Лука 23:1-56 KYB2004 - Bible AI

1Чогулгандардын бардыгы орундарынан туруп, Ыйсаны Пилатка алып барышты да,

2мындай деп айыптай башташты: «Биз бул Адамдын элибизди бузуп жатканын көрдүк. Падышага салык төлөөгө тыюу салып, Өзүн “Машайак, Падышамын” деп жүрөт».

3Ошондо Пилат Ыйсадан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады. Ыйса ага: «Өзүң айтып жатасың», – деп жооп берди.

4Пилат башкы ыйык кызмат кылуучуларга, чогулган элге: «Мен бул Адамдан эч кандай күнөө тапкан жокмун», – деди.

5Бирок алар айткандарынан кайтышпай: «Бул Галилеядан баштап ушул жерге чейин, бүт Жүйүт аймагында Өзүнүн окутуусун таратып, элге дүрбөлөң түшүрүп жүрөт», – дешти.

6Пилат муну укканда: «Эмне, бул Адам галилеялыкпы?» – деп сурады.

7Ыйсанын Ирод башкарган аймактан экенин билгенде, Пилат Аны Иродго жөнөттү. Анткени ошол күндөрү Ирод Иерусалимде жүргөн эле.

8Ирод Ыйсаны көргөндө, аябай кубанып кетти, анткени Ал тууралуу көп уккандыктан, кандайдыр бир керемет көрүүгө үмүттөнүп, Аны көптөн бери көргүсү келип жүргөн.

9Ал Ыйсага көп суроо берди. Бирок Ыйса ага эч кандай жооп берген жок.

10Ал жерде турган башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Аны аябай айыпташты.

11Ирод болсо өзүнүн аскерлери менен Аны кордоп, мазактады да, Ага жылтылдаган кийим кийгизип, кайра Пилатка жөнөтүп жиберди.

12Буга чейин бири-бири менен касташып жүргөн Ирод менен Пилат ушул күнү дос болуп калышты.

13Пилат болсо башкы ыйык кызмат кылуучуларды, башчыларды жана элди чакыртып алып, аларга мындай деди:

14«Силер бул Адамды мага элди бузуучу катары алып келгенсиңер. Бирок мен силердин алдыңарда тергөө жүргүзүп, Андан силер койгон айыптардын эч бирин тапкан жокмун.

15Мен Аны Иродго жибергем, бирок ал да Андан күнөө таппай, Аны кайра бизге жөнөтүп жибериптир. Демек, Ал өлүм жазасына татырлык эч бир күнөө жасаган эмес.

16Ошондуктан Аны жазалап туруп, коё берем».

17Пилат майрамга карата бир туткунду бошотуп бериши керек эле.

18Бирок чогулган элдин баары: «Ага өлүм! Бизге Бараббаны бошотуп бер!» – деп кыйкырышты.

19Барабба болсо шаарда болгон бир козголоңго катышып киши өлтүргөндүктөн, түрмөгө камалган эле.

20Пилат кайрадан элге кайрылып, Ыйсаны бошоткусу келгенин айтты.

21Бирок алар: «Аны айкаш жыгачка када, айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты.

22Пилат үчүнчү жолу аларга: «Ал кандай жаман иш кылды? Мен Андан өлүм жазасына татырлык эч кандай күнөө тапкан жокмун. Ошондуктан Аны жазалап туруп, коё берем», – деди.

23Бирок алар болгон үндөрү менен: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырып, талап кыла беришти. Алар улам күчөп кыйкыра беришкендиктен,

24Пилат алардын талабын орундатууну чечти.

25Ошентип, ал козголоңго катышып жана киши өлтүрүп түрмөдө жаткан кишини элдин суранычы боюнча бошотту, Ыйсаны болсо алардын эркине тапшырды.

26Аскерлер Ыйсаны алып бара жатышканда, талаадан келе жаткан Шымон деген киренеялык кишини кармап алышты да, ага айкаш жыгачты көтөртүп, Ыйсанын артынан ээрчитип коюшту.

27Ыйсанын артынан өтө көп эл ээрчип бара жатты. Алардын арасында Ал үчүн боздоп ыйлаган аялдар бар эле.

28Ыйса аларга бурулуп, мындай деди: «Иерусалимдик кыздар, Мен үчүн ыйлабагыла, өзүңөр үчүн, балдарыңар үчүн ыйлагыла.

29Анткени: “Тукумсуз, бала төрөбөгөн, эмчек эмизбеген аялдар бактылуу”, – деп айтыла турган күндөр келет.

30Ошондо тоолорго: “Биздин үстүбүзгө кулагыла”, дөбөлөргө болсо: “Бизди басып калгыла”, – деп айта башташат.

31Жашыл даракка ушундай кылышса, анда куураган дарак эмне болот?»

32Ыйса менен бирге эки кылмышкерди да өлтүргөнү алып бара жатышты.

33Алар «Баш сөөгү» деген жерге келишкенде, Ыйсаны жана эки кылмышкерди айкаш жыгачка кадап коюшту. Бирин Анын оң жагына, бирин сол жагына кадашты.

34Ыйса болсо: «Ата, буларды кечире көр! Анткени эмне кылып жатышканын билишпейт», – деди. Аскерлер өкчөмө таш ыргытып, Анын кийимдерин бөлүп алышты.

35Эл ошол жерде карап турду. Башкаруучулар болсо: «Ал башкаларды куткарды. Эгерде Ал Кудай тандаган Машайак болсо, анда Өзүн куткарсын», – деп шылдыңдашты.

36Аскерлер Ыйсанын жанына келип, Ага ачуу ичимдик сунуп:

37«Эгерде Сен жүйүттөрдүн Падышасы болсоң, анда Өзүңдү куткар», – деп шылдыңдашты.

38Ыйсанын баш жагына грек, латын жана эврей тилдеринде «Бул – жүйүттөрдүн Падышасы» деп жазылган тактайчаны илип коюшту.

39Айкаш жыгачка кадалган эки кылмышкердин бири: «Эгерде Машайак болсоң, анда Өзүңдү да, бизди да куткар!» – деп, Ага тил тийгизди.

40Экинчиси болсо аны тыйып: «Кудайдан коркпойсуңбу, өзүң деле ушул жазага тартылбадыңбы.

41Бизге го туура өкүм чыгарышты, анткени биз кылган иштерибизге жараша жазабызды алып жатабыз. Бул болсо эч кандай жаман иш жасаган жок да», – деди.

42Анан ал Ыйсага: «Ыйса! Өзүңдүн Падышачылыгыңа барганда, мени эстей көр», – деди.

43Ыйса ага: «Мен сага чындыкты айтып коёюн, бүгүн сен Мени менен бейиште болосуң», – деди.

44Болжол менен түшкү алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин күн көрүнбөй, бүт жерди караңгылык каптап турду.

45Ийбадатканадагы көшөгө дал ортосунан айрылып калды.

46Ыйса үнүн катуу чыгарып: «Ата, жанымды Сенин колуңа тапшырамын!» – деди. Ушинтип айткандан кийин, Ал жан берди.

47Муну көргөн жүз башы: «Бул чын эле адил Адам болчу», – деп, Кудайды даңктады.

48Муну көрүүгө чогулган эл болгон окуяны көргөндөн кийин, өкүнүү менен тарай баштады.

49Ыйсаны тааныгандардын бардыгы жана Аны Галилеядан ээрчип келген аялдар алыстан бул окуяны карап турушту.

50Ал жерде жүйүттөрдүн Ариматая шаарынан ак ниет, адил, Кудайдын Падышачылыгын күтүп жүргөн Жусуп деген адам бар эле. Ал кеңештин мүчөсү болчу.

51Бирок ал кеңештин Ыйсаны өлтүрүү үчүн чыгарган чечимине жана кылган иштерине макул болгон эмес.

52Ал Пилатка барып, Ыйсанын сөөгүн сурады.

53Анан ал сөөктү түшүрүп алып, кепиндеди да, асканын бооруна оюлуп жасалган, али эч ким коюла элек мүрзөгө койду.

54Жума күнү аяктап, ишемби күнгө таяп калган эле.

55Ыйса менен Галилеядан келген аялдар да Жусупту ээрчип келишип, мүрзөнү жана Анын сөөгү кандай коюлганын көрүштү.

56Анан алар шаарга кайтып барышып, жыпар жыттуу заттарды жана майлоочу майларды даярдашты. Мыйзамдын талабына ылайык алар ишемби күнү эс алышты.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>