1Пасах жана Ачыткысыз нан майрамына эки күн калган эле. Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйсаны куулук менен кармап алуунун, өлтүрүүнүн жолун издеп жатышты.
2Бирок алар: «Майрам күндөрү болбойт, болбосо эл арасында козголоң чыгып кетет», – деп сүйлөшүштү.
3Ыйса Бетанияда, пес оорулуу Шымондун үйүндө, дасторкондо отурганда, айнек идишке куюлган, кымбат баалуу, нарддан жасалган жыпар жыттуу, таза май алып, бир аял келди. Ал идиштин оозун сындырып, майды Ыйсанын башына куйду.
4Ошондо кээ бирөөлөр ачууланышып, өз ара: «Жыпар жыттуу майды мынча ысырап кылуунун эмне кереги бар эле?
5Аны үч жүздөн ашык динарийге сатып, жакырларга таратып берсе болмок да», – дешти. Ошентип, алар аялга нааразы болушту.
6Бирок Ыйса аларга мындай деди:
7
8
9
10Он эки шакирттин бири Жүйүт Искариот Ыйсаны кармап берүү үчүн, башкы ыйык кызмат кылуучуларга барды.
11Алар болсо муну укканда кубанышып, ага акча берүүнү убада кылышты. Ошондо Жүйүт Ыйсаны алардын колуна салып берүү үчүн, ыңгайлуу учурду издей баштады.
12Ачыткысыз нан майрамынын биринчи күнүндө, Пасах козусу союлганда, шакирттери Ыйсага: «Пасах тамагын кайсы жерде жегиң келет? Биз барып, даярдап берели», – дешти.
13Ошондо Ыйса эки шакиртин мындай деп жиберди:
14
15
16Анын шакирттери жолго чыгып, шаарга келишкенде, бардыгы Ыйса айткандай болуп чыкты. Ошентип, алар Пасах тамагын даярдашты.
17Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен келди.
18Дасторкондо тамак жеп отурушканда, Ыйса аларга:
19Алар бул сөзгө капа болушуп, биринин артынан бири: «Мен эмеспи?» – деп сурай башташты.
20Ыйса аларга:
21
22Алар тамак жеп жатканда, Ыйса нанды алды да, Кудайга ыраазычылык билдирип сындырды. Анан шакирттерине берип:
23Чөйчөктү да алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга берди. Бардыгы ошол чөйчөктөгүдөн ичишти.
24Ошондо Ыйса аларга:
25
26Кудайды даңктап ырдашкандан кийин, алар Зайтун тоосуна жөнөштү.
27Ошондо Ыйса аларга:
28
29Ошондо Петир Ыйсага: «Бардыгы шектенишсе да, мен шектенбейм», – деди.
30Ыйса ага:
31Бирок ал ого бетер күчөп: «Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, мен Сенден баш тартпайм», – деди. Ушундай сөздөрдү башка шакирттер да айтышты.
32Алар Гетсемани деген жерге келишти. Ошондо Ыйса шакирттерине:
33Петирди, Жакыпты, Жаканды ала кетти. Анын тынчы кетип, жаны кыйнала баштады.
34Анан аларга:
35Өзү четкерээк барып, жүзтөмөндөп жыгылды да, мындай деп сыйына баштады: «Эгерде мүмкүн болсо, ушул саат Менден кыя өтүп кетсинчи».
36Анан мындай деп сыйынды:
37Ал шакирттерине кайтып келгенде, алардын уктап жатканын көрүп, Петирге:
38
39Анан дагы четкерээк барып, ошол эле сөздөрдү айтып сыйынды.
40Ал кайтып келгенде, алардын кайрадан уктап калганын көрдү. Анткени аларды уйку басып жаткан эле. Алар Ыйсага эмне деп жооп беришерин билишкен жок.
41Yчүнчү жолу келгенде, Ыйса аларга:
42
43Ыйса муну айтып бүтө электе эле, он экинин бири Жүйүт жана кылыч, союл көтөргөн бир топ адам келип калды. Аларды башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана аксакалдар жиберишкен эле.
