Лука 16:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса Өзүнүн шакирттерине да мындай деди: «Бир бай адамдын чарба иштерин башкаруучусу бар экен. Ага: “Сенин чарба иштериңди башкаруучу мал-мүлкүңдү ыксыз ысырап кылып жатат”, – деп айтып келишет.

2Ошондо бай аны чакырып алып: “Сен жөнүндө ар кандай сөз угуп жатам. Өзүңдүн башкаруу ишиң боюнча эсеп бер, анткени сен мындан ары чарба иштерин башкара албайсың!” – дейт.

3Башкаруучу ичинен: “Эми мен эмне кылам? Кожоюнум мени башкаруу ишинен бошотуп жатат. Жер каза албайм, кайыр сурагандан уялам.

4Бирок мен эмне кылууну таптым, башкаруу ишинен бошотулгандан кийин адамдар мени үйлөрүнө кабыл алышы үчүн, мен мындай кылам”, – деп ойлонот да,

5кожоюнуна карызы барлардын ар бирин өз-өзүнчө чакырып алып, алардын биринчисинен: “Сен кожоюнума канча карызсың?” – деп сурайт.

6Ал: “жүз ченем май карызмын”, – дейт. “Тил катыңды ал да, отура калып, элүү ченем деп жаза сал”, – дейт башкаруучу.

7Андан кийин ал башкасынан: “Сен канча карызсың?” – деп сурайт. Ал: “Жүз ченем буудай”, – деп жооп берет. Башкаруучу ага да: “Тил катыңды ал да, сексен деп жаз”, – дейт.

8Ошондо кожоюн ишенимсиз башкаруучусун акылдуулук менен иш кылганы үчүн мактаптыр. Бул дүйнөнүн адамдары өзү өңдүүлөр менен мамилелешкенде, жарыктын уулдарына караганда акылдуураак.

9Мен да силерге айтып коёюн, өтүп кете турган байлык менен өзүңөргө досторду күткүлө! Байлык жок болуп кеткенден кийин, силерди түбөлүк турак-жайларга кабыл алышсын.

10Аз нерседе ишенимдүү адам көп нерседе да ишенимдүү. Аз нерседе ишенимсиз адам көп нерседе да ишенимсиз.

11Эгерде силерге өтүп кете турган байлыкты ишенип тапшырууга болбосо, чыныгы байлыкты ким ишенип тапшырат?

12Эгерде силерге башкалардыкын ишенип тапшырууга болбосо, анда өзүңөрдүкүн ким берет?

13Эч бир кул эки мырзага кызмат кыла албайт: бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар!»

14Мунун бардыгын байлыкты сүйгөн фарисейлер да угуп, Ыйсаны мазактап күлүштү.

15Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер адамдардын алдында өзүңөрдү адил адам катары көрсөтөсүңөр, бирок Кудай силердин жүрөгүңөрдү билет, анткени адамдар жогору баалаган нерсе Кудайдын алдында жийиркеничтүү.

16“Тоорат” жана “Пайгамбарлар” китептери Жаканга чейин болгон. Ошол убакыттан бери Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабар жарыяланып келе жатат, бул Падышачылыкка ар бир адам күч жумшап кирет.

17Бирок мыйзамдын бир белгиси жоголгонго караганда, асман менен жер оңой жок болот.

18Аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот. Күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот.

19Бир бай адам болуптур. Ал кочкул кызыл кыл торкодон жана зыгыр буласынан кийим кийип, күн сайын укмуштуудай той өткөрчү экен.

20Анын дарбазасынын алдында бүт денесин жара баскан Лазар деген кайырчы жатчу.

21Ал бай жеген тамактын калдыгына зар болчу. Иттер келип, анын жараларын жалачу.

22Бир күнү ошол кайырчы өлүп, периштелер аны Ыбрайымдын кучагына алып барышат. Бай да өлүп, аны көргө коюшат.

23Өлгөндөр жаткан жайда кыйналып жаткан ошол бай адам башын көтөрүп, алыстан Ыбрайымды жана анын кучагындагы Лазарды көрөт.

24Ошондо ал болгон күчү менен: “Ыбрайым ата, мага ырайым кылып, Лазарды жиберчи, ал бармагынын учун сууга малып, тилимди сууласын, анткени мен бул жалындаган отто азап тартып жатам”, – деп кыйкырат.

25Бирок Ыбрайым ага: “Балам, сен өзүңдүн жакшы үлүшүңдү жашооңдо алганыңды, ал эми Лазар албаганын эстечи! Азыр болсо ал бул жерде сооронууда, ал эми сен азап чегүүдөсүң.

26Анын үстүнө, силер менен биздин ортобузда түпсүздүк бар. Бул жактан силерге, силер жактан бизге өтө алышпайт”, – дейт.

27Ошондо ал бай: “Ата, андай болсо, сенден суранам, Лазарды атамдын үйүнө жиберчи.

28Анткени менин беш бир тууганым бар. Алар да бул азаптуу жайга келбеши үчүн, Лазар барып күбөлөндүрсүн”, – деп өтүнөт.

29Ыбрайым ага: “Аларда Мусанын жана пайгамбарлардын китептери бар, ошолорду угушсун!” – десе, ал:

30“Жок, Ыбрайым ата! Эгерде өлгөндөрдөн бирөө барса, алар тобо кылышат”, – дейт.

31Ошондо Ыбрайым ага: “Эгерде Муса менен пайгамбарлардын айтканын угушпаса, анда алар өлгөндөрдөн бирөө тирилип барса да ишенишпейт”, – деп жооп берет».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>