1Ыйса Өзүнүн шакирттерине мындай деди: «Азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошол адамга кайгы.
2Ошондуктан ушул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамдын мойнуна тегирмен ташын илип, аны деңизге таштап жиберишсе, ал үчүн жакшы болмок.
3Өзүңөргө сак болгула. Эгерде бир тууганың сага каршы күнөө кылса, ага эскертүү бер. Эгерде кечирим сураса, аны кечир.
4Эгерде ал бир күндүн ичинде сага каршы жети жолу күнөө кылып, сага жети жолу келип: “Күнөөмдү мойнума алам”, – десе, аны кечир».
5Элчилер Теңирге: «Ишенимибизди арттыр», – дешти.
6Теңир аларга: «Эгерде силердин сары кычы данындай ишенимиңер болсо, бул тыт дарагына: “Тамырың менен суурулуп, деңиздин ичине отургузул”, – десеңер, ал силерди укмак», – деди.
7«Бирөөңөрдүн жер айдаган же мал кайтарган кулуңар бар дейли. Ошол кул талаадан келери менен кожоюну ага: “Тез келип, дасторконго отур”, – деп айтабы?
8Тескерисинче, ага: “Мага кечки тамакты даярда, мен тамактанып бүткөнчө, белиңди бууп, мага кызмат кыл, андан кийин өзүң тамактан”, – деп айтат да.
9Буйругун аткарганы үчүн, ал кулуна, эмне, алкыш айтабы? Айтат деп ойлобойм.
10Силер да ошолордой болуп, өзүңөргө тапшырылган ишти аткаргандан кийин: “Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз, аткарышыбыз керек болгон ишти гана аткардык”, – дегиле».
11Ыйса Иерусалимге бара жатканда, Самария менен Галилеяны бөлгөн чек ара аркылуу өттү.
12Ал бир айылга киргенде, Аны пес оорулуу он адам тосуп чыкты. Алар алысыраак токтоп:
13«Ыйса Устат, бизге ырайым кыла көр!» – деп кыйкырышты.
14Ыйса аларды көргөндө: «Ыйык кызмат кылуучуларга барып, өзүңөрдү көрсөткүлө», – деди. Алар жолдо бара жатышканда, пес оорудан айыгып, таза болуп калышты.
15Алардын бири өзүнүн айыкканын көрүп, катуу үн менен Кудайды даңктап, артына кайтып келди да,
16Ыйсанын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Ага ыраазычылык билдирди. Ал адам самариялык эле.
17Ошондо Ыйса мындай деди: «Он киши таза болуп калбады беле? Калган тогузу кана?
18Кудайды даңктоо үчүн, бул башка уруунун адамынан бөлөк эч ким кайтып келген жокпу?»
19Анан Ал ага: «Тур, бара бер. Сени ишенимиң куткарды», – деди.
20Фарисейлер Кудайдын Падышачылыгы качан келе тургандыгын сураганда, Ыйса мындай деп жооп берди: «Кудайдын Падышачылыгы көзгө көрүнбөй келет.
21“Мына, ал бул жерде” же “Тигине, ал тиги жерде”, – деп, эч ким айта албайт. Анткени Кудайдын Падышачылыгы силердин ичиңерде».
22Анан шакирттерине мындай деди: «Адам Уулунун күндөрүнүн бирин болсо да көрсөк деп эңсей турган күндөр келет, бирок көрбөйсүңөр.
23Силерге: “Мына, Ал бул жерде” же “Тигине, Ал тигил жерде”, – деп айтышат. Бирок барбагыла, аларды ээрчибегиле.
24Анткени асмандын бир четинен экинчи четине чейин чагылган кандай жаркыраса, Адам Уулу да Өзү келген күнү ошондой болот.
25Бирок алгач Ал көп азап чегип, бул муун аркылуу четке кагылууга тийиш.
26Адам Уулу келген убакта да Нух пайгамбардын убагындагыдай болот.
27Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, аял алышты, күйөөгө чыгышты. Анан топон суу каптап, бардыгы кырылып калды.
28Лоттун убагында да ошондой болду: адамдар ичип-жеп, соода-сатык жүргүзүп, жер иштетип, үй куруп өмүр сүрүп жатышты.
29Бирок Лот Содомдон чыккан күнү асмандан от менен күкүрт жаап, бардыгы кырылып калды.
30Адам Уулу келген күнү да ошондой болот.
31Ошол күнү ким үйдүн үстүндө болсо, ал үйдүн ичиндеги буюмдарын алыш үчүн түшпөсүн. Ким талаада жүрсө, ал артка кайрылбасын.
32Лоттун аялын эсиңерге түшүргүлө.
33Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ким өз жанынан ажыраса, ал тирилет.
34Силерге айтып коёюн, ошол түнү бир төшөктө жаткан эки кишинин бири алынат, бири калтырылат.
35Чогуу жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат.
36Талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат».
37Ошондо алар Ыйсадан: «Теңир, мунун баары кайсы жерде болот?» – деп сурашты. Ыйса аларга: «Өлүк кайсы жерде болсо, жору-кузгундар ошол жерге чогулат», – деп жооп берди.