Лука 3:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Рим падышасы Тиберийдин падышачылыгынын он бешинчи жылы эле. Жүйүт аймагында Понтий Пилат, Галилеяда Ирод Антипас, Итурея жана Трахонит аймактарына Ироддун бир тууганы Филип, Абиленеяда Лусаний акимчилик кылып,

2Анас менен Кайапа башкы ыйык кызмат кылуучу болуп турганда, ээн талаада Захариянын уулу Жаканга Кудайдан сөз айтылды.

3Ошондон кийин Жакан Иордан дарыясынын боюндагы бүт аймактарды кыдырып, адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн, тобо кылуу чөмүлдүрүүсүн жар сала баштады.

4Бул жөнүндө Ышайа пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган: «Теңирге жол даярдагыла, Ал үчүн жолду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган адамдын үнү угулат.

5Ойдуңдун баары толтурулсун, тоолор менен дөңдөрдүн баары текшиленсин, ийри-буйру жерлер түздөлсүн, өңгүл-дөңгүл жолдор тегизделсин.

6Ошондо ар бир адам Кудайдын куткаруусун көрөт».

7Жакан сууга чөмүлдүрүлүү үчүн келген элге: «Жылан тукумдары! Келечек каардан качып кутулууну силерге ким үйрөттү?

8Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө! “Биздин атабыз – Ыбрайым”, – деп ойлобой эле койгула. Анткени силерге айтып коёюн, Кудай Ыбрайымга ушул таштардан да балдарды жаратып бере алат.

9Балта дарактардын тамырынын жанына коюлган. Демек, жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат», – деди.

10Ошондо эл Жакандан: «Анда эмне кылышыбыз керек?» – деп сурады.

11Ал элге: «Кимдин эки кийими бар болсо, бирин кийими жокко берсин. Кимдин тамак-ашы болсо, ал да ушундай кылсын», – деп жооп берди.

12Салык жыйноочулар да сууга чөмүлдүрүлүү үчүн келип, андан: «Устат, биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты.

13Жакан аларга: «Силерге белгиленгенден ашык талап кылбагыла», – деп жооп берди.

14Аскерлер да андан: «Бизчи, биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Ошондо Жакан аларга: «Эч кимге кысым көрсөтпөгүлө, бирөөгө жалаа жаппагыла, өзүңөрдүн маянаңарга ыраазы болгула», – деп жооп берди.

15Куткаруучуну күтүп жүргөн эл Жакан жөнүндө: «Бул Машайак эмеспи?» – деп ойлошту.

16Жакан элдин бардыгына мындай деп жооп берди: «Мен силерди сууга чөмүлдүрөм, бирок менден Күчтүү келет, мен Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.

17Анын күрөгү Өз колунда, Ал Өзүнүн кырманын тазалап, буудайды кампасына жыйнайт, ал эми саманды өчпөс отко салат».

18Жакан элге дагы көп нерселер жөнүндө насаат айтып, Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү.

19Ал башкаруучу Иродду ашкере кылды. Анткени Ирод өзүнүн бир тууганынын аялы Иродияны алып, дагы көптөгөн жаман иштерди жасаган эле.

20Анысы аз келгенсип, ал Жаканды түрмөгө каматып койду.

21Бардык эл сууга чөмүлдүрүлүп жатканда, Ыйса да чөмүлдүрүлдү. Ал сыйынып жатканда, асман ачылып,

22Ыйык Рух дене түрүндө, көгүчкөн сыяктуу Анын үстүнө түштү. Анан асмандан «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын!» деген үн угулду.

23Ыйса Өзүнүн кызматын баштаганда, отуз жаштын тегерегинде эле. Адамдардын ою боюнча Ал – Жусуптун, Эйлинин,

24Мататтын, Лебинин, Мелхинин, Жанайдын, Жусуптун,

25Мататиянын, Амостун, Накумдун, Эслинин, Нагайдын,

26Мааттын, Мататиянын, Шемейдин, Жусуптун, Жүйүттүн,

27Жаханандын, Ресанын, Зоробабылдын, Шалтиелдин, Неринин,

28Мелхинин, Адынын, Косамдын, Элмадамдын, Эрдин,

29Жосенин, Элиезердин, Жоримдин, Мататтын, Лебинин,

30Шымыйондун, Жүйүттүн, Жусуптун, Жонамдын, Элийакимдин,

31Мелеянын, Менанын, Мататанын, Натандын, Дөөттүн,

32Жышайдын, Обейттин, Бууздун, Салмондун, Нахшондун,

33Аминадаптын, Рамдын, Хесрондун, Перестин, Жүйүттүн,

34Жакыптын, Ыскактын, Ыбрайымдын, Терахтын, Нахордун,

35Серуктун, Рейунун, Пелектин, Эйбердин, Шелахтын,

36Кайнандын, Арпакшаттын, Шемдин, Нухтун, Лемектин,

37Матушалдын, Энохтун, Жареттин, Маалалелдин, Кайнандын,

38Эноштун, Шеттин, Адамдын, Кудайдын Уулу.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>