Марк 11:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Алар Иерусалимге жакындаганда, Зайтун тоосунун этегиндеги Бейтфагия жана Бетания кыштактарына жакындап калышканда, Ыйса эки шакиртин мындай деп жөнөттү:

2«Маңдайыңардагы кыштакка баргыла. Кыштакка кирериңер менен, эч бир адам мине элек, байланып турган кодикти көрөсүңөр. Аны чечип алып, бул жерге алып келгиле.

3Эгерде кимдир бирөө силерден: “Муну эмне кыласыңар?” – деп сураса, “Бул Теңирге керек”, – деп жооп бергиле. Ошондо ал кодикти дароо эле берет».

4Алар барып, көчөдө, дарбазанын жанында байланып турган кодикти таап, чечип алышты.

5Ошондо ал жерде тургандардын кээ бирөөлөрү аларга: «Эмне кылып жатасыңар? Силер кодикти эмне үчүн чечип алып жатасыңар?» – дешти.

6Шакирттер болсо Ыйса айткандай жооп беришти. Ошондо тигилер аларды коё беришти.

7Кодикти Ыйсага алып келип, анын үстүнө өздөрүнүн кийимдерин салып беришти. Ыйса кодикке минди.

8Ошондо элдин көпчүлүгү өздөрүнүн кийимдерин, айрымдар болсо дарактардын бутактарын кесип алып, жолго төшөп жатышты.

9Ыйсанын алды-артында бара жаткандар: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга алкыш!

10Атабыз Дөөттүн келе жаткан Падышачылыгы даңктуу болсун! Эң Жогорудагыга даңк!» – деп, кыйкырып келе жатышты.

11Ыйса Иерусалимге келип, ийбадатканага кирип, бардыгын карап чыкты. Күн кечтеп калгандыктан, он эки шакирти менен бирге Бетанияга жөнөп кетти.

12Эртеси күнү алар Бетаниядан чыгышканда, Ыйса ачка болду.

13Ал алыстан жалбырактуу анжыр дарагын көрүп, бир нерсе табылар бекен деп, жакын басып барды. Бирок анжыр дарагынын жанына келип, жалбырактан башка эч нерсе таба алган жок. Анткени анжыр жыйнай турган убакыт келе элек эле.

14Ошондо Ыйса анжыр дарагына: «Мындан ары түбөлүккө сенден эч ким мөмө жебесин!» – деди. Муну шакирттери угушту.

15Анан Иерусалимге келишти. Ыйса ийбадатканага кирип, ал жердеги сатуучулар менен сатып алуучуларды кууп чыгара баштады. Акча алмаштыруучулар менен көгүчкөн саткандардын үстөлүн көңтөрүп салды.

16Ийбадаткана аркылуу бир нерсе алып өтүүгө эч кимге уруксат берген жок.

17Анан элге мындай деди: «Ыйык Жазууда: “Менин үйүм бүт элдердин сыйынуу үйү деп аталат”, – деп жазылган эмес беле? Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырдыңар».

18Муну уккан мыйзам окутуучулар менен башкы ыйык кызмат кылуучулар Аны өлтүрүүнүн жолун издей башташты. Алар Андан коркушчу, анткени бүт эл Анын окутуусуна таң калар эле.

19Кеч киргенде, Ал шаардан чыгып кетти.

20Эртең менен алар баягы анжыр дарагынын жанынан өтүп бара жатышып, дарактын тамырына чейин куурап калганын көрүштү.

21Ошондо Петир эстей калып, Ыйсага: «Устат, карачы! Сен каргаган анжыр жыгачы куурап калыптыр», – деди.

22Ыйса аларга мындай деп жооп берди:

23«Кудайга ишенгиле. Силерге чындыкты айтып коёюн, ким бул тоого: “Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш”, – десе жана ичинен шектенбей, айткан сөзү аткарыларына ишенсе, айтканындай болот.

24Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдан эмнени сурасаңар да, аларыңарга ишенгиле, ошондо силерге берилет.

25Кимдир бирөөгө каршы бир нерсеңер бар болсо, сыйынып жатканыңарда, аны кечирип койгула. Ошондо асмандагы Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирип коёт.

26Эгерде кечирбесеңер, анда асмандагы Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт».

27Алар кайрадан Иерусалимге келишти. Ыйса ийбадатканада жүргөндө, башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана аксакалдар келип:

28«Сен муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатасың? Муну кылууга Сага ким бийлик берди?» – деп сурашты.

29Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мен да силерден бир нерсени сурайын, Мага жооп бергилечи. Ошондо Мен да силерге муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды айтам.

30Жакандын чөмүлдүрүүсү Кудайдан беле же адамдардан беле? Мага жооп бергилечи».

31Алар болсо өз ара мындай деп талкуулашты: «Эгерде “Кудайдан”, – десек, анда Ал: “Анда эмне үчүн Жаканга ишенген жоксуңар?” – дейт».

32«Адамдардан» деп айтуудан коркушту, анткени бүт баары Жаканды чын эле пайгамбар деп эсептешчү.

33Алар Ыйсага: «Билбейбиз», – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды Мен да силерге айтпайм», – деди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>