Матай 12:1-50 KYB2004 - Bible AI

1Ишемби күндөрүнүн биринде Ыйса эгин талаасы менен кетип бара жаткан. Ачка болгон шакирттери буудайдын баштарын үзүп жей башташты.

2Муну көргөн фарисейлер Ыйсага: «Мына, Сенин шакирттериң ишемби күнү кылууга болбой турган ишти кылып жатышат», – дешти.

3Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Өзү жана жанындагылар ачка болгондо, Дөөттүн эмне кылганы жөнүндө окуган жок белеңер?

4Дөөт Кудай үйүнө кирип, ыйык кызмат кылуучулардан башка эч кимге жегенге болбой турган нан курмандыгын жеген.

5Ишемби күндөрү ийбадатканада ыйык кызмат кылуучулар ишемби күндү бузушса да, күнөөлүү болбостугу жөнүндө мыйзамдан окуган жок белеңер?

6Силерге айтып коёюн, бул жерде ийбадатканадан чоң Бирөө бар.

7Эгерде силер “Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм” деген сөздү түшүнсөңөр, айыпсыздарды айыптабас элеңер.

8Анткени Адам Уулу – ишемби күндүн да кожоюну».

9Ал жерден кетип бара жатып, Ыйса алардын синагогасына кирди.

10Ошол жерде бир колу шал болуп калган адам бар эле. Фарисейлер Аны айыптоо үчүн: «Ишемби күнү оорулууну айыктырууга болобу?» – деп сурашты.

11Ыйса аларга мындай деди: «Ишемби күнү бирөөңөрдүн жалгыз коюңар чуңкурга түшүп кетсе, барып, аны чыгарып албайт белеңер?

12Койго караганда, адам канча эсе баалуу! Демек, ишемби күнү жакшылык кылууга болот».

13Анан тиги адамга: «Колуңду сунчу!» – деди. Ал колун сунду. Ошондо анын колу айыгып, экинчи колундай болуп калды.

14Фарисейлер болсо сыртка чыгып, Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө кеңешишти. Ыйса муну билип, ал жерден кетип калды.

15Ошондо Ыйсаны көп адам ээрчип алды. Ыйса алардын баарын айыктырып,

16Өзү жөнүндө башкаларга жарыялоого катуу тыюу салды.

17Ышайа пайгамбар аркылуу айтылган бул сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду:

18«Мына, Менин тандап алган Кулум, Менин Сүйүктүүм, Мен Ага ыраазымын. Мен Ага Өзүмдүн Рухумду берем, Ал элдерге акыйкаттыкты жар салат.

19Ал кыйкырбайт, үнүн көтөрбөйт, көчөдөн Анын үнүн укпайсың.

20Акыйкаттыкты жеңишке жеткирмейинче, чала сынган камышты сындырып салбайт, түтөп жаткан чырактын билигин өчүрүп салбайт.

21Анын ысымына элдер үмүттөнүшөт».

22Андан кийин Ыйсага жин оорулуу, сокур, дудук бир адамды алып келишти. Ыйса ал адамды айыктырды, анын тили сүйлөп, көзү көрүп калды.

23Элдин баары таң калып: «Дөөттүн Уулу Машайак ушул эмеспи?» – дешти.

24Муну уккан фарисейлер: «Жиндерди Ал жиндердин башчысы Белзебулдун күчү менен кууп чыгарып жатат», – дешти.

25Ыйса алардын оюн билип, мындай деди: «Ич ара бөлүнгөн падышачылык кулайт. Ич ара бөлүнгөн шаар кыйрайт, ич ара бөлүнгөн үй-бүлө бузулат.

26Эгерде шайтан шайтанды кууп чыгарып жатса, анда ал өзүнө өзү каршы чыгып жаткан экен да?! Анда анын падышачылыгы кантип турат?

