Лука 21:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса курмандыктар салына турган кутуга өздөрүнүн Кудайга деген тартууларын салып жаткан бай адамдарды көрдү.

2Ага эки лепта салып жаткан жарды жесир аялды да көрүп, мындай деди:

3«Силерге чындыкты айтып коёюн, мына бул жарды жесир аял бардыгынан көп салды.

4Анткени башкалардын баары өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды».

5Бирөөлөр ийбадаткананын кымбат таштар менен, тартуулар менен кооздолгондугу жөнүндө сөз кылып жатышканда, Ыйса мындай деди:

6«Силер бул жерде көрүп тургандын баары кыйрап, таш үстүндө таш калбай турган күндөр келет».

7Ошондо алар Ыйсадан: «Устат, бул качан болот? Булардын ишке аша тургандыгын кандай белги аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.

8Ал мындай деди: «Силерди бирөө адаштырып кетпеши үчүн сак болгула. Анткени: “Машайак Менмин” жана “Аз убакыт калды”, – деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келишет. Алардын артынан ээрчибегиле.

9Согуштар жана дүрбөлөңдөр тууралуу укканыңарда, коркпогула. Анткени алгач ушундай болушу керек. Бирок бул дүйнөнүн акыры эмес».

10Андан кийин аларга мындай деди: «Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы көтөрүлөт.

11Жер-жерлерде катуу жер титирөөлөр, ачкачылык, жугуштуу оорулар, коркунучтуу көрүнүштөр жана асмандан чоң жышаандар болот.

12Бирок адегенде силерге кол салышат. Силерди куугунтукташат, синагогадагылардын колуна салып беришет, түрмөлөргө камашат. Менин ысымым үчүн падышалардын жана башкаруучулардын алдына алып барышат.

13Мен жөнүндө күбөлөндүрүшүңөр үчүн ушундай болот.

14Ошондуктан эмне деп жооп берүү жөнүндө алдын ала ойлонбоо керектигин көкүрөгүңөргө түйүп алгыла.

15Анткени силерге каршы чыккандар каршы тура албагыдай, каршы сүйлөй албагыдай сөз менен акылмандыкты Мен берем.

16Силерди ата-энеңер, бир туугандарыңар, тууган-уругуңар жана досторуңар кармап беришет жана кээ бирөөңөрдү өлтүрүшөт.

17Менин ысымым үчүн бардыгына жек көрүндү болосуңар.

18Бирок башыңардан бир тал чачыңар да жоголбойт.

19Чыдамдуулук менен жаныңарды сактап кала аласыңар.

20Иерусалимди аскерлер курчап алганын көрсөңөр, анда анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле.

21Ошондо Жүйүт аймагында жашагандар тоого качып кетишсин. Шаардагылар шаардан чыгып кетишсин; шаардын сыртындагылар шаарга киришпесин.

22Анткени ошол күндөр – Кудайдын элди жазалай турган күндөрү. Ыйык Жазууда жазылгандардын баары орундалат.

23Ошол күндөрдө кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот. Анткени жер үстүндө чоң алаамат болуп, бул элдин башына Кудайдын каары түшөт.

24Алар өткүр кылычтан кырылышат, бардык бутпарас элдердин арасына туткундалып кетишет. Бутпарастардын заманы бүткөнчө, Иерусалим алардын таман астында калат.

25Күндө, айда, жылдыздарда алаамат жышаандары пайда болот, жер үстүндө болсо адамдар деңиздин күүлдөгөнүнөн, толкуганынан дүрбөлөңгө түшүп, эмне кыларын билбей калышат.

26Асман күчтөрү кыймылдап калгандыктан, ааламга келе жаткан алааматты күтүп, адамдар коркунучтан эстен танышат.

27Ошондо Адам Уулунун булут ичинде улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт.

28Бул окуялар боло баштаганда, өйдө туруп, башыңарды көтөргүлө, анткени силердин куткарыла турган күнүңөр жакындайт».

29Анан аларга бул салыштырууну айтып берди: «Анжыр дарагын жана бардык бак-дарактарды карагыла.

30Алардын жалбырагы чыгып калганын көргөнүңөрдө, жай мезгили келерине аз калганын билесиңер.

31Ошол сыяктуу эле ушулар болуп жатканын көргөнүңөрдө, Кудайдын Падышачылыгы жакын калганын билгиле.

32Силерге чындыкты айтып коёюн, ушунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.

33Асман менен жер жок болуп кетсе да, Менин сөздөрүм аткарылбай калбайт.

34Өзүңөргө сак болгула, оюңардын баары эле ашыра тоюу, мас болуу, турмуштук түйшүктөр болуп калбасын. Ал күн силер күтпөгөн убакта келип калбасын.

35Анткени ал күн жер үстүндө жашоочулардын баарын тор сыяктуу басып калат.

36Ошондуктан сергек болгула, боло турган алааматтардын баарынан качып кутула алыш үчүн жана Адам Уулунун алдына келип туруш үчүн, дайыма сыйынгыла!»

37Ыйса күндүзгү убакытты ийбадатканада элди окутуп, ал эми түнкү убакытты шаардан чыгып, Зайтун тоосунда өткөрүп жүрдү.

38Элдин баары Анын сөзүн угуу үчүн, ийбадатканага таң атары менен келишчү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>