1Анткени мына, мештей алоолонгон күн келе жатат. Ошондо бардык текеберлер менен мыйзамсыз иш кылгандар саман сыяктуу болушат, аларды келе жаткан күн өрттөп кетет, - дейт Себайот Теңир. - алардын тамырын да. бутагын да калтырбайт.
2Силер үчүн болсо, Менин ысымымдын алдында коркуп тургандар, чындыктын Күнү чыгат. Анын нурларында айыгуу бар, силер чыгып, семиз букачарлардай оюн саласыңар.
3Мыйзамсыздарды тебелеп-тепсейсиңер, анткени алар Мен белгилеген ошол күнүсилердин бугуңардын астында топурак болуп калышат. - дейт Себайот Теңир.
4Менин кулум Мусанын мыйзамын унутпагыла. Мен ага ал мыйзамды, ошондой эле буйруктар менен көрсөтмөлөрдү Хореп тоосунда бүт Ысрайыл үчүн бергем.
5Теңирдин улуу жана коркунучтуу күнү келер алдында, Мен силерге Илияс пайгамбарды жиберем.
6Мен келип, жер жүзүн каргыш менен жок кылбашым үчүн, ал аталарынын жүрөгүн уулдарына, уулдарынын жүрөгүн агаларына бурат".