1Ошол күндөрдө Рим императору Август «Бүт өлкөдө эл каттоо болсун» деген буйрук чыгарды.
2Бул Кибрений Сирияны башкарып турган убакта болгон биринчи эл каттоо эле.
3Ошондо каттоодон өтүш үчүн, ар ким өз шаарына барды.
4Жусуп да Галилеядагы Назарет шаарынан Жүйүт аймагына, Дөөттүн шаары Бейт-Лехемге жөнөдү. Анткени ал Дөөт падышанын тукумунан эле.
5Ал өзү менен убадалашып койгон кош бойлуу аялы Мариям менен бирге каттоодон өтмөкчү болду.
6Алар Бейт-Лехемге келишкенде, Мариямдын төрөр маалы келип,
7тун Уулун төрөдү. Аны ороп, сарайдагы акырга жаткырды, анткени мейманканада аларга орун жок болчу.
8Ошол жерде түнкүсүн талаада түнөп малын кайтарган койчулар бар эле.
9Күтүлбөгөн жерден аларга Теңирдин периштеси көрүнүп, Теңирдин даңкы жаркырады. Койчулар аябай коркуп кетишти.
10Периште аларга: «Коркпогула! Мен силерге бардык адамдарды сүйүнтө турган чоң кубанычты жарыялайм.
11Бүгүн Дөөттүн шаарында силер үчүн Куткаруучу төрөлдү. Ал – Машайак Теңир.
12Силер аны бул белги боюнча билесиңер: жалаякка оролуп, акырда жаткан Наристени көрөсүңөр», – деди.
13Күтүлбөгөн жерден периште менен бирге асман аскерлеринин тобу көрүнүп:
14«Асмандагы Кудайга даңк! Жер үстүндө, Кудайга жаккан адамдар арасында тынчтык болсун», – деп, Кудайды даңкташты.
15Периштелер асманга көтөрүлүп кеткенден кийин, койчулар бири-бирине: «Жүргүлө, Бейт-Лехемге баралы да, ал жерде эмне болгонун, Теңирдин бизге эмне жөнүндө жарыялаганын көрөлү», – дешти.
16Алар шашылыш түрдө келишип, Мариям менен Жусупту, акырда жаткан Наристени көрүштү.
17Аларды көрүшкөндөн кийин, бул Наристе жөнүндө уккандарын айтып беришти.
18Ошондо угуп тургандардын бардыгы койчулардын сөздөрүнө таң калышты.
19Мариям болсо бул сөздөрдүн бардыгын көңүлүнө түйүп, эсине сактады.
20Койчулар көргөндөрүнүн, уккандарынын баары периштенин айтканындай болгону үчүн Кудайды даңктап, мактап, кайра кайтышты.
21Сегиз күн болгондо, Наристени сүннөткө отургузууга мезгил жеткенде, Анын ысымын Ыйса деп коюшту. Бул ысым Наристе бойго бүтө электе эле, периште тарабынан коюлган эле.
22Мусанын мыйзамы боюнча алардын тазалануу убагы бүткөндөн кийин, алар Ыйсаны Теңирдин алдына алып баруу үчүн, Иерусалимге алып келишти.
23Анткени Теңирдин мыйзамында: «Сүннөткө отургузулган ар бир тун эркек бала Теңирге арналсын», – деп жазылган.
24Алар Теңирдин мыйзамы боюнча эки бактек же эки жаш көгүчкөндү курмандыкка чалуулары керек эле.
25Ошол убакта Иерусалимде Шымыйон деген адам жашачу. Ал Ысрайыл элинин сооронор мезгилин күтүп жүргөн, Кудайдан корккон, Ыйык Рухтун жетеги менен жашаган адил адам эле.
26Ага Ыйык Рух тарабынан: «Теңирдин Машайагын көрмөйүнчө, өлбөйсүң», – деп алдын ала айтылган эле.
27Ал Ыйык Рухтун жетеги менен ийбадатканага келди. Мыйзамды аткаруу үчүн, ата-энеси Наристе Ыйсаны ийбадатканага алып келишкенде,
28Шымыйон Аны колуна алып, Кудайды даңктап, мындай деди:
29«Эгедер Теңирим, эми Өз сөзүң боюнча Өз кулуңду тынчтык менен коё бересиң.
30Анткени мен Сенин бардык элдердин алдында даярдаган куткарууңду,
31бутпарастардын көзүн ача турган жарыкты,
32Ысрайыл элиңдин даңкын көрдүм».
33Наристе жөнүндө айтылган сөздөргө Жусуп да, Мариям да таң калды.
34Анан Шымыйон аларга батасын берип, Наристенин энеси Мариямга: «Бул Наристе Ысрайыл жеринде көптөрдүн жыгылуусунун жана көптөрдүн жогору көтөрүлүүсүнүн, талаш-тартыштын себепкери болот. Көптөрдүн жүрөктөгү ойлору ачылат.
35Ал эми сенин жүрөгүң тилингендей болот», – деди.
36Ошол жерде Ашыр уруусунан чыккан Пануел кызы Анна деген карыган пайгамбар аял бар эле. Ал күйөөсү менен жети жыл гана жашаган.
37Сексен төрт жаштагы бул жесир аял орозо кармап, сыйынып, Кудайга күнү-түнү кызмат кылып, ийбадатканадан кетчү эмес.
38Ошол учурда ал да келип, Теңирди даңктап, Иерусалимдин эркиндикке чыгуусун күтүп жүргөндөрдүн бардыгына Ал жөнүндө айтып берди.
39Алар Теңирдин мыйзамында көрсөтүлгөндүн бардыгын аткарышкандан кийин, Галилеядагы өздөрүнүн Назарет шаарына кайтып келишти.
40Бала акылга толуп, руху бекемделип, чоңоё берди. Кудай Ага батасын берип жатты.
41Жыл сайын Ыйсанын ата-энеси Иерусалимге Пасах майрамына барышчу.
42Ыйса он эки жашка чыкканда да, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамга барышты.
43Майрам күндөрү аяктап, үйлөрүнө кайтышканда, өспүрүм Ыйса Иерусалимде калып калды. Муну Жусуп да, Анын энеси да байкаган жок.
44Аны башкалар менен келе жатат деп ойлошту. Бир күн жол жүрүшкөндөн кийин, алар Аны туугандарынын жана тааныштарынын арасынан издей башташты.
45Таппай коюшкандан кийин, Аны издеп, кайра Иерусалимге келишти.
46Үч күндөн кийин Аны ийбадатканадан, устаттардын ортосунда сөз угуп, суроо берип отурган жеринен табышты.
47Угуп отургандардын бардыгы Анын акылына жана берген жоопторуна таң калышты.
48Ата-энеси Аны көрүп, таң калды. Энеси Ага: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сарсанаа болуп, Сени издеп жүрөбүз», – деди.
49Ыйса аларга:
50Бирок алар айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнүшкөн жок.
51Анан Ыйса ата-энеси менен Назаретке келди. Ал ата-энесине тил алчаак болду. Энеси болсо бул сөздөрдүн баарын көкүрөгүнө түйүп жүрдү.
52Ыйса жетилип, акыл-эске толду. Ал Кудайдын да, адамдардын да сүймөнчүгү болду.