1Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга ар түрдүү ооруларды, ар кандай кеселдерди айыктырууга жана жиндерди кууп чыгарууга бийлик берди.
2Он эки элчинин ысымдары мындай: Петир деген да ысым коюлган Шымон жана анын бир тууганы Андрей, Зебедейдин уулдары Жакып менен Жакан,
3Филип жана Барталамей, Томас жана салык жыйноочу Матай, Алпей уулу Жакып жана Тадай деген да ысымы бар Леби,
4кааналык Шымон жана Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот.
5Он эки шакиртин жиберип жатып, Ыйса мындай буйрук берди: «Бутпарастардын жерине барбагыла, самариялыктардын шаарларына кирбегиле.
6Адегенде Ысрайыл элинин адашкан койлоруна баргыла.
7Барганыңарда, Асман Падышачылыгынын жакындаганын жарыялагыла.
8Оорулууларды, пес оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, жиндерди кууп чыгаргыла. Бекер алдыңарбы, бекер бергиле.
9Белиңерге алтын да, күмүш да, жез тыйын да түйүп албагыла.
10Жолго түйүнчөк да, эки сыйра кийим да, чарык да, таяк да албагыла. Анткени эмгектенген адам ичип-жегенге акылуу.
11Кайсы гана шаарга же кыштакка барбагыла, ал жерден ылайыктуу бирөөнү сураштырып таап, кеткениңерче, ошонукунда калгыла.
12Үйгө киргенде, саламдашып: “Бул үйгө тынчтык келсин!” – дегиле.
13Эгерде ал үйдө тынчтыкты кабыл алууга татыктуулар болсо, тынчтыгыңар аларга келет. Эгерде татыктуулар жок болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келет.
14Ал эми ким силерди кабыл албаса жана сөзүңөргө кулак салбаса, ал үйдөн же ал шаардан чыгып бара жатканыңарда, бутуңардагы чаңды күүп койгула.
15Силерге чындыкты айтып коёюн, сот күнү ал шаарга караганда Содом менен Амор шаарларына жеңилирээк болот.
16Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду коё берген сыяктуу жиберип жатамын. Ошондуктан жыландай акылдуу, көгүчкөндөй жөнөкөй болгула.
17Адамдардан сак болгула, анткени алар силерди сотко беришет жана синагогаларында уруп-сабашат.
18Мен үчүн силерди башчылардын жана падышалардын алдына алып барышат. Ошентип, силер аларга жана бутпарастарга Мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр.
19Силерди кармап беришкенде, “Эмнени айтабыз, кантип айтабыз?” деп тынчсызданбагыла. Эмнени айтуу керек болсо, ошол учурда силерге берилет.
20Анткени силер эмес, силер аркылуу Атаңардын Руху сүйлөйт.
21Бир тууган бир тууганын, атасы баласын өлүмгө кыят. Балдары ата-энелерине каршы чыгып, аларды өлтүрүшөт.
22Менин ысымым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат.
23Силерди бир шаардан кубалашса, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып коёюн, силер Ысрайылдын бардык шаарларын айланып чыкканыңарча эле, Адам Уулу келип калат.
24Шакирт өз устатынан, кул өз кожоюнунан жогору эмес.
25Шакиртке өзүнүн устатындай, кулга өзүнүн кожоюнундай болуу жетиштүү. Эгерде үй ээсин Белзебул дешсе, анда үйдөгүлөрүнө андан бетер жаман айтышпайбы!
26Ошондуктан алардан коркпогула. Анткени ачылбай калчу жашыруун эч нерсе жок, билинбей калчу эч бир сыр жок.
27Силерге караңгылыкта айтканымды силер жарыкта айткыла. Акырын айтканымды там үстүнөн жарыялагыла.
28Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула. Жанды да, денени да оттуу көлдө өлтүрө ала тургандан корккула.
29Эки таранчы бир ассарийге эле сатылат эмеспи. Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт.
30Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу.
31Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар.
32Ким Мени адамдардын алдында ачык тааныса, Мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм.
33Ким адамдардын алдында Менден баш тартса, Мен да асмандагы Атамдын алдында андан баш тартам.
34Мени жер үстүнө тынчтык алып келди деп ойлобогула. Мен тынчтык эмес, кылыч алып келдим.
35Анткени Мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүү үчүн келдим.
36Адамдын душманы – өз үйүндөгүлөрү.
37Ким атасын же энесин Менден артык сүйсө, ал Мага татыктуу эмес. Ким уулун же кызын Менден артык сүйсө, ал Мага татыктуу эмес.
38Ким Мени өз айкаш жыгачын алып ээрчибесе, ал Мага татыктуу эмес.
39Ким өз жанын аяса, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.
40Ким силерди кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ким Мени кабыл алса, ал Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот.
41Ким пайгамбарды пайгамбар катары кабыл алса, ал пайгамбардыкындай сыйлык алат. Ким такыбааны такыбаа катары кабыл алса, ал такыбааныкындай сыйлык алат.
42Ким Менин ушул жөнөкөй шакирттеримдин бирине, ал Менин шакиртим болгону үчүн, бир чөйчөк муздак суу берсе, силерге чындыкты айтып коёюн, ал сыйлыксыз калбайт».