1Иерусалимден келген фарисейлер менен кээ бир мыйзам окутуучулар Ыйсанын жанына чогулушту.
2Алар Ыйсанын кээ бир шакирттеринин таза эмес колдору менен, башкача айтканда, кол жуу салтын аткарбай тамактанып жатканын көрүп калышты.
3Анткени фарисейлер жана бардык жүйүттөр ата-бабаларынан калган салт боюнча кол жуу салтын аткармайынча, тамак жешпейт.
4Базардан келгенден кийин да, кол жуу салтын аткармайынча, тамак жешпейт. Алар ошондой эле чөйчөктөрдү, кумураларды, казандарды жана отургучтарды жуу сыяктуу көптөгөн салттарды кармашат.
5Ошондуктан фарисейлер менен мыйзам окутуучулар Ыйсадан: «Эмне үчүн Сенин шакирттериң ата-бабалардан калган салтты сакташпайт? Эмне үчүн алар кол жуу салтын аткарбай тамак жешет?» – деп сурашты.
6Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
7
8
9Аларга дагы мындай деди:
10
11
12
13
14Анан кайрадан элдин баарын жанына чакырып:
15
16
17Ыйса элдин жанынан кетип, үйгө киргенде, шакирттери Андан үлгү-насаат аңгеме жөнүндө сурашты.
18Ыйса аларга:
19
20Анан Ыйса сөзүн улап:
21
22
23
24Ыйса ал жерден чыгып, Тир жана Сидон аймактарына келип, бир үйгө кирди. Ал Өзүнүн келгенин кимдир бирөөнүн билүүсүн каалаган жок, бирок эл билип калды.
25Жин оорулуу кызы бар бир аял Ыйса жөнүндө угары менен келип, Анын бутуна жыгылды.
26Сиропойникелик бул аял бутпарас болчу. Ал Ыйсадан кызынын ичинен жинди кууп чыгаруусун өтүндү.
27Бирок Ыйса аялга:
28Аял болсо: «Ооба, ошондой, Теңир! Бирок иттер да балдар жеген нандын үстөлдүн астына түшкөн күкүмдөрүн жешет», – деп жооп берди.
29Ошондо Ыйса ага:
30Аял үйүнө келгенде, кызынын жин оорусунан айыгып, төшөктө жатканын көрдү.
31Ыйса Тир, Сидон аймактарынан чыгып, Декапол дубаны аркылуу кайрадан Галилея көлүнө келди.
32Ага дүлөй жана кекеч бир адамды алып келишип: «Мунун үстүнө колуңду коюп койчу», – деп өтүнүштү.
33Ыйса аны элден бөлүп, четке чыгарды да, эки манжасын анын кулагына салып, түкүрүп, анын тилине тийгизди.
34Асманды карап, терең үшкүрдү да, ага:
35Ошол замат анын кулагы ачылып, тили чечилди. Ал кекечтенбей, так сүйлөп калды.
36Ыйса аларга муну эч кимге айтпоону буйруду. Бирок Ал канчалык тыйса да, алар элге ошончолук жайышты.
37Адамдар аябай таң калышып: «Анын кылган ишинин баары жакшы: дүлөйлөрдү угузуп, дудуктарды сүйлөтүп жатат», – дешти.