Лука 18:1-43 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса шакирттерине дайыма сыйынуу жана чөкпөө жөнүндө мындай үлгү-насаат аңгеме айтып берди:

2«Бир шаарда Кудайдан коркпогон, адамдардан уялбаган сот болуптур.

3Ошол эле шаарда бир жесир аял бар экен. Аял сотко кайра-кайра келип: “Мени каршылашымдан корго”, – деп өтүнөт.

4Бирок сот көпкө чейин анын өтүнүчүн аткаргысы келбейт. Акыры ал өз ичинен: “Кудайдан коркпосом да, элден уялбасам да,

5бул жесир аял мага тынчтык бербегендиктен, аны коргоюн. Ал келе берип, мени тажатпасын”, – дейт».

6Анан Теңир мындай деди: «Адилетсиз соттун эмне дегенин уктуңарбы?

7Кудай Өзү тандап алган, Өзүнө күнү-түнү жалынган адамдарды коргобойбу? Создуктурса да, аларды коргойт.

8Силерге айтып коёюн, аларды тез эле коргоого алат. Бирок Адам Уулу келгенде, жер үстүнөн ишеним таба алар бекен?»

9Өздөрүн адил адам эсептеп, башкаларды басынткан кээ бир адамдарга да Ыйса мындай үлгү-насаат аңгеме айтты:

10«Эки адам сыйыныш үчүн, ийбадатканага кирет. Алардын бири фарисей, бири салык жыйноочу экен.

11Фарисей туруп алып, ичинен мындай деп сыйынат: “Кудайым! Сага ыраазымын, анткени мен башка адамдарга окшоп талап-тонобойм, жамандык кылбайм, ойноштук кылбайм жана мына бул салык жыйноочудай эмесмин!

12Мен жумасына эки жолу орозо кармайм, тапкан бардык кирешемдин ондон бир бөлүгүн берем”.

13Салык жыйноочу болсо алыс туруп алып, асманды кароого да батынбастан, көкүрөгүн койгулап: “Кудайым! Мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр!” – деп сыйынат.

14Силерге айтып коёюн, фарисейге караганда бул адам Кудай алдында көбүрөөк акталып, үйүнө кетти. Анткени өзүн өзү көтөргөн адам басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт».

15Колун тийгизип койсун деп, кээ бирөөлөр Ыйсага наристелерин алып келишти. Муну көргөн шакирттер аларга тыюу салышты.

16Бирок Ыйса наристелерди жанына чакырып, шакирттерине мындай деди: «Балдардын Мага келүүсүнө жол бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын Падышачылыгы ушундайлардыкы.

17Силерге чындыкты айтып коёюн, ким Кудайдын Падышачылыгын баладай кабыл албаса, ал ага кирбейт».

18Башчылардын бири Ыйсадан: «Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн эмне кылышым керек?» – деп сурады.

19Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсиң? Кудайдан башка эч ким жакшы эмес.

20“Ойноштук кылба”, “Киши өлтүрбө”, “Уурдаба”, “Бирөөгө жалаа жаппа”, “Ата-энеңди сыйла” деген мыйзамдарды билесиң да», – деди.

21«Булардын баарын мен жаш чагымдан бери сактап келем», – деди ал.

22Ыйса муну укканда, ага мындай деди: «Сага дагы бир нерсе жетишпейт: колуңда болгондун бардыгын сатып, жакырларга таратып бер, ошондо сенин асманда казынаң болот. Анан келип, Менин артымдан ээрчи».

23Муну укканда, башчынын көңүлү чөгө түштү, анткени ал өтө бай эле.

24Ыйса анын көңүлү чөгө түшкөнүн көрүп: «Байлардын Кудайдын Падышачылыгына кирүүсү кандай кыйын!

25Анткени бай адамдын Кудайдын Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, төөнүн ийненин көзүнөн өтүүсү оңоюраак», – деди.

26Муну уккандар: «Анда ким куткарылат?» – дешти.

27Ошондо Ыйса: «Бул адамдын колунан келбейт, бирок Кудайдын колунан келет», – деди.

28«Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз», – деди Петир.

29Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгы үчүн үй-жайын, же ата-энесин, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же аялын, же балдарын таштаган адам

30бул дүйнөдө алардан көп эсе алат жана келечекте түбөлүк өмүргө ээ болот».

31Ыйса он эки шакиртин четке чыгарып алып, аларга: «Мына, биз Иерусалимге бара жатабыз. Ал жерде пайгамбарлар аркылуу Адам Уулу жөнүндө жазылгандардын баары орундалат.

32Анткени Аны бутпарастардын колуна салып беришет, алар болсо Аны шылдыңдашат, кордошот, бетине түкүрүшөт,

33камчы менен сабашат, анан өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү тирилет», – деди.

34Шакирттер болсо бул сөздөрдүн эч бирин түшүнүшкөн жок. Бул сөздөрдүн мааниси алар үчүн купуя болгондуктан, айтылгандарды түшүнүшкөн жок.

35Ыйса Жерихо шаарына келе жатты. Жол боюнда бир сокур адам кайыр сурап отурган эле.

36Өзүнүн жанынан көп кишилердин өтүп бара жатканын уккан ал: «Эмне болуп жатат?» – деп сурады.

37Ага: «Назареттик Ыйса өтүп бара жатат», – деп жооп беришти.

38Ошондо сокур адам: «Ыйса, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр!» – деп кыйкырды.

39Алдыда келе жаткандар анын унчукпай калуусун талап кылышты. Бирок ал: «Дөөттүн Уулу, мага ырайым кылчы!» – деп, мурункудан да катуу кыйкырды.

40Ыйса токтоп, аны Өзүнө алып келүүнү буйруду. Сокур адам жакын келгенде, Ыйса андан:

41«Менин эмне кылышымды каалайсың?» – деп сурады. Ал Ага: «Теңир, менин көзүм көрсө экен», – деди.

42Ошондо Ыйса ага: «Көзүң көрсүн! Сени ишенимиң куткарды», – деди.

43Ошол замат анын көздөрү көрө баштады. Ал Кудайды даңктап, Ыйсаны ээрчип жөнөдү. Муну көргөн бүт эл да Кудайды даңктады.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>