1Ыйса ал жерден чыгып, Өз жерине келди. Шакирттери да Аны менен келишти.
2Ишемби күнү Ыйса синагогада элди окута баштады. Ошондо Аны угуп жаткандардын көпчүлүгү таң калып: «Мунун баарын Ал кайдан билет? Ага мындай акылмандыкты ким берген? Мындай кереметтерди Ал кантип жасап жатат?
3Бул жыгач уста Ыйса эмеспи? Бул Мариямдын уулу, Жакыптын, Жусуптун, Жүйүттүн жана Шымондун бир тууганы эмеспи? Анын карындаштары бул жерде, биздин арабызда эле жүрүшөт го», – дешти. Ошентип, алар Ыйсаны кабыл алгылары келген жок.
4Ыйса болсо аларга:
5Ыйса бул жерде кээ бир эле оорулуулардын үстүнө колун коюп, аларды айыктыргандан башка эч кандай керемет көрсөткөн жок.
6Элдин ишенбестигине таң калды. Анан тегеректеги айыл-кыштактарды кыдырып, элди окутту.
7Анан Ал он эки шакиртин чакырып алып, аларга жиндердин үстүнөн бийлик берди да, эки-экиден кылып жөнөтө баштады.
8Аларга мындай деп осуят кылды:
9
10Анан дагы мындай деди:
11
12Ошентип, шакирттер жолго чыгышты да, адамдарды тобо кылууга чакыра башташты.
13Көптөгөн жин оорулуулардын ичинен жиндерди кууп чыгарып, көптөгөн оорулууларга май сыйпап, аларды айыктырып жатышты.
14Ыйсанын ысымы белгилүү болуп калгандыктан, падыша Ирод да Ал жөнүндө угуп: «Бул – чөмүлдүрүүчү Жакан. Ал тирилиптир, ошондуктан кереметтерди көрсөтүп жатат», – деди.
15Кээ бирөөлөр: «Бул – Илияс пайгамбар», – дешсе, дагы бирөөлөр: «Бул деле пайгамбарлардын бири», – дешти.
16Ирод болсо бул сөздөрдү угуп: «Бул – мен башын алдырган Жакан, ал тирилиптир», – деди.
17Ирод өзүнүн бир тууганы Филиптин аялы Иродияны алып алганда, Жакан:
18«Бир тууганыңдын аялын албашың керек болчу», – деп айткан. Ошондуктан Ирод киши жиберип, Жаканды карматып, түрмөгө отургузуп койгон эле.
19Иродия болсо Жаканга ачууланып, аны өлтүргүсү келген, бирок өлтүрө алган эмес.
20Анткени Жакандын адил, ыйык адам экенин билген Ирод андан коркчу, ошондуктан аны коргоп жүрчү. Көп иштерди анын кеңеши боюнча кылып, анын сөзүн кунт коюп угар эле.
21Ирод өзүнүн туулган күнүн белгилөө үчүн, өзүнүн төрөлөрү, миң башылары, Галилея аксакалдары үчүн той өткөрдү. Ошол күнү Иродия үчүн ыңгайлуу учур келди.
22Тойдо Иродиянын кызы бийлеп берди. Бул Иродго жана анын конокторуна жагып калды. Ошондо падыша кызга: «Каалаганыңды сура, сураганыңды берем», – деди.
23Анан ага: «Сураганыңды беремин, ал гана эмес, падышачылыгымдын жарымын берем», – деп ант берди.
24Кыз барып, энесинен: «Эмнени сурайын?» – деп сурады. «Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын сура», – деди энеси.
25Кыз ошол замат шашылыш түрдө падышага келип: «Мага азыр чөмүлдүрүүчү Жакандын башын идишке салдырып келип бер», – деди.
26Буга падыша капа болду. Бирок конокторунун алдында ант берип койгондугу үчүн, кыздын сураганын орундатпай коё алган жок.
27Падыша ошол замат өзүнүн жасоолун жиберип, Жакандын башын алып келүүнү буйруду.
28Жасоол түрмөгө барып, Жакандын башын алды да, идишке салып, кызга алып келип берди. Кыз аны энесине алып барып берди.
29Муну уккан Жакандын шакирттери келишти да, анын сөөгүн алып, мүрзөгө коюшту.
30Элчилер Ыйсанын жанына чогулуп, Ага баарын: эмне кылышканын, элди эмнеге үйрөтүшкөнүн айтып беришти.
31Ыйса аларга:
32Ошондо алар өздөрүнчө бөлүнүп, кайык менен ээн жерге кетишти.
33Бирок эл алардын кетип бара жатканын көрүп калды, бул жөнүндө көптөр билишти. Шаарлардан жөө чыккан элдин баары алар бара турган жакты көздөй чуркап, алардан мурда барып калышты.
34Ыйса кайыктан түшкөндө, көп элди көрүп, аларга боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлордой эле. Ыйса аларга көп нерсени үйрөтө баштады.
35Бир топ убакыт өткөндөн кийин, Анын шакирттери жанына келип: «Бул ээн талаа экен, кеч да кирип кетти.
36Элди тарат, алар тегеректеги айыл-кыштактарга барып, өздөрүнө нан сатып алышсын, алардын жей турган эч нерсеси жок», – дешти.
37Ыйса болсо:
38Ыйса аларга:
39Ошондо Ыйса аларга элди топ-топ кылып бөлүп, чөптүн үстүнө отургузууну буйруду.
40Эл жүздөн, элүүдөн болуп, катар-катар отурду.
41Ыйса беш нан менен эки балыкты алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Анан нанды сындырып, элге таратыш үчүн, шакирттерине берди. Эки балыкты да бардыгына бөлүп берди.
42Бардыгы тоё жешти.
43Артып калган нан менен балыкты чогултканда, он эки себет толду.
44Тамактанган эркектердин саны беш миңге жакын эле.
45Ошондон кийин Ыйса Өзүнүн шакирттерине: «Кайыкка түшүп, Менден мурун наркы өйүзгө, Бетсайида шаарына баргыла», – деп буйруду. Өзү болсо элди таратуу үчүн калып калды.
46Элди таратып жибергенден кийин, сыйыныш үчүн тоого кетти.
47Кеч киргенде, кайык көлдүн ортосуна жетип калган эле. Ыйса болсо жээкте жалгыз турду.
48Ошондо Ал шакирттеринин кыйынчылык менен сүзүп бара жатышканын көрдү. Анткени шамал аларга каршы согуп жаткан эле. Болжол менен түнкү төртүнчү күзөт убагында Ыйса көлдүн үстү менен басып, шакирттерине жакын келди да, алардын жанынан өтүп кетмекчи болду.
49Көлдүн үстүндө басып келе жаткан Ыйсаны көргөн шакирттер Аны элес деп ойлоп, кыйкырып жиберишти.
50Анткени бардыгы Аны көрүп, коркуп кетишкен эле. Бирок Ыйса ошол замат аларга:
51Ыйса алардын кайыгына түшөрү менен, шамал басылды. Шакирттер өздөрүнчө аябай таң калышты.
52Анткени алар нан менен болгон кереметти түшүнүшкөн эмес. Себеби алардын жүрөгү таш болуп калган эле.
53Алар көлдүн наркы өйүзүнө, Генисарет жерине сүзүп өтүп, жээкке токтошту.
54Алар кайыктан түшкөндө, ал жердин тургундары Ыйсаны дароо таанып,
55ошол аймакты аралап чуркап, кабарлап чыгышты. Ошондо Ыйсанын кайсы жерде экенин уккандар оорулууларды төшөгү менен көтөрүп келе башташты.
56Ал кайсы гана жерге барбасын, айылда болобу, шаарда болобу, кыштакта болобу, оорулууларды ачык жерлерге жаткырып, Андан кийиминин бир четине эле кол тийгизүүгө уруксат сурап жатышты. Ага колун тийгизгендер айыгып жатты.