Лука 22:1-71 KYB2004 - Bible AI

1«Пасах» деп аталган Ачыткысыз нан майрамы жакындап калган эле.

2Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйсаны өлтүрүүнүн жолун издешти, бирок элден коркушту.

3Ошондо он эки шакирттин бири – Искариот деген ысым коюлган Жүйүттүн ичине шайтан кирди.

4Ал барып, Ыйсаны кантип кармап берери жөнүндө башкы ыйык кызмат кылуучулар жана ийбадаткананын күзөт башчылары менен сүйлөштү.

5Алар кубанып, ага акча берүүгө макул болушту.

6Ошентип, Жүйүт аларга убада берди да, Ыйсаны эл жок жерде кармап берүү үчүн, ыңгайлуу учурду күтүп жүрдү.

7Пасах козусу союла турган Ачыткысыз нан майрамы келди.

8Ошондо Ыйса: «Барып, бизге Пасах тамагын даярдагыла», – деп, Петир менен Жаканды жөнөттү.

9Алар Ыйсадан: «Кайсы жерде даярдообузду каалайсың?» – деп сурашты.

10Ыйса аларга: «Шаарга кирсеңер, кумура менен суу көтөрүп бара жаткан адамга жолугасыңар. Анын артынан ээрчип, ал кирген үйгө киргиле да, ошол үйдүн ээсине:

11“"Шакирттерим менен Пасах тамагын жей турган бөлмө кайсы?" – деп, сенден Устатыбыз суратып жатат”, – дегиле.

12Ошондо ал силерге төшөнчүлөр төшөлгөн, үстүнкү кабаттагы чоң бөлмөнү көрсөтөт, тамакты ошол жерге даярдагыла», – деди.

13Алар барышты, баары Ыйса айткандай болду. Ошентип, алар Пасах тамагын даярдашты.

14Тамак жей турган убак болгондо, Ыйса он эки элчиси менен дасторконго отурду.

15Ошондо Ыйса аларга: «Азап тартарымдын алдында Мен ушул Пасах тамагын силер менен бирге жегенди аябай каалаган элем.

16Анткени силерге айтып коёюн, Пасах тамагын Кудайдын Падышачылыгында жей турган убакыт келгенге чейин, мындан ары Мен аны силер менен жебейм», – деди.

17Анан Ал чөйчөктү колуна алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга: «Муну алып, өз ара бөлүшүп ичкиле.

18Анткени Кудайдын Падышачылыгы келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесин ичпейм», – деди.

19Анан нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Аны сындырып, шакирттерине берип жатып: «Бул нан – силер үчүн бериле турган Менин Денем. Муну Мени эскерүү үчүн жегиле», – деди.

20Кечки тамактан кийин чөйчөктү да алып, мындай деди: «Бул чөйчөк – силер үчүн төгүлө турган Менин каным менен бекитиле турган жаңы келишим.

21Бирок мына, Мага чыккынчылык кыла турган адам Мени менен бирге дасторконго кол узатып жатат.

22Анткени Адам Уулу алдын ала белгиленген жол менен бара жатат. Бирок Ал ким аркылуу кармалып берилсе, ошол адамга кайгы».

23Ошондо элчилер: «Биздин арабыздан ким чыккынчылык кылат болду экен?» – деп, бири-биринен сурай башташты.

24Шакирттер өз ара: «Кимибиз чоңбуз?» – деп да талаша кетишти.

25Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Элдерге падышалар үстөмдүк кылышат, элдердин үстүнөн бийлик жүргүзүүчүлөр “Жакшылык кылуучулар” деп аталышат.

26Силер болсо андай болбогула. Тескерисинче, араңарда ким улуу болсо, ал кичүүдөй болсун; ким башчы болсо, ал кызматчыдай болсун.

27Анткени кимиси чоң: дасторкондо отурган адамбы же кызмат кылган адамбы? Албетте, дасторкондо отурган адам чоң. Мен болсо силердин араңарда кызмат кылган адам сыяктуумун.

28Силер болсо башыма кыйынчылык келген учурларда Мени менен бирге болдуңар.

29Атам Мага бийлик бергендей эле, Мен да силерге бийлик берем.

30Менин Падышачылыгымда Менин дасторконумдан ичип-жейсиңер, тактыларга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар».

31Анан Ыйса Теңир Петирге: «Шымон, Шымон! Шайтан силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү суранды.

32Бирок ишенимин жоготпосун деп, Мен сен үчүн сыйындым. Кайра кайрылганыңдан кийин, бир туугандарыңдын ишенимин бекемде», – деди.

33Петир болсо Ага: «Теңир, мен Сени менен түрмөгө отурууга да, өлүүгө да даярмын», – деди.

34Бирок Ыйса ага: «Петир, сага айтып коёюн, ушул түнү короз кыйкырганга чейин, сен Мени билбейм деп, үч жолу танасың», – деди.

35Анан Ыйса аларга: «Мен силерди капчыксыз, баштыксыз, бут кийимсиз жөнөткөнүмдө, бир нерсеге муктаж болдуңар беле?» – деди. Алар: «Жок, эч нерсеге муктаж болгон эмеспиз», – деп жооп беришти.

36Ошондо Ыйса аларга: «Бирок азыр кимдин капчыгы болсо, ал аны да, баштыгын да алсын. Ал эми кимдин кылычы жок болсо, ал өзүнүн кийимин сатып, кылыч сатып алсын.

37Силерге айтып коёюн, “Ал кылмышкер катары эсептелди” деген пайгамбарчылык Менин жашоомдо аткарылышы керек. Анткени Ыйык Жазууда Мен жөнүндө эмне жазылса, ошонун бардыгы аткарылып бүтүп калды», – деди.

38Алар Ага: «Теңир, мына, бул жерде эки кылыч бар», – дешти. Ыйса аларга: «Жетет», – деди.

39Ыйса тышка чыгып, адатынча Зайтун тоосуна жөнөдү. Шакирттери Анын артынан ээрчишти.

40Ошол жерге келгенден кийин, Ыйса аларга: «Азгырылып кетпеш үчүн сыйынгыла», – деди.

41Өзү нарыраак, таш ыргытса жетчүдөй жерге барып, чөгөлөп отуруп, мындай деп сыйынды:

42«Ата, эгерде Сенин эркиңе туура келсе, ушул чөйчөктү Менин жанымдан кыя өткөрүп жиберчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун!»

43Ошондо асмандан бир периште келип, Ага күч берди.

44Кыйналып жатканында, Ал бүт күчү менен сыйынды. Анын тери кандын тамчысына окшоп жерге таамп жатты.

45Ыйса сыйынып бүтүп, ордунан тургандан кийин, шакирттеринин жанына келди. Кайгыга баткан алар уктап калышкан эле.

46Ошондо аларга: «Эмне уктап жатасыңар? Азгырылып кетпеш үчүн сыйынгыла», – деди.

47Ыйса сүйлөп жатканда, он эки элчинин бири Жүйүт баштаган топ адам келди. Жүйүт Ыйсанын бетинен өбүү үчүн, жакын келди. Анткени ал: «Мен кимди өпсөм, Ал – Ошол», – деп, алар менен сүйлөшүп койгон эле.

48Ыйса андан: «Жүйүт, сен Адам Уулун өөп туруп салып бересиңби?» – деп сурады.

49Иштин жайын түшүнгөн Ыйсанын жанындагылар: «Теңир, кылыч менен чаап салалыбы?» – дешти.

50Алардын бирөөсү башкы ыйык кызмат кылуучунун бир кулунун оң кулагын шылый чапты.

51Ыйса болсо: «Токтоткула, жетишет!» – деди да, кулдун кулагына колун тийгизип, аны айыктырып койду.

52Анан Ыйса Өзүн кармаганы келген башкы ыйык кызмат кылуучуларга, ийбадаткананын күзөт башчыларына жана аксакалдарга: «Каракчыны кармачудай болуп, Мени кармаш үчүн кылыч, союл алып чыктыңарбы?

53Силер менен күн сайын ийбадатканада болгонумда, Мага каршы кол көтөргөн жок элеңер. Бирок азыр силердин убагыңар, караңгылык бийлик кылган убак», – деди.

54Алар Ыйсаны туткундап алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун үйүнө алып барышты. Петир болсо аларды алысыраак жерде ээрчип бара жатты.

55Алар короонун ортосуна от жагып, отту тегеректеп отурушканда, Петир да алардын арасына барып отурду.

56Бир күң оттун жанында отурган Петирди көрүп, тигиле карады да: «Бул да Аны менен жүрчү», – деди.

57Бирок Петир: «Эй, аял, мен Аны тааныбайм», – деп танып койду.

58Бир аздан кийин ошол жердегилердин дагы бири аны көрүп: «Сен да ошолордонсуң», – деди. Бирок Петир ага: «Жок, мен алардан эмесмин», – деди.

59Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин, дагы бир адам: «Чын эле, бул да Аны менен жүрчү, анткени бул галилеялык», – деп, көшөрө далилдей баштады.

60Бирок Петир: «Эй, сенин эмне деп жатканыңды түшүнбөй турам», – деди. Ошол замат, ал ушинтип сүйлөп жатканда, короз кыйкырды.

61Ошондо Ыйса Теңир бурулуп, Петирди карады. Петир Теңирдин «Ушул түнү короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың» деген сөзүн эстеп,

62сыртка чыгып, өксөп ыйлады.

63Ыйсаны кармап келген адамдар Аны шылдыңдап сабашты.

64Анын көзүн таңып коюшуп, жаакка чапкылап: «Кана, пайгамбарчылык кылчы! Сени ким чапты?» – деп сурап жатышты.

65Алар Аны дагы көптөгөн жаман сөздөр менен тилдешти.

66Эртеси эртең менен эл аксакалдары, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулар чогулуп, Аны өздөрүнүн жогорку сотуна алып барышты да, Андан:

67«Кана, айтчы бизге, Сен Машайаксыңбы?» – деп сурашты. Ыйса болсо аларга: «Айтсам, баары бир ишенбейсиңер;

68сурасам, баары бир жооп бербейсиңер.

69Мындан кийин Адам Уулу кудуреттүү Кудайдын оң жагына отурат», – деди.

70Ошондо бардыгы Ага: «Демек, Сен Кудайдын Уулу экенсиң да?!» – дешти. Ыйса аларга: «Менин Ошол экенимди өзүңөр айтып жатасыңар», – деп жооп берди.

71Ошондо алар: «Бизге дагы кандай далил керек? Анткени биз Анын Өз оозунан укпадыкпы!» – дешти.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>