Лука 5:1-39 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса Генисарет көлүнүн жээгинде турган эле. Кудайдын сөзүн угуш үчүн, Анын жанына эл үйүлүп калды. Ал көлдө турган эки кайыкты көрдү.

2Кайыктан түшкөн балыкчылар болсо торлорун жууп жатышкан.

3Эки кайыктын бири Шымондуку эле. Ыйса анын кайыгына түшүп, андан жээктен бир аз нарыраак сүзүп баруусун өтүндү. Анан Ал кайыкка отуруп алып, элди окута баштады.

4Ал сөзүн бүткөндөн кийин, Шымонго: «Көлдүн терең жерине сүзүп барып, торлоруңарды салгыла», – деди.

5Шымон Ага: «Устат, биз түнү бою эмгектенип, эч нерсе кармай алган жокпуз. Бирок Сен айтып жаткан соң, торду салайын», – деди.

6Алар торду салып, абдан көп балык кармашты. Балыктын көптүгүнөн тор айрыла баштады.

7Ошондо алар кол булгап, экинчи кайыктагы жолдошторун жардамга чакырышты. Алар келип, балыктарды салышканда, эки кайык тең толуп калды. Кайыктар чөгө баштады.

8Муну көргөн Шымон Петир Ыйсанын бутуна жыгылып: «Теңир, менин жанымдан кет. Анткени мен күнөөкөр адаммын», – деди.

9Анткени ушунча көп балык кармагандарынан улам, аны жана анын жанындагылардын баарын коркунуч басты.

10Шымондун достору болгон Зебедей уулдары Жакып менен Жакан да коркуп кетишкен эле. Ошондо Ыйса Шымонго: «Коркпо, мындан ары адамдарды кармайсың», – деди.

11Алар эки кайыкты тең жээкке чыгарышты да, бүт баарын таштап, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү.

12Ыйса бир шаарда жүргөндө, бүт денеси пес болгон бир адам келди. Ал Ыйсаны көргөндө, Анын бутуна жыгылып: «Теңир, эгерде Сен кааласаң, мени таза кыла аласың», – деп жалынды.

13Ошондо Ыйса колун сунуп, ага тийгизди да: «Каалайм, таза бол», – деди. Ал ошол замат пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.

14Ыйса ага: «Эч кимге айтпа, бирок ыйык кызмат кылуучуга барып көрүнүп, өзүңдүн тазаланууң үчүн, Муса буйругандай, курмандык чал. Бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деп буйруду.

15Бирок Ал жөнүндө барган сайын көп айтыла баштады. Анын сөзүн угуу үчүн жана ооруларынан айыгуу үчүн, эл агылып келип жатты.

16Ыйса болсо Өзү жалгыз ээн талаага барып сыйынды.

17Бир күнү Ыйса элди окутуп жатканда, ал жерде Галилеянын бардык айыл-кыштактарынан, Жүйүт аймагынан жана Иерусалимден келген фарисейлер, мыйзам окутуучулар отурушкан. Теңирдин күчү оорулуулардын айыгуусу аркылуу көрүнүп жатты.

18Ошол учурда бир нече адам бир шал оорулууну төшөнчүсү менен алып келишти. Алар аны Ыйсанын алдына жаткыруу үчүн, үйгө киргизүүгө аракет кылышты.

19Бирок элдин көптүгүнөн алар аны үйгө киргизе албай, үйдүн төбөсүнө чыгып, чатырды ачышты. Ошол жерден шал оорулуу адамды төшөнчүсү менен ортого, Ыйсанын алдына түшүрүштү.

20Ыйса алардын ишенимин көрүп, ага: «Адам, сенин күнөөлөрүң кечирилди», – деди.

21Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер өз ара: «Кудайга акарат келтирген бул ким? Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат?» – дешти.

22Ыйса болсо алардын оюн билип: «Эмне үчүн минтип ойлоп жатасыңар?

23Кайсынысын айткан оңой: “Сенин күнөөлөрүң кечирилди” дегенби же “Ордуңан туруп, бас” дегенби?

24Бирок Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экендигин билишиңер үчүн», – деди да, шал оорулуу адамга: «Сага айтамын, ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар», – деди.

25Ал ошол замат көпчүлүктүн көз алдында ордунан турду да, төшөгүн алып, Кудайды даңктап, үйүнө жөнөдү.

26Ошондо баары айран-таң калып, Кудайды даңкташты. Үрөйлөрү учкан алар: «Бүгүн биз кереметтүү иштерди көрдүк», – дешти.

27Ушундан кийин Ыйса сыртка чыгып, бажыканада отурган салык жыйноочу Лебини көрүп, ага: «Менин артымдан ээрчи», – деди.

28Ошондо ал бардыгын таштап, ордунан туруп, Аны ээрчип жөнөдү.

29Леби Ыйсаны үйүнө чакырып, чоң сый көрсөттү. Ыйса менен көптөгөн салык жыйноочулар жана башка кишилер бир дасторкондо отурушту.

30Ошондо мыйзам окутуучулар менен фарисейлер күңкүлдөп, Ыйсанын шакирттерине: «Эмне үчүн силер салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге ичип-жеп отурасыңар?» – дешти.

31Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек.

32Мен тобо кылууга адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келгем».

33Алар болсо Ыйсага: «Жакандын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери бат-бат орозо кармап сыйынышат. Сенин шакирттериң болсо ичип-жей беришет», – дешти.

34Ыйса аларга: «Күйөө жанында болгондо, үйлөнүү тоюндагыларды орозо кармоого мажбурлай аласыңарбы?

35Бирок Күйөө алардын жанынан алынып кете турган күндөр келет, орозону алар ошол күндөрү кармашат», – деди.

36Анан Ыйса аларга үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөдү: «Эч ким жаңы кийимден айрып алып, эски кийимге жамаачы салбайт. Эгерде салса, жаңы кийим бузулат, жаңы кийимден алынган жамаачы эски кийимге жарашпай калат.

37Эч ким эски чаначка жаңы шарап куйбайт. Эгерде куйса, жаңы шарап чаначты айрып салат. Шарап да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат.

38Жаңы шарапты жаңы чаначка куюу керек. Ошондо тигиниси да, мунусу да сакталат.

39Эски шарапты ичкенден кийин, эч ким жаңы шарапты дароо сурабайт. Анткени ал: “Эскиси жакшы”, – дейт».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>