44Ыйсага чыккынчылык кылуучу аларга: «Мен кимди өпсөм, Ал – Ошол. Аны кармап, сактык менен алып кеткиле», – деген эле.
45Жүйүт келери менен, Ыйсанын жанына барып: «Устат! Устат!» – деп, Аны өптү.
46Ошондо алар Аны кармап алышты.
47Ыйсанын жанында тургандардын бири кылычын сууруп чыгып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун бир кулагын шылый чапты.
48Ыйса аларга:
49
50Ошондо шакирттеринин баары Ыйсаны таштап, качып кетишти.
51Жылаңач денесине жабуу жамынган бир жаш жигит Ыйсанын артынан ээрчип бара жатты. Ал жигитти аскерлер кармап алышканда,
52ал үстүндөгү жабуусун таштай салып, жылаңач бойдон качып кетти.
53Ыйсаны башкы ыйык кызмат кылуучунун алдына алып келишти. Бардык ыйык кызмат кылуучулар, аксакалдар жана мыйзам окутуучулар Анын жанына чогулушту.
54Петир Аны алыстан ээрчип, ыйык кызмат кылуучунун короосуна кирди. Ал жерде сакчылар менен бирге отуруп, отко жылынды.
55Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен синедриондогулардын баары Ыйсага өлүм жазасын өкүм кылуу үчүн, жалган күбөлөндүрүү издешти, бирок таба алышкан жок.
56Анткени көп адамдар Ага каршы жалган күбөлөндүрүшсө да, ал күбөлөндүрүүлөр бири-бирине карама-каршы эле.
57Кээ бирөөлөр орундарынан туруп, Ага каршы мындай деп жалган күбөлөндүрүштү:
58«Биз Анын:
59Бирок алардын мындай күбөлөндүрүүлөрү да бири-бирине дал келген жок.
60Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу ортого чыгып, Ыйсадан: «Сен эмне такыр жооп бербейсиң? Сага каршы булар эмне деп күбөлөндүрүп жатышат?» – деп сурады.
61Бирок Ыйса унчуккан жок, эч кандай жооп да берген жок. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсага дагы мындай суроо берди: «Даңктуу Кудайдын Уулу, Машайак Сенсиңби?»
62
63Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу өзүнүн кийимин айрып жиберип: «Бизге дагы кандай күбөлөр керек?
64Кудайга акарат келтиргенин өзүңөр уктуңар. Силер буга эмне дейсиңер?» – деди. Алардын баары Ыйсаны өлүм жазасына татыктуу деп чечишти.
65Кээ бирөөлөр Ага түкүрө башташты. Анын көзүн таңып коюп сабап: «Кана, пайгамбарчылык кылчы!» – дешти. Сакчылар да Аны жаакка чапкылашты.
66Петир ылдыйкы короодо турганда, башкы ыйык кызмат кылуучунун күңдөрүнүн бири келди.
67Ал отко жылынып отурган Петирди көрүп, тигиле карап: «Сен да назареттик Ыйса менен чогуу жүрбөдүң беле», – деди.
68Бирок ал: «Сенин эмнени айтып жатканыңды билбейм, түшүнгөн да жокмун», – деп, танып койду. Анан ал сыртка, сырткы короого чыкты. Ошондо короз кыйкырды.
69Петирди кайрадан көргөн күң өзүнүн жанында тургандарга: «Бул да ошолордон», – деп айта баштады.
70Ал болсо дагы танып койду. Ошол жерде тургандар бир аздан кийин Петирге кайрадан: «Сен, чын эле, ошолордонсуң. Анткени сен галилеялыксың да», – дешти.
71Петир болсо аябай карганып: «Силер айтып жаткан Адамды мен тааныбайм», – деди.
72Ошондо короз экинчи жолу кыйкырды. Петир Ыйсанын: