1Мына, Мен Өзүмдүн периштемди жиберип жатам, ал Менин алдымда жол даярдап коет, силер издеп жаткан Теңир Өз ийбадатканасына күтүлбөгөн жерден келет, силеркаалаган келишим периштеси келет. Мына, Ал келе жатат, - дейт Себайот Теңир.
2Ал келген күнү ким чыдай алат? Ал келгенде, ким туруштук бере алат? Анткени Ал эритүүчү оттой, тазалоочу шакардай.
3Ал күмүштү кайрадан эритип тазалоо үчүн отурат, Леби уулдарын тазалайт, алтын менен күмүштү эриткендей. аларды кайрадан эритет, ошондо алар Теңирге адилдик менен курмандык чалышат.
4Ошондо Жүйүт менен Иерусалимдин курмандыгы Теңирге байыркы күндөрдөгүдөй, мурунку жылдардагыдай жагымдуу болот.
5Мен силерге жазалаш үчүн келем, сыйкырчылардын, ойноштук кылгандардын, калп каргангандардын, жалчылардын акысын бербегендердин, жетим менен жесирге кысым көрсөткөндөрдүн, келгинге туура эмес мамиле кылгандардын тез ашкерелөөчүсү болом. Алар Менден коркушпайт, -дейт Себайот Теңир.
6Анткени Мен Теңирмин. Мен өзгөрбөйм. Ошондуктан силер, Жакып уулдары, тукум курут болгон жоксуңар.
7Силер ата-бабаларыңардын күндөрүнөн бери Менин мыйзамдарымдан баш тартып, аларды аткарбай келе жатасыңар. Мага кайрылып келгиле, ошондо Мен да силерге кайрылып келем, - дейт Себайот Теңир. Силер: "Эмне кылып кайрылып келебиз?" - дейсиңер.
8Адамга Кудайдыкын уурдаганга болобу? Силер Меникин уурдап жатасыңар. "Биз Сеникин эмне кылып уурдап жатабыз?" - дейсиңер. Ондук бербей, тартуу алып келбей уурдап жатасыңар.
9Силер катуу каргышка калдыңар, анткени силер, бүт эл, Меникин уурдап жатасыңар.
10Менин үйүмдө тамак болуш үчүн, ондуктардын баарын казына үйүнө алып келгиле. Мени ушул аркылуу сынап көргүлө, - дейт Себайот Теңир. - силер үчүн Мен асман терезелерин ачпайт бекем? Силерге батамды ашыгы менен төкпөйт бекем?
11Силер үчүн Мен бардыгын жалмоочуларга тыюу салам, ошондо алар силердин түшүмүңөрдү кыйратпайт, талаадагы жүзүм сабагыңар өз жемишинен ажырабайт, - дейт Себайот Теңир.
12Бардык элдер силерди бактылуу деп айтышат, анткени силер суктанарлык өлкө болосуңар, - дейт Себайот Теңир.
13Силер Мага каршы тайманбай сүйлөп жатасыңар, дейт Теңир. Силер: "Биз Сага каршы эмнени сүйлөп жатабыз?" - дейсиңер.
14Силер: "Кудайга кызмат кылуу - курулай убаракерчилик. Анын буйруктарын сактап жүргөнүбүздөн. Себайот Теңирдин алдында кайгырып жүргөнүбүздөн кандай пайда болду?
15Азыр биз текеберлерди бактылуу деп эсептейбиз: мыйзамсыз иштерди кылгандар жашоосунда ийгиликке жетип жатышат. Алар Кудайды сынашса да, аман калып жатышат". - деп жатасыңар.
16Бирок Кудайдан корккондор бири-бирине: "Теңир кулак салып жатат. Ал угуп жатат. Теңирден коркуп. Анын ысымын урматтагандар тууралуу Анын алдында эстелик китеп жазылып жатат", - дешет.
17Алар Меники болот, - дейт Себайот Теңир. - Мен белгилеген күнү алар Менин менчигим болушат, адам өзүнө кызмат кылган уулуна кандай ырайым кылса, Мен да аларга ошондой ырайым кылам.
18Ошондо адил адам менен мыйзамсыз адамдын. Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы кайрадан көрөсүңөр.