1Жуманын биринчи күнү аялдар өздөрү даярдаган жыпар жыттуу майларды алып, таң заардан мүрзөгө келишти.
2Алар мүрзөнүн оозундагы таштын четке жылдырылып калганын көрүштү,
3ичине кирип, Теңир Ыйсанын сөөгүн таппай калышты.
4Алар буга таң калып турушканда, күтүлбөгөн жерден алардын алдына жаркыраган кийимчен эки адам туруп калды.
5Аялдар коркуп кетип, жер карап калышканда, алар: «Эмнеге өлүктөрдүн арасынан Тирүүнү издеп жүрөсүңөр?
6Ал бул жерде жок, Ал тирилди! Анын Галилеяда жүргөндө силерге айткан сөздөрүн эстегилечи.
7
8Ошондо аялдар Ыйсанын сөздөрүн эстешти.
9Алар мүрзөдөн кайтып келишип, мунун баарын он бир шакиртке жана башкаларга кабарлашты.
10Муну элчилерге айткандар магдалалык Мариям, Жахана, Жакыптын энеси Мариям жана алардын жанында жүргөн башка аялдар эле.
11Элчилер аялдарга ишенишкен жок, бул сөздөр аларга куру сөздөй сезилди.
12Бирок Петир ордунан тура калып, мүрзөгө чуркап келди да, эңкейип карап, жерде жаткан кепинди гана көрдү. Ал болгон окуяга таң калып, артына кайтты.
13Так ошол күнү эки шакирт Иерусалимден болжол менен алтымыш стадий алыстыкта жайгашкан Эмаус деген бир айылга жөнөдү.
14Алар жолдо ушул окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышканда,
15Ыйса жакын келип, аларга кошулду.
16Бирок алардын көздөрү жабылып калгандыктан, Аны таанышкан жок.
17Ыйса алардан:
18Алардын бири Клеопа Ага: «Ушул күндөрү Иерусалимде болуп өткөн окуяны жалгыз эле сен билбейт окшойсуң», – деди.
19Ыйса алардан:
20Биздин башкы ыйык кызмат кылуучуларыбыз, башкаруучуларыбыз Аны өлүм жазасына тартыш үчүн кармап берип, айкаш жыгачка кадатып салышты.
21Бул окуянын болгонуна үч күн болду. Биз болсо: “Ал Ысрайыл элин куткарат”, – деп үмүттөнүп жүргөнбүз.
22Бирок арабызда жүргөн кээ бир аялдар бизди аябай таң калтырышты. Алар таң заардан мүрзөгө барып,
23Анын сөөгүн таппай калышыптыр. Кайтып келишкенде, Анын тирүү экендигин айткан периштелерди көрүшкөндүгүн айтышты.
24Биздин арабыздан кээ бирөөлөр мүрзөгө барышса, аялдардын айтканындай болуп чыгыптыр. Бирок алар Ыйсанын Өзүн көрүшпөптүр».
25Ошондо Ыйса аларга:
26
27Анан аларга «Тоорат», «Пайгамбарлар» жана «Жазмалар» китептеринде Өзү тууралуу айтылгандардын баарын түшүндүрүп берди.
28Алар өздөрү бара жаткан айылга жакын келип калышканда, Ыйса аларга андан ары жолун улантчудай түр көрсөттү.
29Бирок алар: «Биз менен кал, күн да батайын деп калды», – деп, Аны калууга аргасыз кылышты. Ыйса алар менен бирге айылга кирди.
30Алар менен чогуу дасторконго отурганда, Ал колуна нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга сындырып берди.
31Ошондо алардын көздөрү ачылып, Аны тааный коюшту. Бирок Ыйса аларга көрүнбөй калды.
32Алар бири-бирине: «Ал жолдо бизге сүйлөп келе жатканда, бизге Ыйык Жазууну түшүндүрүп берип жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле?» – дешти да,
33ошол замат орундарынан туруп, Иерусалимге кайтып келишти. Ал жерден алар чогулган он бир элчиге жана алардын жанындагыларга жолугушту.
34Алар: «Теңир чын эле тирилиптир, Ал Шымонго көрүнүптүр», – деп сүйлөшүп жатышкан эле.
35Бул эки шакирт болсо аларга жолдо болгон окуяны, Аны нан сындырып жатканда гана таанышкандыгын айтып беришти.
36Алар ушул жөнүндө сүйлөшүп жатышканда, Ыйса Өзү алардын ортосуна туруп калды да, аларга:
37Катуу коркуп кеткен алар: «Элес көрүп жатабыз го», – деп ойлошту.
38Бирок Ыйса аларга:
39
40аларга колу-бутун көрсөттү.
41Алар бир чети кубанып, бир чети таң калып, көргөн көздөрүнө ишене албай турушканда, Ыйса алардан:
42Ошондо алар Ага бир кесим куурулган балык беришти.
43Ыйса аны алып, шакирттеринин көзүнчө жеди.
44Андан кийин Ыйса аларга мындай деди:
45Ошондон кийин Ыйык Жазууну түшүнүшү үчүн, Ыйса алардын акылын ачты.
46Анан аларга мындай деди:
47
48
49
50Анан аларды шаардан чыгарып, Бетанияга жакын жерге ээрчитип келди да, колун жогору көтөрүп, аларга бата берди.
51Бата бергенден кийин, алардан бөлүнүп, асманга көтөрүлүп кетти.
52Ошондо алар Ага таазим кылышты да, зор кубаныч менен Иерусалимге кайтып келишти.
53Дайыма ийбадатканада болуп, Кудайды даңктап жүрүштү.