27Эгерде Мен жиндерди Белзебулдун күчү менен кууп чыгарып жаткан болсом, анда силердин уулдарыңар кимдин күчү менен кууп чыгарып жатышат? Ошондуктан силерди ошолор айыпташат.

28Эгерде Мен жиндерди Кудайдын Руху менен кууп чыгарып жаткан болсом, анда силерге Кудайдын Падышачылыгы келди.

29Күчтүү адамды байлап салмайынча, үйүнө кирип, мал-мүлкүн уурдоо мүмкүнбү? Аны байлап салгандан кийин гана үйүн тоноого болот.

30Ким Мени менен болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен бирге жыйнабаса, ал чачат.

31Ошондуктан силерге айтып коёюн, ар бир күнөө жана акарат сөздөр кечирилет, бирок Рухка каршы айтылган акарат сөздөр кечирилбейт.

32Ким Адам Уулуна каршы сөз айтса, анын бул күнөөсү кечирилет. Ал эми ким Ыйык Рухка каршы сөз айтса, анын бул күнөөсү бул кылымда да, келечек кылымда да кечирилбейт.

33Даракты да, жемишин да жакшы деп эсептегиле. Же даракты да, жемишин да жаман деп эсептегиле. Анткени дарак жемишинен билинет.

34Жылан тукумдары! Жаман болуп туруп, жакшы сөздү кантип сүйлөмөк элеңер? Жүрөк эмнеге толсо, ооздон ошол чыгат.

35Жакшы адам жакшы казынасынан жакшылык алып чыгат. Жаман адам жаман казынасынан жамандык алып чыгат.

36Силерге айтып коёюн, адамдар ар бир куру сөзү үчүн сот күнү жооп беришет.

37Анткени өз сөзүң менен акталасың, өз сөзүң менен айыпталасың».

38Ошондо мыйзам окутуучулар менен фарисейлердин кээ бирөөлөрү мындай дешти: «Устат, Сенин бизге бир жышаан көрсөтүшүңдү каалайбыз».

39Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Бузулган, жаман муун жышаан көргүсү келет. Бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт.

40Жунус пайгамбар үч күн, үч түн чоң балыктын ичинде болгондой эле, Адам Уулу да үч күн, үч түн жер ортосунда болот.

41Нинеби эли сот күнү бул муун менен бирге тирилип, бул муунду айыптайт. Анткени нинебиликтер Жунустун насаат сөзүн угуп тобо кылышкан. Бирок бул жерде Жунустан чоң Бирөө бар.

42Түштүктүк падыша аял сот күнү бул муун менен бирге тирилип, бул муунду айыптайт. Сулаймандын накыл сөздөрүн угуш үчүн, ал падыша аял дүйнөнүн бир четинен келген. Бирок бул жерде Сулаймандан чоң Бирөө бар.

43Жин адамдын ичинен чыккандан кийин, тынчтык издеп, кургак жерлерди кыдырат, бирок таппайт.

44Ошондо: “Чыккан жериме, өз үйүмө кайтайын”, – дейт. Үйүнө келип, анын бош экенин, шыпырылып, жыйналганын көрөт.

45Анан барат да, өзүнөн да ашынган жети жинди ээрчитип келет. Бардыгы ал үйгө кирип, жашай башташат. Ошондо ал адамдын абалы мурункусунан да жаман болот. Бул жаман муунга да ошондой болот».

46Ыйса элге сүйлөп жаткан маалда, энеси менен бир туугандары Аны менен сүйлөшүш үчүн, сыртта күтүп турушту.

47Ошондо кимдир бирөө: «Энең менен бир туугандарың Сени менен сүйлөшүш үчүн, сыртта турушат», – деди.

48Ыйса муну айткан адамга: «Менин энем ким? Бир туугандарым ким?» – деди да,

49шакирттерин көрсөтүп: «Мына, Менин энем, Менин бир туугандарым.

50Ким Менин Асмандагы Атамдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым, энем», – деп жооп берди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>