1Ыйса ал жерден чыгып, Иордан дарыясынын наркы өйүзүндөгү Жүйүт аймагына келди. Анын жанына кайрадан көп эл чогулду. Ал адатынча аларды окута баштады.
2Фарисейлер келип, Ыйсадан: «Эркекке аялын кетирүүгө болобу?» – деп сынап сурашты.
3Ыйса аларга жооп бере: «Муса силерге кандай осуят берди эле?» – деп сурады.
4Алар: «Муса эркектин талак кат жазып, аялын кетирүүсүнө уруксат берген», – дешти.
5Ошондо Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силердин таш боордугуңардан улам, Муса силерге ушул осуятты жазып калтырган.
6Кудай дүйнөнү жарата баштаганда эле, адамдарды эркек, аял кылып жараткан.
7Ошондуктан адам ата-энесин таштап,
8аялы менен биригет. Экөө бир дене болот. Ошентип, алар экөө эмес, бир дене.
9Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын».
10Yйгө келишкенде, шакирттери Ыйсадан ушул жөнүндө дагы сурашты.
11Ыйса аларга: «Аялын кетирип, башканы алган адам ойноштук кылган болот.
12Күйөөсүн таштап, башкага тийген аял да ойноштук кылган болот», – деди.
13Ыйса колун тийгизип койсун деп, кээ бирөөлөр Ага балдарын алып келишти. Бирок шакирттер аларга тоскоолдук кылышты.
14Муну көргөн Ыйса ачууланып, аларга мындай деди: «Балдардын Мага келүүсүнө жол бергиле. Аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын Падышачылыгы ушундайлардыкы.
15Силерге чындыкты айтып коёюн, ким Кудайдын Падышачылыгын баладай кабыл албаса, ал ага кирбейт».
16Анан Ал балдарды кучактап, алардын үстүнө колун коюп, батасын берди.
17Ыйса жолго чыкканда, бирөө чуркап келип, Анын алдына тизелеп жыгылды да: «Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, эмне кылышым керек?» – деп сурады.
18Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсиң? Кудайдан башка эч ким жакшы эмес.
19“Ойноштук кылба. Киши өлтүрбө. Бирөөгө жалаа жаппа. Уурдаба. Таарынтпа. Ата-энеңди сыйла” деген осуяттарды билесиң», – деди.
20Ал Ыйсага: «Устат, мен мунун бардыгын жаш чагымдан бери аткарып жүрөм», – деп жооп берди.
21Ыйса аны карап, жакшы көрө мындай деди: «Сага бир нерсе жетишпейт. Бар да, колуңда болгондун бардыгын сатып, жакырларга таратып бер, ошондо асманда казынаң болот. Анан кел да, айкаш жыгачыңды алып, Мени ээрчип жүр».
22Ошондо ал бул сөзгө капа болуп, көңүлү чөккөн бойдон кетип калды, анткени анын мал-мүлкү көп эле.
23Ыйса тегерегин карап, шакирттерине: «Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын!» – деди.
24Шакирттер Анын сөздөрүнө аябай таң калышты. Бирок Ыйса кайрадан аларга: «Балдар, байлыгына ишенгендердин Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын!
25Бай адамдын Кудай Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өтүүсү оңоюраак», – деди.
26Алар аябай таң калышып, өздөрүнчө: «Анда ким куткарылат?» – дешти.
27Ыйса аларды карап: «Адамдар муну кыла алышпайт, бирок Кудай кыла алат. Анткени Кудай бардыгын кыла алат», – деди.
28Петир Ага: «Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз», – деп айта баштады.
29Ошондо Ыйса мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн үй-жайын, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же энесин, же атасын, же аялын, же балдарын, же жерин таштаган адам
30азыр, бул дүйнөдө, куугунтук учурунда да жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, ата-энеге, балдарга жана жерге, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө ээ болбой койбойт.
31Биринчилердин көпчүлүгү акыркы, акыркылардын көпчүлүгү биринчи болот».
32Алар Иерусалимди көздөй бара жатышты. Ыйса алардын алдында бара жатты. Анын артынан ээрчип бара жаткан шакирттердин үрөйлөрү учуп, коркуп жүрүп отурушту. Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга Өзүн эмне күтүп тургандыгы жөнүндө кайрадан мындай деп айта баштады:
33«Мына, биз Иерусалимге жакындап калдык. Адам Уулун башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулардын колуна салып беришет, Ага өлүм жазасын өкүм кылып, бутпарастардын колуна өткөрүп беришет.
34Аны кордошот, сабашат, бетине түкүрүшөт, анан Аны өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү тирилет».
35Ошондо Зебедейдин уулдары Жакып менен Жакан Ыйсага жакын келип: «Устат! Биздин суранычыбызды орундатышыңды каалайбыз», – дешти.
36Ыйса аларга: «Эмне кылышымды каалайсыңар?» – деди.
37Алар Ыйсага: «Өзүңдүн даңкыңа ээ болгонуңда, бирибизге оң жагыңа, бирибизге сол жагыңа отурууга уруксат бер», – дешти.
38Бирок Ыйса аларга: «Эмне сурап жатканыңарды билбейсиңер. Мен иче турган чөйчөктөн иче аласыңарбы? Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлө аласыңарбы?» – деди.
39Алар: «Ошенте алабыз», – деп жооп беришти. Ыйса болсо аларга: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер, Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлөсүңөр.
40Бирок Менин оң жагым менен сол жагыма отургузуу Менин колумда эмес. Кимге даярдалган болсо, ошол отурат», – деди.
41Муну уккан он шакирт Жакып менен Жаканга ачуулана башташты.
42Ыйса болсо шакирттерин чакырып, аларга: «Элге башчылар үстөмдүк кыларын, төрөлөр бийлик жүргүзөрүн билесиңер.
43Бирок силердин араңарда мындай болбосун. Тескерисинче, араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун.
44Араңарда ким биринчи болгусу келсе, ал баарыңарга кул болсун.
45Анткени Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген», – деди.
46Алар Жерихо шаарына келишти. Ыйса Жерихо шаарынан шакирттери жана көп эл менен чыгып бара жаткан. Ошол учурда Тимей уулу Бартымей деген сокур адам жол боюнда кайыр сурап отурган.
47Назареттик Ыйса өтүп бара жатканын уккан ал: «Ыйса, Дөөттүн Уулу! Мага ырайым кыла көр!» – деп кыйкыра баштады.
48Көптөр аны тыйып жатышты. Бирок ал: «Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр!» – деп, ого бетер катуу кыйкыра баштады.
49Ыйса токтоп: «Аны чакыргыла», – деди. Ошондо сокур адамга: «Коркпо, ордуңдан тур, сени чакырып жатат», – дешти.
50Ал сырткы кийимин чечип ыргытты да, ордунан туруп, Ыйсанын жанына келди.
51Ыйса андан: «Менин эмне кылышымды каалайсың?» – деп сурады. Сокур адам Ага: «Устат! Көзүм көрсө экен», – деди.
52Ошондо Ыйса ага: «Бара бер, сени ишенимиң куткарды», – деди. Ошол замат анын көздөрү көрүп калды. Анан ал Ыйсанын артынан ээрчип жөнөдү.