Лука 6:1-49 KYB2004 - Bible AI

1Ишемби күндөрдүн биринде Ыйса шакирттери менен эгин талаасынан өтүп бара жатты. Шакирттери буудайдын баштарын үзүп алып, колдору менен ушалап жеп бара жатышты.

2Кайсы бир фарисейлер: «Эмне үчүн силер ишемби күнү кылууга болбой турган ишти кылып жатасыңар?» – деп сурашты.

3Ыйса аларга: «Дөөт пайгамбар жана анын жанындагылар ачка болушканда, эмне кылгандарын окуган жок белеңер?

4Ал Кудай үйүнө кирип, ыйык кызмат кылуучулардан башка эч кимге жегенге болбой турган нан курмандыктарынан алып жеп, жанындагы кишилерге да бербеди беле», – деп жооп берди да,

5«Адам Уулу – ишемби күндүн да Кожоюну!» – деди.

6Ишемби күндөрүнүн дагы биринде Ыйса синагогага келип, элди окутту. Ал жерде оң колу шал болуп калган бир адам бар эле.

7Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Ыйсаны айыпташ үчүн шылтоо издеп: «Ал ишемби күнү айыктырар бекен», – деп карап турушту.

8Алардын оюн билген Ыйса бир колу шал болуп калган адамга: «Ордуңан туруп, ортого кел», – деди. Ал ордунан туруп, ортого келди.

9Ыйса аларга мындай деди: «Мен силерге суроо берейин, ишемби күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? Жанды куткаруу керекпи же өлтүрүү керекпи?» Алар унчугушкан жок.

10Ыйса аларды бир карап алды да, жанагы кишиге: «Колуңду сунчу!» – деди. Ал колун сунду, ошондо анын колу айыгып, экинчи колундай болуп калды.

11Алар аябай ачууланып, Ыйсаны эмне кылсак деп, өз ара акылдаша башташты.

12Ошол күндөрдүн биринде Ыйса сыйынуу үчүн тоого чыгып, түнү бою Кудайга сыйынды.

13Таң атканда, Ал шакирттерин чакырып алып, алардын ичинен он экини тандады да, аларды «элчилер» деп атады.

14Алар: Петир деген да ысым коюлган Шымон, анын бир тууганы Андрей, Жакып менен Жакан, Филип жана Барталамей,

15Матай, Томас, Алпейдин уулу Жакып жана Зилот деген атка конгон Шымон,

16Жакыптын уулу Жүйүт жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

17Ыйса алар менен бирге тоодон түшүп, бир түз жерге келди. Көптөгөн шакирттери жана бүткүл Жүйүт аймагынан, Иерусалимден, деңиз боюндагы Тир жана Сидон шаарларынан келген көп эл Анын жанына чогулду.

18Алар Анын Сөзүн угуу үчүн, ооруларынан айыгуу үчүн келишкен эле. Жин оорудан азап чеккендер да келип, айыгып жатышты.

19Элдин баары Ыйсага колдорун тийгизүүгө аракет кылып жатышты, анткени Андан чыккан күч бардыгын айыктырып жатты.

20Ошондо Ыйса шакирттерин карап, мындай деди: «Руху жакырлар, бактылуусуңар, анткени Кудайдын Падышачылыгы силердики.

21Азыр ачка жүргөндөр, бактылуусуңар, анткени тоёсуңар. Азыр ыйлап жүргөндөр, бактылуусуңар, анткени күлөсүңөр.

22Адамдар силерди Адам Уулу үчүн жек көрүп, элден бөлүп, кордоп, жаманатты кылса, бактылуусуңар.

23Ошол күнү сүйүнгүлө, кубангыла, анткени силердин асмандагы белегиңер чоң! Пайгамбарларга да алардын ата-бабалары ушундай мамиле кылышкан.

24Ал эми, байлар, силерге кайгы! Анткени өзүңөрдүн көңүл соорото турган нерсеңерди алгансыңар.

