1Ыйса Машайактын санжырасы: Ал – Дөөттүн Уулу, Ал – Ыбрайымдын Уулу.
2Ыбрайымдан Ыскак, Ыскактан Жакып, Жакыптан Жүйүт жана дагы башка балдар төрөлгөн.
3Жүйүт менен Тамардан Перес менен Зерак төрөлгөн. Перестен Хесрон, Хесрондон Рам төрөлгөн.
4Рамдан Аминадап, Аминадаптан Нахшон, Нахшондон Салмон төрөлгөн.
5Салмон менен Рахаптан Бууз төрөлгөн. Бууз менен Руттан Обейт төрөлгөн. Обейттен Жышай төрөлгөн.
6Жышайдан Дөөт падыша төрөлгөн. Дөөттөн Сулайман төрөлгөн. Сулаймандын энеси мурун Урийдин аялы болчу.
7Сулаймандан Рехабам, Рехабамдан Абиям, Абиямдан Аса,
8Асадан Жошапат, Жошапаттан Жорам, Жорамдан Узия,
9Узиядан Жотам, Жотамдан Ахаз, Ахаздан Хиския,
10Хискиядан Менаше, Менашеден Амон, Амондон Жошия төрөлгөн.
11Бабыл өлкөсүнө туткундалып бара жатканда, Жошиядан Жайаким, Жайакимден Жайахин жана дагы башка балдар төрөлгөн.
12Бабыл өлкөсүнө туткундалып баргандан кийин, Жайахинден Шалем төрөлгөн. Шалемден Зоробабыл,
13Зоробабылдан Абыйут, Абыйуттан Элийаким, Элийакимден Адзор,
14Адзордон Садок, Садоктон Аким, Акимден Элийут,
15Элийуттан Элазар, Элазардан Матан, Матандан Жакып төрөлгөн.
16Жакыптан Мариямдын күйөөсү Жусуп төрөлгөн. Мариямдан Машайак деп аталган Ыйса төрөлдү.
17Ошентип, Ыбрайымдан Дөөткө чейин бардыгы болуп он төрт муун, Дөөттөн Бабыл туткундугу убагына чейин он төрт муун, Бабыл туткундугу убагынан Машайак төрөлгөнгө чейин он төрт муун.
18Ыйса Машайактын төрөлүшү мындай болду: Анын энеси Мариям Жусуп менен убадалашып койгон. Бирок алардын никеси кыйыла электе эле, Мариямдын Ыйык Рухтан кош бойлуу болгону белгилүү болду.
19Анын болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан, Мариямды эл алдында уятка калтыргысы келген жок. Ошондуктан ал Мариям менен бекиткен убадасын жашыруун бузууну ойлоду.
20Ушундай ойго келген кезде, Теңирдин периштеси ага түшүндө көрүнүп, мындай деди: «Жусуп, Дөөттүн уулу! Мариямды аялдыкка алуудан коркпо, анткени анын боюна бүткөн бала Ыйык Рухтан.
21Ал Уул төрөйт, Анын ысымын Ыйса деп койгун. Анткени Ал Өз элин күнөөлөрүнөн куткарат».
22Булардын баары Теңирдин Ышайа пайгамбар аркылуу «Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, анын ысымын Эмануел деп коюшат» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. Бул ысым «Кудай биз менен» деп которулат.
24Жусуп ойгонгондон кийин, Теңирдин периштеси буйругандай кылды. Ал Мариямды аялдыкка алды.
25Бирок Мариям Уулун төрөгүчө, Жусуп ага жакындаган жок. Уул төрөлгөндө, Жусуп Анын ысымын Ыйса деп койду.