, бардыгыңар ошолорго окшоп өлөсүңөр».
6Анан Ыйса бул үлгү-насаат аңгемени айтты: «Бир кишинин жүзүм багында анжыр дарагы болот. Ал келип, андан мөмө издеп, таппай коёт.
7Ошондо ал жүзүмчүгө: “Мен үч жылдан бери келип, ушул анжыр дарактан мөмө издеп, таба алган жокмун. Аны кыйып ташта, бекер эле жерди ээлеп турат”, – дейт.
8Бирок жүзүмчү мындай деп жооп берет: “Кожоюн, быйылча аны коё тур. Мен анын тегерегин казып, кык төгөйүн.
9Мүмкүн, ал кийинки жылы мөмө берер. Эгерде бербесе, кыйдырып саласың”».
10Ишемби күнү Ыйса синагогалардын биринде элди окутуп жаткан.
11Ошол жерде он сегиз жылдан бери ичиндеги жиндин таасири менен ооруп жүргөн аял бар эле. Ал бүкүр болчу, боюн түзөй алчу эмес.
12Ыйса аны көрүп, жанына чакырып: «Аял, сен ооруңдан кутулдуң!» – деди да, колун анын үстүнө койду.
13Ал ошол замат түзөлүп, Кудайды даңктай баштады.
14Синагога башчысы Ыйсанын ишемби күнү аялды айыктырганына кыжырданып, элге: «Иш кылууга алты күн бар го, айыгууга ишемби күнү эмес, ошол күндөрү келгиле», – деди.
15Ошондо Теңир ага мындай деп жооп берди: «Эки жүздүүлөр, ишемби күнү эч кимиңер акырга байланып турган өгүзүңөрдү же эшегиңерди чечип, сугарууга жетелеп барбайсыңарбы?
16Шайтан он сегиз жылдан бери байлап жүргөн Ыбрайымдын ушул кызын ишемби күнү байлоодон бошотууга болбойбу?!»
17Ыйса ушинтип айтканда, Ага каршы болгондордун баары уялып калышты. Бүт эл Анын жасап жаткан бардык улуу иштерине кубанды.
18Анан Ыйса мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгы эмнеге окшош? Аны эмнеге окшоштурсам болот?
19Ал сары кычы данына окшош. Бир адам аны өз бакчасына септи. Ал өсүп чыгып, чоң дарак болду, ошондо анын бутактарына канаттуу куштар уялашты».
20Ыйса дагы мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгын эмнеге окшоштурсам болот?
21Ал камыр ачыткыга окшош. Бир аял камыр ачытыш үчүн, аны алып, үч ченем унга кошот».
22Ыйса шаарлар менен айыл-кыштактарды аралап, элди окутуп, Иерусалимди карай бара жатты.
23Бирөө Андан: «Теңир, чын эле куткарыла тургандар аз болобу?» – деп сурады. Ошондо Ыйса аларга мындай деди:
24«Тар эшиктен кирүүгө аракеттенгиле. Силерге айтып коёюн, көптөр кирүүгө аракеттенишет, бирок кире алышпайт.
25Үй ээси туруп, эшикти бекиткенден кийин, силер сыртта туруп алып, эшикти каккылай баштайсыңар да: “Теңир! Теңир, эшикти ач”, – деп айтасыңар. Бирок Ал силерге: “Силердин ким экениңерди, кайдан экениңерди билбейм”, – деп жооп берет.
26Ошондо силер: “Биз Сени менен эле чогуу тамактанып жүрчүбүз, Сен биздин көчөлөрүбүздө окутчусуң”, – деп айта баштайсыңар.
27Бирок Ал: “Силердин кайдан экениңерди билбейм. Эй, адилетсиздик кылуучулар, баарыңар Менин жанымдан кеткиле”, – деп айтат.
28Силер Ыбрайымды, Ыскакты, Жакыпты жана бардык пайгамбарларды Кудайдын Падышачылыгынан, ал эми өзүңөрдүн тышка куулуп чыкканыңарды көргөнүңөрдө, боздоп ыйлап, кыйналып тиш кычыратасыңар.
29Ошондо чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн адамдар келип, Кудайдын Падышачылыгындагы дасторконго отурушат.
30Ошентип, биринчилер акыркы, акыркылар биринчи болушат».
31Ошол учурда кээ бир фарисейлер Ыйсанын алдына келип: «Бул жерден кет, анткени Ирод Сени өлтүргүсү келип жатат», – дешти.
32Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер ал түлкүгө барып айткыла: “Мен бүгүн, эртең жиндерди кууп, оорулууларды айыктырып, үчүнчү күнү аяктайм.
33Бирок Мен бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү жол жүрүшүм керек. Анткени пайгамбардын Иерусалимден башка жерде өлүшүнө жол берилбейт”.
34Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүрүп, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң.
35Мына, үйүң ээн калат. Сага айтып коёюн, “Теңирдин атынан Келе Жатканга даңк!” деп айта турган убакыт келгенге чейин, Мени көрбөйсүң”».