Лука 19:1-48 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса Жерихо шаарына кирип, аны аралап бара жатты.

2Ал жерде салык жыйноочулардын башчысы, Закай деген бай киши бар эле.

3Ал Ыйсаны көргүсү келди. Бирок бою кыска болгондуктан, көпчүлүктүн арасынан Аны көрө албай койду.

4Ошондо ал Ыйсаны көрүү үчүн чуркап барып, Ал өтө турган жолдун боюндагы анжыр дарагына чыгып алды.

5Ыйса ошол жерге келгенде, жогору карап: «Закай, тезирээк түш! Мен бүгүн сенин үйүңдө болушум керек», – деди.

6Закай дарактан шашып түшүп, Аны үйүнө кубаныч менен кабыл алды.

7Муну көргөндөрдүн бардыгы: «Ал күнөөкөр адамдын үйүнө кирди», – деп күңкүлдөй башташты.

8Закай болсо ордунан туруп, Ыйсага: «Теңир, мен мал-мүлкүмдүн жарымын жакырларга таратып берем. Эгерде кимдир бирөөнү алдап, акысын жеген болсом, төрт эсе кайтарып берем», – деди.

9Ошондо Ыйса: «Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди, анткени бул адам да Ыбрайымдын урпагы.

10Анткени Адам Уулу жоголгонду издеп таап куткаруу үчүн келген», – деди.

11Угуп отургандарга Ыйса үлгү-насаат аңгеме да айтты. Анткени Ыйса Иерусалимге жакындап калгандыктан, алар: «Жакында Кудайдын Падышачылыгы келет», – деп ойлоп жатышкан.

12Ошондуктан Ал муну айтып берди: «Бир ак сөөк адам падышачылыкка дайындалып келүү үчүн, алыскы бир өлкөгө жөнөмөкчү болот.

13Ал өзүнүн он кулун чакырып алып, аларга он мина берип: “Мен кайтып келгенче, бул акчаны айландыргыла”, – дейт.

14Жердештери болсо аны жек көргөндүктөн, артынан элчилерди жиберип: “Анын бизге падыша болушун каалабайбыз”, – деп айттырышат.

15Бирок ал падышачылыкка дайындалып, кайтып келет. Берип кеткен күмүшү менен ким канча пайда тапканын билүү үчүн, ал кулдарын чакыртат.

16Ошондо биринчиси келип: “Кожоюн, сенин минаң менен он мина пайда таптым”, – дейт.

17Падыша ага: “Жарайсың, жакшы кул! Аз нерсеге ишенимдүү болгондугуң үчүн, он шаарга башкаруучу болосуң”, – дейт.

18Экинчиси келип: “Кожоюн, сенин минаң менен беш мина пайда таптым”, – дейт.

19Падыша ага да: “Сен да беш шаарга башкаруучу болосуң”, – дейт.

20Үчүнчүсү келип: “Кожоюн, сенин минаң мына! Мен аны жоолукка ороп катып жүрдүм.

21Мен сенден корктум, анткени сен койбогонуңду алып, экпегениңди оргон катаал адамсың”, – дейт.

22Падыша ага: “Эй, арамза кул, мен сени өзүңдүн оозуңдан чыккан сөзүң менен соттоймун. Сен менин койбогонумду алып, экпегенимди оргон катаал адам экенимди билип туруп,

23эмне үчүн менин күмүшүмдү айландырган жоксуң? Мен кайтып келгенде, кирешеси менен албайт белем?” – дейт да,

24жанында тургандарга: “Андан минаны алып, он минасы барга бергиле”, – дейт.

25Алар болсо ага: “Кожоюн, анын он минасы бар да!” – дешет.

26Ошондо падыша мындай дейт: “Силерге айтып коёюн, кимде бар болсо, ага дагы берилет. Ал эми кимде жок болсо, анын болгон нерсеси да тартылып алынат.

27Менин падыша болуумду каалабаган душмандарымды болсо, бул жерге алып келип, менин көз алдымда өлтүргүлө”».

28Ушуну айткандан кийин, Ыйса Иерусалимди көздөй жолун улантты.

29Ал Зайтун тоосунун боорундагы Бейтфагия менен Бетания айылдарына жакындаганда, Өзүнүн эки шакиртин мындай деп жөнөттү:

30«Маңдайыңардагы айылга баргыла. Айылга киргенде, эч бир адам мине элек, байлануу турган кодикти табасыңар. Аны чечип, Мага алып келгиле.

31Эгерде бирөө силерден: “Кодикти эмнеге чечип жатасыңар?” – деп сураса, “Бул Теңирге керек”, – дегиле».

32Жөнөтүлгөндөр барышты, баары Ыйса айткандай болду.

33Алар кодикти чечип жатышканда, анын ээси: «Кодикти эмнеге чечип жатасыңар?» – деп сурады.

34Алар болсо: «Бул Теңирге керек», – деп жооп беришти.

35Шакирттер кодикти Ыйсага алып келишти да, анын үстүнө өздөрүнүн кийимдерин салып, Ыйсаны мингизишти.

36Ал кодик минип бара жатканда, адамдар өздөрүнүн кийимдерин жолго төшөп жатышты.

37Ыйса Зайтун тоосунан түшө турган жерге жакындаганда, Анын бардык шакирттери өздөрү көргөн кереметтери үчүн кубанып, катуу үн менен Кудайды даңкташты:

38«Теңирдин атынан келе жаткан Падышага даңк! Асманда тынчтык болсун! Эң бийик жердегиге даңк!»

39Ошондо эл арасынан айрым фарисейлер Ага: «Устат, шакирттериңди тый», – дешти.

40Ыйса болсо аларга: «Силерге айтып коёюн, эгерде булар унчукпаса, анда таштар кыйкырышат», – деп жооп берди.

41Ыйса Иерусалим шаарына жакындаганда, шаарды карап алып, ал үчүн ыйлап, мындай деди:

42«Сенде тынчтык болуш үчүн эмне керек экенин, жок дегенде, бүгүн билсең кана! Бирок ал азыр сен үчүн жашыруун.

43Сенин башыңа оор күндөр келет: душмандарың тегерегиңе аң казып, курчап алышат да, сени ар тараптан кысымга алышат.

44Сени талкалашат, балдарыңды өлтүрүшөт, таш үстүнө таш калтырышпайт, анткени сен өзүңдүн куткарылуу убагың келгенин билген жоксуң».

45Анан Ыйса ийбадатканага кирип: «Ыйык Жазууда: “Менин үйүм – сыйынуу үйү”, – деп жазылган.

46Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып алдыңар», – деп, андагы сатуучулар менен сатып алуучуларды кууп чыгара баштады.

47Ал күн сайын ийбадатканада элди окутту. Башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана эл аксакалдары болсо Аны өлтүрүүнүн жолун издешти.

48Бирок ыңгайын таба алышпады, анткени элдин баары Анын сөзүнө кулак салып, жанынан кетишчү эмес.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>