Марк 16:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Ишемби күн өткөндөн кийин, магдалалык Мариям, Жакыптын энеси Мариям жана Саломе Ыйсанын денесин майлоо үчүн, жыпар жыттуу майларды сатып алышты.

2Жуманын биринчи күнү, эртең менен эрте, күн чыга электе, алар мүрзөгө келишти.

3Алар өз ара: «Мүрзөнүн оозундагы ташты ким четке жылдырып берет?» – деп, сүйлөшүп келе жатышты.

4Алар мүрзөгө жакын келишкенде, таштын четке жылдырылып калганын көрүштү. Таш болсо аябай чоң эле.

5Алар мүрзөгө киргенде, оң тарапта отурган, ак кийимчен бир жигитти көрүп, коркуп кетишти.

6Ал болсо аларга мындай деди: «Коркпогула! Силер айкаш жыгачка кадалган назареттик Ыйсаны издеп жатасыңарбы? Ал тирилди, Ал бул жерде жок. Мына, Анын сөөгү коюлган жер.

7Баргыла да, Анын шакирттери менен Петирге: “Ал силерди Галилеядан тосуп алат. Силерге Өзү айткандай, Аны ошол жактан көрөсүңөр”, – деп айткыла».

8Алар мүрзөдөн чыгып, чуркап жөнөштү. Корккондорунан титиреп, үрөйлөрү учуп калган алар эч кимге эч нерсе айтышкан жок.

9Жуманын биринчи күнү эртең менен эрте тирилген Ыйса эң биринчи болуп, магдалалык Мариямга көрүндү. Ал анын ичинен жети жинди кууп чыгарган эле.

10Мариям барып, мурда Ыйса менен чогуу жүрүп, азыр болсо кайгырып, ыйлап жаткандарга жарыялады.

11Бирок алар Ыйсанын тирүү экендигин жана Мариямдын көргөндүгүн угушканда, ишенишкен жок.

12Ошондон кийин Ыйса бир айылга жол тартып бара жаткан эки шакиртке башкача болуп көрүндү.

13Алар кайтып келип, калган шакирттерге жарыялашты, бирок аларга да ишенишкен жок.

14Ыйса ошондон кийин дасторкондо отурган он бир шакиртине көрүндү. Ал шакирттерин ишенбестиги үчүн жана жүрөктөрүнүн катуулугу үчүн жемеледи. Анткени алар Анын тирилгендигин көргөндөргө ишенбей коюшкан эле.

15Анан аларга мындай деди: «Бүт дүйнөнү кыдырып, бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла.

16Ким ишенип, сууга чөмүлдүрүлсө, ал куткарылат. Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталат.

17Мага ишенгендерди бул белгилер коштоп жүрөт: Менин ысымым менен жиндерди кууп чыгарышат, жаңы тилдерде сүйлөшөт.

18Эгерде колдору менен жыландарды кармап алышса, уулуу нерсе ичип алышса, алардан зыян тартышпайт. Колдорун оорулуулардын үстүнө коюшса, оорулуулар айыгышат».

19Ошентип, Ыйса Теңир алар менен сүйлөшкөндөн кийин, асманга көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына отурду.

20Шакирттер болсо бардык жерди кыдырып, Жакшы Кабар таратып жүрүштү. Теңир аларга жардам берип, көрсөтүлгөн кереметтер аркылуу Өз сөзүн бекемдеп жатты. Оомийин.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>