Лука 15:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн баары Ыйсанын сөзүн угуш үчүн, Ага жакын келишти.

2Фарисейлер менен мыйзам окутуучулар болсо: «Ал күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен бирге тамактанат», – деп күңкүлдөштү.

3Ошондо Ыйса аларга төмөнкү үлгү-насаат аңгемени айтып берди:

4«Силердин араңардан жүз кою бар бир адамдын бир кою жоголуп кетсе, эмне, ал токсон тогузун талаага калтырып коюп, жоголуп кеткен бир коюн издебейби?

5Тапкандан кийин, кубанып, аны ийнине көтөрүп алып,

6үйүнө келет да, досторун, коңшуларын чакырып, аларга: “Жоголуп кеткен коюмду таптым, менин кубанычыма ортоктош болгула”, – дейт.

7Силерге айтып коёюн, ошол сыяктуу эле “Тобо кылууга муктаж эмеспиз” деген токсон тогуз “адил” адамга караганда, тобо кылган бир күнөөкөр үчүн асманда чоң кубаныч болот.

8Же он драхмасы бар бир аял бир драхмасын жоготуп алса, эмне, ал чырак күйгүзүп алып, үйүн шыпырып, аны тапмайынча тырышып издебейби?

9Тапкандан кийин, курдаштары менен коңшуларын чакырып, аларга: “Мен жоготкон драхмамды таптым, менин кубанычыма ортоктош болгула”, – дейт.

10Силерге айтып коёюн, ошол сыяктуу эле бир күнөөкөрдүн тобо кылганы үчүн да Кудайдын периштелери кубанышат».

11Ыйса дагы мындай деди: «Бир кишинин эки уулу бар экен.

12Алардын кенжеси атасына: “Ата, менин энчимди бер”, – дейт. Ошондо атасы балдарына мал-мүлкүн бөлүп берет.

13Көп өтпөй, кенже уулу энчисинин баарын алып, алыскы бир өлкөгө жөнөп кетет. Ал жактан ал жаман жолго түшүп, өзүнүн мал-мүлкүн ыгы жок ысырап кылат.

14Бардыгын түгөткөндөн кийин, ошол өлкөдө катуу ачарчылык болуп, ал муктаж боло баштайт.

15Ошондо ал ошол өлкөнүн бир адамына барып жабышып жалданат. Ал киши аны өзүнүн талаасына жиберип, чочколорун кайтартып коёт.

16Ал чочколор жеген жемиш менен курсагын тойгузганына ыраазы болмок, бирок ага аны да эч ким бербейт.

17Ошондо ал акылына келип: “Атамдын жалчыларынын баары тамакты тоё жешет, мен болсо бул жерде ачкадан өлгөнү жүрөм.

18Туруп, атама кайтып барайын да: "Ата! Мен асмандагы Кудайдын алдында жана сенин алдыңда күнөөгө баттым.

19Мындан ары сенин уулуңмун деп аталууга татыксызмын. Мени жалчы кылып ал дейин"”, – дейт.

20Ошентип, ал туруп, атасына жөнөйт. Атасы уулун алыстан эле көрүп, аяйт да, жүгүрүп барып, мойнунан кучактап өпкүлөйт.

21Ошондо уулу атасына: “Ата! Мен асмандагы Кудайдын алдында жана сенин алдыңда күнөөгө баттым. Мындан ары сенин уулуңмун деп аталууга татыксызмын”, – дейт.

22Атасы болсо кулдарына: “Тезинен эң жакшы кийим алып келип, ага кийгизгиле. Колуна шакек тагып, бутуна бут кийим бергиле.

23Анан борго байланган торпокту алып келип сойгула, ичип-жеп көңүл ачалы.

24Анткени менин бул уулум өлгөн эле – тирилди, жоголгон эле – табылды”, – дейт. Ошентип, алар тойлой башташат.

25Ошол учурда анын тун уулу талаада болот. Ал кайтып келе жатып, үйүнө жакындаганда, ырдап-бийлегендердин үндөрүн угат.

26Ошондо ал кулдардын бирин чакырып алып: “Эмне болуп жатат?” – деп сурайт.

27Кул ага: “Сенин иниң келди, атаң баласын аман-эсен көргөнү үчүн, борго байланган торпокту сойдуртту”, – дейт.

28Муну укканда, анын ачуусу келип, үйгө киргиси келбейт. Атасы сыртка чыгып, аны чакырат.

29Ошондо ал атасына: “Мен сага ушунча жылдан бери кызмат кылып келе жатам, эч качан буйругуңду бузган жокмун. Бирок сен мага досторум менен көңүл ачканга бир улак да берген эмессиң.

30Ал эми өзүнүн мал-мүлкүн бузулган аялдар менен ыгы жок ысырап кылган уулуң келсе, ага бордолгон торпок сойдуң”, – деп жооп берет.

31Атасы болсо ага: “Балам, сен ар дайым менин жанымдасың, менин бардык мал-мүлкүм сеники.

32Бул нерсеге болсо сүйүнүп, кубануу керек болчу. Анткени бул иниң өлүк эле – тирилди, жоголгон эле – табылды!” – дейт».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>