1Кудайдын Уулу Ыйса Машайактын Жакшы Кабарынын башталышы.
2Пайгамбарлардын китептеринде: «Мына, Мен Сенден мурун Өзүмдүн периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт»;
3«Теңирге жол даярдагыла. Ал үчүн жолдорду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган үн угулат», – деп жазылгандай,
4чөмүлдүрүүчү Жакан келип, ээн талаада сууга чөмүлдүрүп, мындай деп жар салды: «Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, сууга чөмүлдүрүлгүлө».
5Бүт Жүйүт эли жана бардык иерусалимдиктер ага келип, күнөөлөрүн моюндарына алып, ачык айтып жатышты. Жакан аларды Иордан дарыясына чөмүлдүрүп жатты.
6Жакан төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү. Ал чегиртке менен жапайы бал жечү.
7Жакан элге мындай деп жар салды: «Менин артымдан менден Күчтүү келе жатат. Мен эңкейип, Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын.
8Мен силерди сууга чөмүлдүрдүм, Ал болсо Ыйык Рухка чөмүлдүрөт».
9Ошол күндөрдө Галилеянын Назарет шаарынан Ыйса келип, Жакан тарабынан Иордан суусуна чөмүлдүрүлдү.
10Ал суудан чыкканда, (Жакан) ачылган асманды жана Рухтун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын көрдү.
11Ошондо асмандан «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын» деген үн угулду.
12Ошол замат Рух Аны чөлгө алып барды.
13Ыйса чөлдө кырк күн болуп, шайтан тарабынан сыналды. Ал жырткычтар менен бирге болду. Периштелер Ага кызмат кылышты.
14Жакан камакка алынгандан кийин, Ыйса Галилеяга келип, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө жар салып:
15
16Ыйса Галилея көлүнүн жээги менен бара жатып, көлгө тор салып жаткан Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди көрдү. Алар балыкчылар эле.
17Ошондо Ыйса аларга:
18Алар ошол замат торлорун таштап, Анын артынан ээрчип жөнөштү.
19Бир аз нары баскандан кийин, Ал Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды көрдү. Алар кайыктын ичинде тор оңдоп отурушкан эле.
20Ошол замат Ыйса аларды чакырды. Ошондо алар атасы Зебедейди жумушчулары менен кайыкка калтырып, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү.
21Алар Капернаумга келишти. Ыйса ишемби күнү синагогага кирип, элди окутту.
22Эл Анын окутуусуна таң калды. Анткени Ыйса аларды мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту.
23Алардын синагогасында жин оорулуу бир адам бар эле. Ал ошол замат:
24«Эй, назареттик Ыйса! Бизде эмне ишиң бар? Сен бизди жок кылганы келдиңби? Сенин ким экениңди билем, Сен Кудайдын Ыйыгысың!» – деп кыйкырды.
25Бирок Ыйса жинге:
26Ошондо жин ал адамды калтыратып жана катуу кыйкыртып, анын ичинен чыгып кетти.
27Бардыгынын үрөйлөрү учуп, бири-бирине: «Бул эмнеси? Бул эмне деген жаңы окутуу?! Ал жиндерге бийлик менен буйрук берип жатат, алар болсо Ага баш ийип жатышат», – дешти.
28Ал жөнүндөгү кабар Галилеянын туш тарабына тез эле тарап кетти.
29Ыйса синагогадан чыккандан кийин, Жакыпты, Жаканды ээрчитип, түз эле Шымон менен Андрейдин үйүнө келди.
30Шымондун кайненеси ысытма оорусу менен ооруп жаткан. Ыйсага дароо ал жөнүндө айтышты.
31Ошондо Ыйса оорулуунун жанына келип, колунан кармап тургузду. Аял ысытма оорусунан ошол замат айыгып, аларга кызмат кыла баштады.
32Күн батып, кеч киргенде, Ага бардык оорулууларды жана жин оорулууларды алып келишти.
33Шаардын бардык эли эшиктин алдына чогулду.
34Ыйса ар кандай оорудан азап чеккен көптөгөн адамдарды айыктырды, көптөгөн адамдардын ичинен жиндерди кууп чыгарды, алардын сүйлөшүнө жол берген жок. Анткени жиндер Анын Машайак экендигин билишчү.
35Эртеси Ыйса таң ата электе туруп, үйдөн чыгып, ээн жерге барып сыйынды.
36Шымон жана анын жанындагылар Ыйсаны издеп жөнөштү.
37Аны табышканда: «Бардыгы Сени издеп жатышат!» – дешти.
38Ыйса аларга:
39Ошентип, Ал бүткүл Галилеяны аралап, алардын синагогаларында элди окутуп, жин оорулуу адамдардан жиндерди кууп чыгарып жүрдү.
40Ыйсага пес оорулуу бир адам келип, тизелеп жыгылды да: «Эгерде Сен кааласаң, мени таза кыла аласың», – деп жалынды.
41Ыйса боор ооруп, ага колун тийгизди да:
42Ошол замат ал пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.
43Ыйса болсо ага:
44
45Ал болсо ал жерден кетти да, болгон окуяны элге жая баштады. Ошондуктан Ыйса шаарга ачык кире албай, шаардын сыртындагы ээн жерлерде болду. Ошондо да Ага бардык жерден эл келип жатты.