Марк 5:1-43 KYB2004 - Bible AI

1Алар көлдүн наркы өйүзүндөгү Гадара аймагына келишти.

2Ыйса кайыктан түшөрү менен, Аны мүрзөлүк үңкүрлөр тараптан жин оорулуу бир адам тосуп чыкты.

3Ал мүрзөлүк үңкүрлөрдө жашачу, аны эч ким чынжыр менен да байлап коё алчу эмес.

4Анткени аны көп жолу кишендеп, чынжыр менен байлашкан, бирок ал чынжырларды үзүп, кишендерди талкалап салчу. Аны тыюуга эч кимдин күчү жетчү эмес.

5Ал дайыма, күндүр-түндүр тоолордо, үңкүрлөрдө кыйкырып жүрчү, өзүн өзү таш менен ургулачу.

6Ал Ыйсаны алыстан көрүп чуркап келди да, Ага таазим кылып:

7«Эй, Ыйса, бардыгынан жогору турган Кудайдын Уулу! Менде эмнең бар? Кудай үчүн суранам, мени кыйнай көрбө», – деп, катуу кыйкырды.

8Анткени Ыйса ага: «Жин, бул адамдын ичинен чыгып кет!» – деп айткан эле.

9Анан Ыйса андан: «Сенин атың ким?» – деп сурады. Ал: «Менин атым “Түмөн”, анткени биз көппүз», – деп жооп берди.

10«Бизди ушул өлкөдөн кууп чыгара көрбө», – деп, жиндер Ыйсадан аябай өтүнүштү.

11Ошол жерде, тоонун боорунда чочколор жайылып жүргөн эле.

12Жиндердин баары Ыйсадан: «Бизди ушул чочколорго жибер, ошолордун ичине кирели», – деп өтүнүштү.

13Ыйса ошол замат аларга уруксат берди. Жиндер адамдын ичинен чыгып, чочколордун ичине кирди. Ошондо эки миңге жакын чочко көлдү карай бет алып, тик жардан кулап, сууга чөгүп өлдү.

14Чочко кайтаруучулар болсо качып жөнөштү. Алар шаарларга, айылдарга барып, бул окуя тууралуу жарыялашты. Эмне болгондугун көргөнү чыккан эл

15Ыйсанын жанына келип, баягы жин оорулуунун, ичинде түмөн жини бар адамдын, кийим кийип, акыл-эсине келип отурганын көрүп, үрөйлөрү учту.

16Бул окуяны көргөндөр жин оорулуу адамга эмне болгондугу жөнүндө, чочколор жөнүндө элге айтып беришти.

17Ошондо эл Ыйсадан өздөрүнүн аймагынан чыгып кетүүсүн сурана баштады.

18Ыйса кайыкка түшкөндө, жин оорусунан айыккан адам Андан: «Сенин жаныңда жүрөйүнчү», – деп суранды.

19Бирок Ыйса ага уруксат берген жок. Ага: «Үйүңө, жакындарыңа бар, Теңир сага эмне кылганын, сага кандай ырайым көрсөткөнүн аларга айтып бер», – деди.

20Ошондо ал барып, Ыйсанын эмне кылганын Декапол дубанында жарыялай баштады. Бардыгы таң калып жатты.

21Ыйса кайрадан берки өйүзгө сүзүп келгенде, Анын жанына көп эл чогулуп калды. Ал көлдүн жээгинде турганда,

22синагога башчыларынын бири, Жайыр деген киши келди. Ал Ыйсаны көргөндө, Анын бутуна жыгылып:

23«Кызым өлүм алдында жатат. Барып, ага колуңду тийгиз, ал оорусунан айыгып, тирүү калсын», – деп жалынып-жалбарды.

24Ыйса аны менен жөнөдү. Анын артынан ээрчип алган көп эл Аны туш тарабынан кысып бара жатты.

25Элдин арасында он эки жылдан бери кан агуудан азап чегип жүргөн бир аял бар эле.

26Ал көп дарыгерлерге көрүнүп, колунда болгонун бүт түгөткөн, бирок оорусунан айыкпай, абалы начарлай берген.

27Ыйса жөнүндө уккан бул аял көпчүлүктү аралап өтүп, Анын артынан келип, кийимине колун тийгизди.

28Анткени ал: «Анын кийимине колумду тийгизсем эле айыгам», – деген эле.

29Ошол замат анын кан агуусу токтоду. Аял өзүнүн оорудан айыкканын сезди.

30Ошол эле учурда Ыйса Өзүнөн күч чыкканын сезип: «Менин кийимиме ким колун тийгизди?» – деп, элге кайрылды.

31Шакирттери Ага: «Топ эл Сени кысып турганын көрүп турасың да, анан “Мага ким колун тийгизди?” – дейсиң!» – дешти.

32Бирок Ыйса муну ким кылганын көрүш үчүн, тегерегин карады.

33Өзүнүн айыкканын билген ал аял коркконунан калтырап, Ыйсанын алдына келип жыгылды да, Ага болгон чындыкты айтып берди.

34Ошондо Ыйса ага: «Кызым, сени ишенимиң куткарды. Тынчтык менен бара бер. Ооруңдан айык!» – деди.

35Ыйса ушуну айтып жатканда, синагога башчысынын үйүнөн адамдар келишип: «Кызың өлүп калды. Эми Устатты убара кылбай эле кой», – дешти.

36Ыйса бул сөздөрдү укканда, ошол замат синагога башчысына: «Коркпо, бирок ишен!» – деди.

37Ыйса Петирди, Жакыпты жана анын бир тууганы Жаканды гана ээрчитип алып,

38синагога башчысынын үйүнө барды. Ал жерден Ал ызы-чуу түшүп, буркурап-боздоп ыйлап жаткандарды көрдү.

39Ичкери кирип, аларга: «Эмнеге ызы-чуу түшүп, ыйлап жатасыңар? Кыз өлбөй эле уктап жатат», – деди.

40Алар болсо Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. Ыйса баарын тышка чыгарып жиберди да, кыздын ата-энесин жана Өзү менен келгендерди ээрчитип, кыз жаткан бөлмөгө кирди.

41Ыйса кызды колунан алып, ага: «Талита куми!» – деди. Бул сөз «Кыз, сага айтып жатамын, тур!» деп которулат.

42Кыз ошол замат ордунан туруп, баса баштады. Ал он эки жашта эле. Муну көргөндөр аябай таң калышты.

43«Муну эч ким билбесин», – деп, Ыйса аларга катуу эскертти да, кызга тамак берүүнү буйруду.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>