1Таң атары менен, башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар, аксакалдар жана синедриондогулар кеңешме өткөрүштү да, Ыйсаны байлап, Пилатка алып барып тапшырышты.
2Пилат Ыйсадан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады. Ыйса болсо ага:
3Башкы ыйык кызмат кылуучулар Ага каршы көп нерселерди айтып айыптап жатышты.
4Ошондо Пилат Андан: «Сен такыр жооп бербейсиңби?» – деп, дагы сурады. Анан: «Сага каршы айтылган айыптоонун көптүгүн карачы», – деди.
5Бирок Ыйса бул суроого да жооп берген жок. Пилат буга таң калды.
6Ал майрам сайын эл сураган бир туткунду бошотуп берчү.
7Ошол учурда Барабба деген киши көтөрүлүшчүлөр менен бирге камакта болчу. Алар козголоң убагында киши өлтүрүшкөн эле.
8Эл Пилаттан адаттагысындай эле бирөөнү бошотуп берүүсүн сурап, кыйкыра баштады.
9Пилат болсо аларга: «Каалайсыңарбы, мен силерге жүйүттөрдүн Падышасын бошотуп берейин?» – деди.
10Анткени ал башкы ыйык кызмат кылуучулардын Ыйсаны көрө албастыктан улам кармап беришкендигин билчү.
11Бирок башкы ыйык кызмат кылуучулар: «Андан көрө Бараббаны бошотуп берүүсүн сурагыла», – деп, элди тукуруп коюшту.
12Пилат кайрадан аларга: «Жүйүттөрдүн Падышасы деп өзүңөр атаган Адамды эмне кылышымды каалайсыңар?» – деди.
13Алар: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты.
14Пилат алардан: «Ал кандай жаман иш кылды эле?» – деп сурады. Алар болсо: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп, мурдагыдан да катуу кыйкырышты.
15Ошондо Пилат элге жагууну каалап, аларга Бараббаны бошотуп берди. Ал эми Ыйсаны камчы менен сабаткандан кийин, айкаш жыгачка кадатуу үчүн, аскерлердин колуна тапшырды.
16Аскерлер болсо Ыйсаны ак сарайдын короосуна, башкача айтканда, преторияга алып келишти да, бүт аскер бөлүгүн чогултушту.
17Ыйсанын үстүнө кочкул кызыл чапан жаап, башына тикенектен таажы өрүп кийгизишти.
18Анан: «Салам, жүйүттөрдүн Падышасы!» – деп, Аны менен саламдаша башташты.
19Алар Аны ичке чыбык менен башка чапкылашты, Ага түкүрүштү. Тизе бүгүп, Ага таазим кылышты.
20Аны ушинтип шылдыңдашкандан кийин, Андан кочкул кызыл чапанды чечип алып, Өзүнүн кийимин кийгизишти. Анан Аны айкаш жыгачка кадоо үчүн алып жөнөштү.
21Алар талаадан келе жаткан Шымон деген киренеялык бир кишиге Ыйсанын айкаш жыгачын мажбурлап көтөртүп коюшту. Ал Искендер менен Руттун атасы эле.
22Ошентип, алар Ыйсаны Голгофа (бул «Баш сөөгү» деп которулат) деген жерге алып келишти.
23Ага смирна кошулган шарап беришти, бирок Ал ичкен жок.
24Ыйсаны айкаш жыгачка кадагандар өкчөмө таш ыргытып, Анын кийимдерин бөлүп алышты.
25Үчүнчү саат чамасында Аны айкаш жыгачка кадашты.
26Анын баш жагына «Жүйүттөрдүн Падышасы» деген айыптоо жазылган тактайчаны илип коюшту.
27Ыйсанын жанына эки кылмышкерди: бирин Анын оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачка кадашты.
28Ошентип, «Ал кылмышкер катары эсептелди» деген пайгамбарчылык орундалды.
29Өтүп бара жаткандар баштарын чайкап, Ыйсаны мындай деп тилдеп жатышты: «Эй, ийбадаткананы бузуп, үч күндө Тургузуучу!
30Айкаш жыгачтан түшүп, Өзүңдү куткарбайсыңбы!»
31Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар да шылдыңдашып, бири-бирине: «Башкаларды куткарды, Өзүн болсо куткара албайт!
32Машайак, Ысрайылдын Падышасы, азыр айкаш жыгачтан түшсүн, биз көрүп, Ага ишенип калалы», – дешти. Анын жанындагы айкаш жыгачка кадалгандар да Аны тилдеп жатышты.
33Алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин бүт жерди караңгылык басып турду.
34Тогузунчу саатта Ыйса үнүн катуу чыгарып:
35Ал жерде тургандардын кээ бирөөлөрү муну укканда: «Ал Илиясты чакырып жатат», – дешти.
36Ошондо бирөө жүгүрүп барып, соргучту ачуу ичимдикке малды да, аны ичке таякка илип, Ыйсага берди. Анан: «Токтогула, Илияс келип, Аны түшүрүп алар бекен, көрөлү», – деди.
37Ыйса болсо катуу үн чыгарып, жан берди.
38Ошондо ийбадатканадагы көшөгө жогорудан ылдый айрылып, экиге бөлүнүп калды.
39Ыйсанын маңдайында турган жүз башы Анын ушундай катуу үн чыгарып жан бергенин көргөндө: «Бул Адам, чын эле, Кудайдын Уулу болчу», – деди.
40Ал жерде алыстан карап турган аялдар да бар болчу. Алардын арасында магдалалык Мариям, кичинекей Жакып менен Жосенин энеси Мариям, Саломе бар эле.
41Ыйса Галилеяда жүргөндө, алар Анын артынан ээрчип, Ага кызмат кылышчу. Ал жерде Аны менен Иерусалимге келген башка да көптөгөн аялдар бар эле.
42Кеч кирип, жума күнү аяктап, ишемби күнгө таяп калганда,
43синедриондун бир кадырлуу мүчөсү, Кудайдын Падышачылыгын күтүп жүргөн ариматаялык Жусуп келди. Ал Пилатка кирүүгө батынып, Ыйсанын сөөгүн сурады.
44Пилат Анын өлүп калганына таң калды. Анан ал жүз башыны чакырып: «Өлгөнүнө көп болдубу?» – деп сурады.
45Жүз башыдан билгенден кийин, Жусупка сөөктү бердиртти.
46Жусуп ак болотнай сатып алды да, Ыйсанын сөөгүн айкаш жыгачтан түшүрүп, кепиндеди. Анан ал сөөктү асканын бооруна оюлган мүрзөгө коюп, мүрзөнүн оозун таш тоголотуп келип жапты.
47Магдалалык Мариям менен Жосенин энеси Мариям болсо Анын кайсы жерге коюлганын карап турушту.