1Ыйса аларга үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөй баштады: «Бир адам жүзүм багын отургузат. Анын тегерегине тосмо куруп, жүзүм сыгылуучу жай жасап, күзөт мунарасын салат да, аны жүзүмчүлөргө тапшырып, өзү убактылуу бир жакка кетет.
2Жүзүм багынын жемишинен алуу үчүн, өз убагы келгенде, жүзүмчүлөргө өзүнүн кулун жөнөтөт.
3Алар болсо кулду кармап алып сабашат да, куру кол кетирип жиберишет.
4Ошондо ал башка кулун жиберет. Жүзүмчүлөр анын башын таш менен жарып, кордоп кетирип жиберишет.
5Ошондо ал дагы бир кулун жөнөтөт. Жүзүмчүлөр аны өлтүрүп салышат. Ал дагы көптөгөн кулдарын жөнөтөт. Жүзүмчүлөр алардын кээ бирин сабап, кээ бирин өлтүрүп салышат.
6Акыры жүзүмдүк ээси: “Уулумдан уялышар”, – деп, жүзүмчүлөргө өзүнүн сүйүктүү уулун жөнөтөт.
7Бирок жүзүмчүлөр бири-бирине: “Бул – мурасчы. Жүргүлө, аны өлтүрүп салабыз, ошондо мурас биздики болот”, – дешет да,
8аны кармап алып өлтүрүп, жүзүм багынын сыртына ыргытып жиберишет.
9Эми жүзүмдүк ээси эмне кылат? Ал келет да, жүзүмчүлөрдү өлтүрүп, жүзүмдүктү башкаларга тапшырат.
10Силер Кудайдын китебиндеги: “Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды.
11Бул Теңирден, бул биздин көзүбүзгө укмуштуу көрүнөт” деген сөздөрдү окуган жок белеңер?»
12Ошондо алар Ыйсаны кармоого аракет кылышты. Анткени алар бул үлгү-насаат аңгемеде өздөрү жөнүндө айтылганын түшүнүшкөн эле. Бирок элден коркушкандыктан, ал жерден кетип калышты.
13Алар Ыйсаны сөзүнөн кармоо үчүн, бир нече фарисейди жана Ироддун бир нече кишисин жөнөтүштү.
14Алар Ыйсага келип: «Устат, Сенин адилеттүү экениң бизге белгилүү. Эч кимге жагынбайсың, бет карамалык кылбайсың, Кудайдын мыйзамдарын туура окутасың. Рим падышасына салык төлөө туурабы же туура эмеспи? Беришибиз керекпи же бербей эле коюшубуз керекпи?» – дешти.
15Бирок алардын эки жүздүүлүгүн билген Ыйса: «Мени эмне сынап жатасыңар? Мага динарий алып келип көрсөткүлөчү», – деди.
16Алар алып келип беришти. Ошондо Ыйса алардан: «Мына бул сүрөт менен жазуу кимдики?» – деп сурады. Алар Ага: «Падышаныкы», – деп жооп беришти.
17Ыйса аларга: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле», – деп жооп берди. Ошондо алар Ыйсага аябай таң калышты.
18Андан кийин «Өлгөндөр тирилбейт» деген садукейлер Ыйсага келип:
19«Устат! Муса бизге: “Эгерде бирөөнүн бир тууганы өлүп, аялы калса жана андан бала калбаса, анда бир тууганы анын аялын алып, тукумун уласын”, – деп жазып калтырган.
20Жети бир тууган бар эле. Биринчиси аял алып, артына тукум калтырбай көз жумду.
21Анан ал аялды экинчиси алды. Ал да дүйнөдөн баласыз өтүп кетти. Yчүнчүсү да ошондой болду.
22Ал аялды жетөө тең алышты, бирок бала калтырышкан жок. Акырында аял да өлдү.
23Тирилүү күнү келгенде, өлгөндөр тирилгенден кийин, ал аял булардын кимисинин аялы болот? Анткени аны жетөө тең аялдыкка алган», – деп сурашты.
24Ошондо Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазууну жана Кудайдын күчүн билбегендиктен жаңылып жатасыңар.
25Өлгөндөр тирилгенден кийин, аял алуу, күйөөгө тийүү деген болбойт. Алар асмандагы периштелердей болуп калышат.
26Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө айта турган болсок, Мусанын китебиндеги жалындаган бадал жөнүндөгү аңгемеде Кудайдын Мусага: “Мен Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын”, – дегенин окуган жок белеңер?”
27Кудай – өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Демек, силер өлгөндөр тирилбейт деп, катуу жаңылып жатасыңар».
28Алардын талашын жана Ыйсанын аларга жакшы жооп бергенин уккан бир мыйзам окутуучу Анын жанына келип: «Эң биринчи осуят кайсы?» – деп сурады.
29Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Эң биринчи осуят бул: “Кулак сал, Ысрайыл! Биздин Кудай-Теңирибиз – жалгыз Теңир.
30Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, бүт жан-дилиң менен, бүт түшүнүгүң менен жана бардык күч-кубатың менен сүй!” Биринчи осуят ушул!
31Экинчиси ушуга окшош: “Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй”. Булардан башка улуу осуят жок».
32Мыйзам окутуучу Ыйсага: «Туура айтасың, Устат! Кудай бирөө, Андан башка Кудай жок.
33Аны чын жүрөгүң менен, бүт акылың менен, бүт жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүйүү жана өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүйүү бардык бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктардан жана башка курмандыктардан да артык», – деди.
34Ыйса анын туура жооп бергенин көрүп, ага: «Сен Кудайдын Падышачылыгынан алыс эмессиң», – деди. Ушундан кийин эч ким Ага суроо берүүгө батынган жок.
35Ыйса ийбадатканада элди окутуп жатканда, мындай деди: «Мыйзам окутуучулар Машайакты Дөөттүн Уулу деп, эмненин негизинде айтып жүрүшөт?
36Анткени Дөөт өзү Ыйык Рухтун жетеги менен: “Теңир менин Теңириме мындай деди: "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур"”, – деген.
37Демек, Дөөт өзү Машайакты “Теңирим” деп атаган болсо, анан кантип Ал Дөөттүн Уулу болсун?» Ошондо көп эл Аны берилүү менен укту.
38Анан Ыйса элди мындай деп окутту: «Узун кийим кийип жүрүүнү, элдик жыйындарда алик алууну,
39синагогада алдыңкы орундарда, тойлордо болсо төрдө отурууну жакшы көргөн мыйзам окутуучулардан сак болгула.
40Алар жесир аялдардын мал-мүлкүн талап-тоношот, элге көрүнүш үчүн, узакка сыйынышат. Алар оор жазага дуушар болушат».
41Ыйса курмандыктар салына турган кутунун маңдайында элдин акча салганын карап отурду. Көптөгөн бай адамдар көп акча салып жатышты.
42Бир жесир аял да келип, эки лепта салды.
43Ошондо Ыйса шакирттерин жанына чакырып, аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жарды жесир аял акча салгандардын бардыгынан көп салды.
44Анткени бардыгы өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды».