Марк 13:1-37 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса ийбадатканадан чыгып бара жатканда, шакирттеринин бири: «Устат, карачы! Кандай кооз таштар! Кандай кооз имараттар!» – деди.

2Ошондо Ыйса ага: «Бул чоң имараттарды көрүп жатасыңбы? Мунун баары кыйратылат, бул жерде таш үстүндө таш калбайт», – деди.

3Ыйса ийбадаткананын маңдайындагы Зайтун тоосунда отурганда, өздөрүнчө калышканда, Петир, Жакып, Жакан жана Андрей Андан:

4«Бизге айтып берчи, бул качан болот? Мунун баарынын ишке ашарын кандай белги аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.

5Ыйса аларга мындай деп айта баштады: «Силерди бирөө адаштырып кетпеши үчүн сак болгула.

6Анткени көптөр Менин ысымымды жамынып келип: “Машайак Менмин”, – деп, көптөрдү адаштырышат.

7Согуштар жана согуш кабарлары жөнүндө укканыңарда, үрөйүңөрдү учурбагыла. Анткени булар болушу керек, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес.

8Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде жер титирөөлөр, ачкачылык жана козголоңдор болот. Булар – кыйынчылыктардын башталышы.

9Бирок силер өзүңөргө сак болгула. Анткени силерди сотко беришет, синагогаларда уруп-сабашат. Мен жөнүндө күбөлөндүрүшүңөр үчүн, силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына алып барышат.

10Баарынан мурда бардык элдерге Жакшы Кабар таратылышы керек.

11Силерди салып берүү үчүн алып бара жатышканда, эмнени айтабыз деп тынчсызданбагыла. Ошол саатта силерге эмне берилсе, ошону айткыла. Анткени силер эмес, Ыйык Рух сүйлөйт.

12Бир тууган бир тууганын, атасы балдарын өлүмгө кыят. Балдары ата-энелерине каршы көтөрүлүп, аларды өлтүрүшөт.

13Менин ысымым үчүн бардыгына жек көрүндү болосуңар. Ал эми акырына чейин чыдаган адам куткарылат.

14Окуган адам түшүнүп алсын: Даниел пайгамбар аркылуу айтылган кыйратуучу жийиркенич турбашы керек болгон жерде турганын көргөнүңөрдө, Жүйүт аймагындагылар тоолорго качып кетишсин.

15Ким үйдүн төбөсүндө болсо, ал бир нерсе алуу үчүн, үйүнө кирбесин.

16Ким талаада болсо, ал кийимин алуу үчүн, артка кайрылып келбесин.

17Ошол күндөрдө кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот.

18Качууңар кыш мезгилине туура келип калбас үчүн сыйынгыла.

19Анткени ошол күндөрдө чоң алаамат болот, андай алаамат дүйнө жаратылгандан баштап, азыркыга чейин болгон эмес жана кийин да болбойт.

20Эгерде Теңир ал күндөрдү кыскартпаса, анда эч бир адам куткарылмак эмес. Бирок Ал Өзү тандап алгандар үчүн гана ошол күндөрдү кыскартты.

21Ошондо силерге кимдир бирөө: “Мына, Машайак бул жерде” же “Тигине, тигил жерде”, – десе, ишенбегиле.

22Анткени жалган машайактар, жалган пайгамбарлар чыгат. Мүмкүн болсо, тандалгандарды да адаштыруу үчүн, жышаандарды жана кереметтерди көрсөтүшөт.

23Силер болсо сак болгула. Мына, Мен силерге бардыгын алдын ала айттым.

24Бирок ошол күндөрдө ошол алааматтан кийин, күн караңгылап, ай жарыгын бербей калат.

25Асмандан жылдыздар түшүп, асман күчтөрү кыймылдайт.

26Ошондо Адам Уулунун булуттардын үстүндө улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт.

27Ошондо Ал Өзүнүн периштелерин жиберип, төгөрөктүн төрт бурчунан, бүт жер жүзүнөн Өзүнүн тандалгандарын чогултат.

28Анжыр дарагынан сабак алгыла: анын бутактары көөп, бүчүр байлап калганда, жай келерине аз калганын билесиңер.

29Ошол сыяктуу эле, силер да булардын боло баштаганын көргөнүңөрдө, аз убакыт калганын, босогодо турганын билгиле.

30Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.

31Асман менен жер жок болуп кетет, Менин сөздөрүм болсо жок болбойт.

32Ал күндү же ал саатты эч ким билбейт: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, бир гана Ата билет.

33Байкагыла, сергек болгула, сыйынгыла. Анткени ал убакыттын качан келерин билбейсиңер.

34Бул жолго чыгарда үй-жайын калтырып, кулдарына бийлик берип, ар бирине өзүнчө иш тапшырган, дарбаза кайтаруучуга болсо сак болууну буйруган үй ээсине окшош.

35Ошондуктан сергек болгула. Анткени үйдүн ээси качан келерин, кечиндеби, түн ортосундабы, короз кыйкырган маалдабы, таң аткандабы, билбейсиңер.

36Ал күтүлбөгөн убакта, силер уктап жатканда келип калбасын!

37Силерге айтып жатканым баарына тиешелүү: сергек болгула!»

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>