Лука 4:1-44 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса Ыйык Рухка толуп, Иордандан кайтып келгенден кийин, Рух тарабынан чөлгө алынып барылды.

2Ошол жерде Ал кырк күн шайтан тарабынан сыналды. Ошол күндөрү Ал эч нерсе жеген жок. Акырында, Ал ачка болду.

3Ошондо шайтан Ага: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул ташка буйру, ал нанга айлансын», – деди.

4Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ыйык Жазууда: “Адам нан менен гана эмес, Кудайдын ар бир сөзү менен жашайт”, – деп жазылып турат».

5Ошондо шайтан Аны бийик тоого чыгарып, көз ирмемде Ага дүйнөнүн бүт падышачылыктарын көрсөтүп:

6«Сага ушул падышачылыктардын баарынын үстүнөн болгон бийликти жана алардын атак-даңкын берем. Анткени ал мага берилген, мен аны кимге кааласам, ошого берем.

7Ошондуктан, эгерде Сен мага таазим кылсаң, баары Сеники болот», – деди.

8Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Ыйык Жазууда: “Кудай-Теңириңе табын, Ага гана кызмат кыл”, – деп жазылып турат», – деп жооп берди.

9Ошондо шайтан Аны Иерусалимге алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда ушул жерден боюңду таштап жибер.

10Анткени Ыйык Жазууда: “Ал Өз периштелерине Сени сактоону буйруйт.

11Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет”, – деп жазылып турат».

12Ыйса ага: «“Кудай-Теңириңди сынаба”, – деп айтылган», – деп жооп берди.

13Шайтан Ыйсаны сынап бүткөндөн кийин, убактылуу Анын жанынан кетип калды.

14Ыйса Ыйык Рухтун күчүнө толуп, Галилеяга кайтып келди. Ал жөнүндө бардык аймактарга кабар тарап жатты.

15Ал синагогаларда элди окута баштады. Аны бардыгы мактап жатышты.

16Ыйса Өзү чоңойгон Назарет шаарына келип, адатынча ишемби күнү синагогага кирди. Ал Кудайдын китебинен окуп берүү үчүн ордунан турганда,

17Ага Ышайа пайгамбардын китебин сунушту. Ал китепти ачып, мындай деп жазылган жерин таап окуду:

18«Теңирдин Руху Менде, анткени Ал Мени жакырларга Жакшы Кабар таратууга дайындады. Мени жүрөгү жаралууларды айыктырууга, туткундарга боштондук жарыялоого, сокурлардын көзүн ачууга, кыйналгандарды эркиндикке чыгарууга,

19Теңирдин ырайым кылуу жылын жарыя кылууга жиберди».

20Анан Ыйса китепти жаап, кызматчыга кайтарып берип, ордуна отурду. Синагогадагылардын бардыгынын көздөрү Ага тигилди.

21Ошондо Ыйса аларга: «Силер уккан ушул пайгамбарчылык бүгүн орундалды», – деди.

22Бардыгы Аны кубатташты. Анын оозунан чыккан керемет сөздөрүнө таң калып: «Бул Жусуптун эле баласы эмеспи?» – дешти.

23Ыйса аларга мындай деди: «Силер Мага “Дарыгер, өзүңдү айыктыр!” деген макалды айтарыңар анык. “Капернаумда кылгандарыңды уктук. Ошол кылгандарыңды бул жерде, Өз мекениңде да кылчы”, – дээрсиңер».

24Анан Ыйса дагы мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, эч бир пайгамбар өз жеринде кабыл алынбайт.

25Силерге чындыкты айтып жатамын, Илияс пайгамбардын тушунда, үч жыл алты ай бою жамгыр жаабай, бардык жерде катуу ачарчылык болгон кезде, Ысрайылда жесир аялдар көп эле.

26Ошондо Илияс алардын эч кимисине жиберилбестен, Сидон жеринин Сарепат шаарындагы бир жесирге гана жиберилген.

27Ошондой эле Элиша пайгамбардын тушунда Ысрайылда пес оорулуулар көп болгон, бирок сириялык Наамандан башка эч ким айыккан эмес».

28Муну укканда, синагогадагылардын баары ачууланышты.

29Алар орундарынан тура калышып, Ыйсаны шаардан кууп чыгышты да, ылдый түртүп жибермекчи болуп, өздөрүнүн шаары жайгашкан тоонун чокусуна алып барышты.

30Бирок Ыйса аларды аралап өтүп, кетип калды.

31Ыйса Галилеядагы Капернаум шаарына келип, ишемби күндөрү элди окутуп жатты.

32Эл Анын окутуусуна таң калды, анткени Ал бийлиги бар адамдай сүйлөчү.

33Синагогада жин оорулуу бир адам бар эле. Ал:

34«Эй, назареттик Ыйса, бизде эмнең бар? Сен бизди жок кылуу үчүн келдиң. Сенин ким экениңди билем, Сен Кудайдын Ыйыгысың», – деп кыйкырды.

35Ыйса ага: «Үнүңдү бас! Бул адамдын ичинен чыгып кет!» – деп тыюу салды. Ошондо жин ал адамды элдин алдына жыгып, ага эч кандай зыян келтирбестен, анын ичинен чыгып кетти.

36Ошондо бардыгынын үрөйлөрү учуп, өз ара: «Бул эмне дегени? Ал жиндерге бийлик менен, күч менен буйрук берип жатат, алар чыгып кетип жатышат», – дешти.

37Ошентип, Ыйса жөнүндө бардык аймактарга кабар тарады.

38Ыйса синагогадан чыккандан кийин, Шымондун үйүнө келди. Шымондун кайын энеси ысытма оорусу менен ооруп жаткан эле. Ыйсадан ага жардам берүүсүн өтүнүштү.

39Ыйса анын жанына келип, аны ысытма оорусунан айыктырды. Аял дароо ордунан туруп, аларга кызмат кыла баштады.

40Күн батканда, Ага ар кандай оорулууларды алып келе башташты. Ал ар биринин үстүнө колдорун коюп, аларды айыктырып жатты.

41Көптөрдүн ичинен жиндер: «Сен Кудайдын Уулу Машайаксың!» – деп кыйкырып чыгып жатышты. Бирок Ыйса аларга Өзүнүн Машайак экенин айтууга тыюу салды, анткени жиндер Анын Машайак экенин билишчү.

42Таң атканда Ыйса үйдөн чыгып, ээн жерге барды. Эл Аны издеп таап, кетирбей алып калгысы келди.

43Бирок Ыйса аларга: «Мен Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек. Анткени Мен ошол үчүн жиберилгем», – деди.

44Ошентип, Ыйса Галилеядагы синагогаларда насаат айтып жатты.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>