Марк 3:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса кайрадан синагогага келди. Ал жерде бир колу шал болуп калган адам бар эле.

2Ыйсаны айыпташ үчүн, «Ал бул адамды да ишемби күнү айыктырар бекен», – деп, карап турушту.

3Ыйса болсо бир колу шал болуп калган адамга: «Ортого чык!» – деди да,

4тигилерден: «Ишемби күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? Жанды куткаруу керекпи же өлтүрүү керекпи?» – деп сурады. Алар унчугушкан жок.

5Ошондо Ыйса аларга ачуулана карап, жүрөктөрүнүн катуулугуна кайгырып, жанагы кишиге: «Колуңду сун», – деди. Ал колун сунду. Ошондо анын колу айыгып, экинчи колундай болуп калды.

6Фарисейлер сыртка чыгары менен, Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө Иродду жактоочулар менен кеңешишти.

7Ыйса шакирттери менен көл тарапка кетти. Ошондо Галилея, Жүйүт, Эдом аймагындагы,

8Иерусалим шаарындагы, Иордандын наркы өйүзүндөгү көп эл Анын артынан барды. Анын кылган иштери жөнүндө уккан Тир жана Сидон аймактарындагы эл Ага агылып келип жатты.

9Ошондо Ыйса көпчүлүктүн арасында кысылып калбаш үчүн, Өзүнө бир кайыкты даярдап коюуну шакирттерине дайындады.

10Анткени Ыйса көп кишилерди айыктыргандыктан, оорулуулардын бардыгы Ага колдорун тийгизүү үчүн, жүткүнүп жатышкан эле.

11Жиндер Ыйсаны көргөндө, Анын алдына жыгылып: «Сен Кудайдын Уулусуң!» – деп кыйкырып жатышты.

12Бирок Ыйса алардын Өзү жөнүндө жарыялоосуна катуу тыюу салды.

13Андан кийин Ал тоого чыкты да, Өзү кимдерди кааласа, ошолорду Өзүнө чакырды. Алар Ыйсага келишти.

14Өзүнүн жанына алып жүрүш үчүн жана насаат айтууга жөнөтүш үчүн, Ал он эки кишини тандады да,

15аларга оорулууларды айыктырууга жана жиндерди кууп чыгарууга бийлик берди.

16Ыйса тандаган он эки киши мына булар: «Петир» деген да ысым коюлган Шымон,

17Бойанергес, башкача айтканда, «Чагылгандай чартылдагандар» деген да ысым коюлган Зебедей уулдары Жакып менен Жакан;

18Андрей, Филип, Барталамей, Матай, Томас, Алпей уулу Жакып, Тадай, кааналык Шымон,

19Ага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот.

20Алар үйгө келишкенде, кайрадан көп эл чогулуп калды. Ошондуктан алар тамактана да албай калышты.

21«Ал акылынан айнып калыптыр», – деп айтып жатышканын уккан жакындары Аны алып кеткени келишти.

22Иерусалимден келген мыйзам окутуучулар болсо: «Анын ичинде Белзебул бар. Жиндерди Ал жиндердин башчысынын күчү менен кууп чыгарып жатат», – дешти.

23Ошондо Ыйса мыйзам окутуучуларды жанына чакырып, аларга үлгү-насаат аңгеме менен мындай деп сүйлөдү: «Шайтан шайтанды кантип кууп чыгарсын?

24Эгерде падышачылык ич ара бөлүнсө, анда ал падышачылык кулайт.

25Эгерде үй-бүлө ич ара бөлүнсө, анда ал үй-бүлө бузулат.

26Эгерде шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып бөлүнсө, анда ал тура албайт, анын күнү бүтөт.

27Күчтүү адамды байлап салмайынча, анын үйүнө кирип, мал-мүлкүн уурдоо мүмкүн эмес. Аны байлап салгандан кийин гана үйүн тоноп кетсе болот.

28Силерге чындыкты айтып коёюн, адам баласынын бардык күнөөлөрү жана акарат келтирип айткан сөздөрү кечирилет,

29бирок ким Ыйык Рухка акарат келтирсе, ал түбөлүккө кечирилбейт, түбөлүккө күнөөлүү болот».

30Ыйса бул сөздөрдү «Анын ичинде жин бар» деп айтышкандыгы үчүн айтты.

31Энеси менен бир туугандары келип, сырттан Ыйсаны чакыртышты.

32Анын тегерегинде эл отурган эле. Ошондо Ага: «Энең, инилериң, карындаштарың сыртта Сени чакырып жатышат», – дешти.

33Ыйса аларга: «Менин энем жана бир туугандарым ким?» – деди да,

34айланасында отургандарды тегерете карап: «Мына, менин энем, мына, Менин бир туугандарым.

35Анткени ким Кудайдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым жана энем!» – деп жооп берди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>