25Азыр курсагы ток жүргөндөр, силерге кайгы! Анткени ачка болосуңар. Азыр жыргап күлгөндөр, силерге кайгы! Анткени боздоп ыйлайсыңар.

26Эгерде силерди элдин баары мактаса, силерге кайгы! Анткени алардын ата-бабалары жалган пайгамбарларга ушундай мамиле кылышкан.

27Мени угуп тургандар, силерге айтамын: душмандарыңарды сүйгүлө, силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла.

28Силерди каргагандарга батаңарды бергиле, силерди кордогондор үчүн сыйынгыла.

29Оң жаакка чапканга сол жаагыңды да тос. Сырт кийимиңди тартып алганга көйнөгүңдү да бер.

30Сураган адамга бер, бергениңди кайра сураба.

31Адамдардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла.

32Эгерде өзүңөрдү сүйгөндөрдү гана сүйсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Күнөөкөрлөр деле өздөрүн сүйгөндөрдү сүйүшөт.

33Эгерде өзүңөргө жакшылык кылгандарга гана жакшылык кылсаңар, силерге кайдагы сыйлык? Күнөөкөрлөр деле ошентишет.

34Эгерде кайтарып бере ала турган адамга гана карызга берсеңер, силерге кайдагы сыйлык? Анткени бергенин кайтарып алуу үчүн, күнөөкөрлөр да күнөөкөрлөргө карызга беришет.

35Ал эми силер душманыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, эч нерсе күтпөстөн, карызга бергиле, ошондо чоң сыйлык аласыңар жана Бардыгынан Жогору Тургандын уулдары болосуңар! Анткени Ал жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да ырайым кылат.

36Ошондуктан Атаңар кандай боорукер болсо, силер да ошондой боорукер болгула!

37Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. Соттобогула, ошондо өзүңөр да соттолбойсуңар. Кечиргиле, ошондо силер да кечирилесиңер.

38Бергиле, ошондо силерге да берилет: жакшы ченем менен ченеп, ыкшап, бастырып, ашыра толтуруп, этегиңерге төгүшөт, анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет».

39Аларга дагы мындай үлгү-насаат аңгеме айтты: «Сокур сокурду жетелеп жүрө алабы? Экөө тең чуңкурга түшүп кетпейби!

40Шакирт өз устатынан жогору болбойт, бирок үйрөнгөндөн кийин, ар бир шакирт өз устатындай болот.

41Сен эмне үчүн өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бирөөнүн көзүндөгү кыпынды көрөсүң?

42Сен өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй туруп: “Кел, бир тууганым, көзүңдөгү кыпынды алып салайын”, – деп, кантип айта аласың? Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып сал, ошондон кийин гана бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып салуу керектигин билесиң.

43Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, жаман дарак жакшы жемиш бербейт.

44Ар бир дарак жемишинен билинет, анткени тикенектен анжыр, бадалдан жүзүм теришпейт.

45Жакшы адам жүрөгүндөгү жакшы казынасынан жакшы нерсе алып чыгат. Жаман адам болсо жүрөгүндөгү жаман казынасынан жаман нерсе алып чыгат. Анткени адамдын жүрөгү эмнеге толуп-ташыса, оозу ошону сүйлөйт.

46Эмнеге силер Мени: “Теңир! Теңир!” деп чакырасыңар да, айтканымды кылбайсыңар?

47Мага келип, сөздөрүмдү угуп аткарган адам кимге окшош экенин силерге айтып коёюн:

48ал жерди терең казып, пайдубалын таштан коюп үй курган адамга окшош. Суу ташкындап, үйдү каптаганда, үй козголгон жок, анткени анын пайдубалы таштан болчу.

49Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбаган адам үйүн жердин эле үстүнө, пайдубалсыз курган адамга окшош. Суу ташкындап, үйдү каптаганда, үй ошол замат кыйрады. Ал үй зор кыйроого учурады».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>