1Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга жиндерди кууп чыгууга жана оорулууларды айыктырууга күч жана бийлик берди.
2Аларды Кудайдын Падышачылыгын жарыялоого жана оорулууларды айыктырууга жиберип жатып,
3Ал мындай деди:
4
5
6Алар жолго чыгып, айыл-кыштактарды аралап, бардык жерде Жакшы Кабар таратып, оорулууларды айыктырып жүрүштү.
7Аймактын акими Ирод Ыйсанын кылган иштери жөнүндө угуп таң калды. Анткени бирөөлөр Аны: «Бул – өлүп, кайра тирилген Жакан», – десе,
8бирөөлөр: «Илияс пайгамбар келиптир», – деп, дагы бирөөлөр: «Байыркы пайгамбарлардын бири тирилип келиптир», – деп жатышкан эле.
9Ирод болсо: «Жакандын башын алдырдым эле. А бул ким болду экен, Ал жөнүндө ушундай сөздөрдү угуп жатам?» – деп, Аны көрүүгө ашыкты.
10Элчилер кайтып келип, эмне кылгандарын Ыйсага айтып беришти. Ыйса аларды ээрчитип алып, Бетсайида деген шаардын жанындагы бир обочо жерге кетти.
11Бирок эл билип калып, Анын артынан жөнөдү. Ыйса аларды тосуп алып, алар менен Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө аңгемелешти, айыктырууну сурангандарды айыктырды.
12Күн кеч кире баштаганда, он эки шакирти Ыйсанын жанына келип: «Элди тарат, тегеректеги айыл-кыштактарга барып, өздөрүнө түнөк жана тамак табышсын. Анткени бул ээн жер», – дешти.
13Ошондо Ыйса шакирттерине:
14Ал жерде беш миңге жакын адам бар эле. Ыйса шакирттерине:
15Алар ошондой кылып, бардыгын отургузушту.
16Ыйса болсо беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларды сындырып, элге таратуу үчүн шакирттерине берди.
17Бардыгы жеп тоюшту. Артып калгандарын чогултканда, он эки себет болду.
18Бир жолу Ыйса сыйынуу үчүн, обочо жерге барды. Шакирттери жанында болчу. Ыйса алардан:
19Алар Ага: «Бирөөлөр: “Чөмүлдүрүүчү Жакан”, – деп, бирөөлөр: “Илияс пайгамбар”, – деп эсептешет, дагы бирөөлөр: “Байыркы пайгамбарлардын бири тирилип келиптир”, – дешет», – деп жооп беришти.
20Ошондо Ыйса алардан:
21Бирок Ыйса аларга: «Бул тууралуу эч кимге айтпагыла, – деп, катуу эскертти да, –
22
23Ыйса бардыгына кайрылып:
24
25
26
27
28Бул сөздөрдү айткандан кийин сегиз күндөй өткөн соң, Ыйса Петирди, Жаканды, Жакыпты ээрчитип, сыйынуу үчүн, тоого чыкты.
29Сыйынып жатканда, Анын жүзү өзгөрүп, кийими аппак болуп, жаркырап калды.
30Ошол учурда Ыйса менен эки адам сүйлөшүп жатты. Алар Муса менен Илияс эле.
31Асман даңкы менен келген алар Ыйсанын Иерусалимде аткара турган иши, өлүмү жөнүндө сүйлөшүштү.
32Петирди жана анын жанындагыларды болсо катуу уйку басты. Бирок алар ойгонуп кетип, Анын даңкын жана Аны менен турган эки адамды көрүштү.
33Эки адам Ыйсанын жанынан алыстап бара жатканда, Петир Ага: «Устат, бул жерде болуу жакшы экен. Үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди», – деди. Бирок өзүнүн эмне деп жатканын билген жок.
34Петир сүйлөп жатканда, булут пайда болуп, аларды каптап калды. Булут чулгаганда, алар коркуп кетишти.
35Ошондо булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум. Аны уккула!» деген үн чыкты.
36Ушул үн угулгандан кийин, Ыйса жалгыз калды. Шакирттер болсо көргөндөрүн жашырып, ал күндөрү эч кимге эч нерсе айтышкан жок.
37Эртеси күнү алар тоодон түшкөндө, Ыйсаны көп эл тосуп чыкты.
38Бир маалда элдин арасынан бирөө мындай деп кыйкырды: «Устат! Суранам, менин уулума назар сала көр, ал менин жалгызым.
39Жини кармаганда, ал күтүлбөгөн жерден эле кыйкыра баштайт. Жин кыйнаганда, анын оозунан ак көбүк агат. Ал аны аябай кыйнап, андан зорго кетет.
40Мен Сенин шакирттериңден жинди кууп чыгууну өтүнсөм, кууп чыга албай коюшту».
41Ошондо Ыйса:
42Бала келе жатканда, жин аны жерге жыгып, калтырата баштады. Ыйса жинге тыюу салып, баланы айыктырды да, атасынын колуна тапшырды.
43Бардыгы Кудайдын улуу күчүнө таң калып жатышты. Бүт эл Ыйсанын кылган иштерине таң калып турганда, Ал Өзүнүн шакирттерине мындай деди:
44
45Бирок алар бул сөздү түшүнүшкөн жок. Сөздүн мааниси алардан жашыруун болгондуктан, түшүнүшкөн жок. Ал эми бул жөнүндө Андан кайра суроодон коркушту.
46Шакирттердин арасында «Биздин арабызда ким чоң?» деген ой пайда болду.
47Алардын ойлорун билген Ыйса бир баланы Өзүнүн алдына тургузду да, аларга мындай деди:
48
49Ошондо Жакан: «Устат, биз Сенин ысымың менен жиндерди кууп чыгарган адамды көрдүк. Ал биз менен бирге жүрбөгөндүктөн, ага тыюу салдык», – деди.
50Ыйса Жаканга:
51Өзүнүн асманга алынып кете турган күндөрү жакындаганда, Ыйса Иерусалимге барууну чечти.
52Ал Өзүнөн мурун кабарчыларды жөнөттү. Алар барып, Ыйсага орун даярдоо үчүн, самариялыктардын бир айылына киришти.
53Бирок самариялыктар Иерусалимге бара жаткан Ыйсаны кабыл албай коюшту.
54Анын шакирттери Жакып менен Жакан муну көргөндө: «Теңир! Каалайсыңбы, асмандан от түшүп, аларды кырып жок кылсын деп айталы?» – дешти.
55Бирок Ыйса аларга бурулуп, тыюу салды да:
56
57Алар жолдо бара жатышканда, бирөө Ыйсага: «Теңир, Сен кайда барсаң да, мен Сенин артыңдан барам», – деди.
58Ыйса ага:
59Ыйса башка бирөөгө:
60Ыйса ага:
61Дагы бирөө мындай деди: «Теңир, мен Сенин артыңдан ээрчийм, бирок адегенде үйдөгүлөрүм менен коштошуп келейин, уруксат бер», – деди.
62Ыйса болсо ага: