1Ошол күнү Ыйса үйдөн чыгып, көлдүн жээгине барып отурду.
2Жанына көп эл чогулуп калгандыктан, Ал кайыкка түштү. Эл болсо жээкте турду.
3Ошондо Ыйса аларга үлгү-насаат аңгемелер менен көп насаат айтты. Ал мындай деди: «Себүүчү үрөн себүү үчүн чыкты.
4Ал сээп жатканда, кээ бир үрөндөр жол боюна түштү. Канаттуулар учуп келип, аларды терип жеп кетишти.
5Кээ бир үрөндөр топурагы аз, таштак жерге түштү. Жердин кыртышы жука болгондуктан, алар тез эле өнүп чыкты.
6Бирок күн чыкканда, соолуп, терең тамырлай албай, куурап калды.
7Кээ бир үрөндөр тикенектин арасына түштү. Тикенектер өсүп, аларды басып салды.
8Кээ бир үрөндөр жакшы топуракка түшүп, бири жүз эсе, бири алтымыш эсе, бири отуз эсе түшүм берди.
9Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!»
10Шакирттери жакын келип, Ыйсадан: «Эмне үчүн Сен аларга үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөп жатасың?» – деп сурашты.
11Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге Асман Падышачылыгынын сырларын таанып билүү мүмкүнчүлүгү берилди, аларга болсо берилген жок.
12Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, анда мол болот. Ал эми кимде жок болсо, андан бар нерсеси да тартылып алынат.
13Аларга үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөгөнүмдүн себеби: алар карап турушса да көрүшпөйт, угуп турушса да угушпайт жана түшүнүшпөйт.
14Ышайанын алар жөнүндө айткан бул пайгамбарчылыгы аткарылып жатат: “Кулагыңар менен угуп турасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр; көзүңөр менен карап турасыңар, бирок көрбөйсүңөр.
15Анткени бул элдин көкүрөгү сокур болуп калган, кулагын жаап, көзүн жуумп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, түшүнүшпөйт жана айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт”.
16Ал эми силер көзүңөр менен көрүп, кулагыңар менен угуп турганыңар үчүн бактылуусуңар.
17Силерге чындыкты айтып коёюн, көп пайгамбарлар жана адил адамдар силер көргөндү көрүүнү каалашкан, бирок көрүшкөн жок. Силер укканды угууну каалашкан, бирок угушкан жок.
18Эмесе, себүүчү жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеменин маанисин угуп алгыла.
19Асман Падышачылыгы жөнүндөгү сөздү угуп, бирок түшүнбөгөн адамга амалкөй келет да, анын жүрөгүнө себилгенди уурдап кетет. Жол боюна түшкөн үрөн мына ушуну билдирет.
20Таштак жерге түшкөн үрөн муну билдирет: адам сөздү угат да, дароо кубаныч менен кабыл алат.
21Бирок сөз анын жүрөгүндө терең тамырлай албагандыктан, ал адам туруксуз болот. Сөз үчүн кайгы же куугунтук болгондо, ал дароо баш тартып кетет.
22Тикенектин арасына түшкөн үрөн муну билдирет: адам сөздү угат, бирок бул дүйнөнүн түйшүгү жана байлыкка азгырылуу сөздү басып салат да, сөз жемиш бербей калат.
23Жакшы жерге түшкөн үрөн сөздү угуп, түшүнгөн адамды билдирет. Ал жүз эсе, же алтымыш эсе, же отуз эсе түшүм берет».
24Ыйса аларга дагы башка үлгү-насаат аңгеме айтты: «Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырууга болот: бир адам өз талаасына жакшы үрөн септи.
25Эл уйкуда жатканда, анын душманы келип, буудай арасына кара сойлоктун уругун сээп кетти.
26Буудай баш алып калганда, кара сойлоктор да өсүп чыкты.
27Ошондо үй ээсинин кулдары келип: “Кожоюн, сен талааңа жакшы үрөн сеппедиң беле? Бул кара сойлоктор кайдан пайда болду?” – деп сурашты.
28“Муну душман кылды”, – деп жооп берди үй ээси. Кулдары: “Эгерде кааласаң, биз барып, аларды жулуп таштайбыз”, – дешти.
29Бирок үй ээси: “Жок. Кара сойлокторду жулам деп, буудайды кошо жулуп аласыңар.
30Тим койгула, орок маалына чейин экөө чогуу өсө берсин. Орок маалы келгенде, мен орокчуларга: "Адегенде кара сойлокторду оргула да, боо-боо кылып байлап, өрттөп жибергиле. Буудайды болсо менин кампама жыйнагыла", – деп айтам”, – деди».
31Ыйса аларга дагы мындай үлгү-насаат аңгеме айтты: «Асман Падышачылыгы талаага себилген сары кычы данына окшош.
32Ал уруктардын ичинен эң кичинекейи болсо да, өсүп чыкканда, бардык өсүмдүктөрдөн чоң болуп, даракка айланат. Канаттуу куштар учуп келип, анын бутактарына корголошот».
33Ыйса аларга дагы мындай үлгү-насаат аңгеме айтты: «Асман Падышачылыгы камыр ачытыш үчүн, үч ченем унга салынган ачыткыга окшош».
34Ыйса булардын баарын элге үлгү-насаат аңгемелер менен айтты. Ал үлгү-насаат аңгемесиз сүйлөчү эмес.
35Пайгамбар аркылуу айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду: «Менин оозумдан накыл сөздөр чыгат. Дүйнө жаратылгандан бери жашыруун болуп келе жаткан сырларды айтып берем».
36Ыйса элди таратып жиберип, үйгө кирди. Ошондо шакирттери жанына келип: «Талаадагы кара сойлоктор жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеменин маанисин бизге түшүндүрүп берчи», – дешти.
37Ыйса мындай деп жооп берди: «Жакшы үрөн сепкен адам – бул Адам Уулу.
38Талаа болсо – дүйнө. Жакшы үрөн – Асман Падышачылыгынын уулдары, кара сойлоктор – шайтандын уулдары.
39Кара сойлокторду сепкен душман – бул шайтан. Орок маалы – дүйнөнүн акыры, орокчулар болсо – периштелер.
40Кара сойлоктор орулуп, өрттөлгөндөй эле, бул дүйнөнүн акырында да ушундай болот.
41Адам Уулу Өз периштелерин жиберет. Алар күнөөгө түрткөн бардык нерсени жана мыйзамсыздык кылгандарды Анын Падышачылыгынан алып,
42жалындап күйүп турган отко ыргытат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот.
43Ошондо адил адамдар өздөрүнүн Атасынын Падышачылыгында күн сыяктуу жаркырашат. Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!
44Асман Падышачылыгы талаада жашырылган казынага да окшош: бир адам аны таап алып, кайра жашырып койду. Барып, кубанганынан колунда болгондун баарын сатты да, ал талааны сатып алды.
45Асман Падышачылыгы асыл бермет издеген соодагерге да окшош:
46күндөрдүн биринде ал кымбат баалуу берметти тапты. Анан барып, колунда болгондун баарын сатты да, ал берметти сатып алды.
47Асман Падышачылыгы ар кандай балыктарды кармаган чоң торго да окшош.
48Тор балыкка толгондо, аны жээкке тартып чыгарышат да, отуруп алып, жакшы балыктарды идиштерге салып алышат, ал эми жамандарын ыргытып жиберишет.
49Дүйнөнүн акырында да ушундай болот: периштелер келип, адилетсиздерди адилеттүүлөрдөн бөлүп алып,
50жалындап күйүп турган отко ыргытышат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот».
51Ыйса шакирттеринен: «Булардын баарын түшүндүңөрбү?» – деп сурады. Алар Ага: «Түшүндүк», – деп жооп беришти.
52Ошондо Ал шакирттерине: «Ошондуктан Асман Падышачылыгы жөнүндө насаат алган ар бир мыйзам окутуучу өз казынасынан жаңыны да, эскини да алып чыккан үй ээсине окшош», – деди.
53Ыйса бул үлгү-насаат аңгемелерди айтып бүткөндөн кийин, ал жерден кетти.
54Өз жерине келип, синагогаларда элди окута баштады. Эл таң калып, мындай деп айтып жатты: «Мындай акыл менен мындай күчтү Ал кайдан алган?
55Бул жыгач устанын эле уулу эмеспи? Мунун энесинин ысымы Мариям, бир туугандары болсо Жакып, Жусуп, Шымон жана Жүйүт эмеспи.
56Карындаштарынын баары биздин арабызда эле жүрүшөт го. Ал мындай акыл менен мындай күчтү кайдан алган?»
57Ошентип, алар Ыйсаны кабыл алгылары келген жок. Ыйса болсо аларга: «Пайгамбар өз жеринен, өз үйүнөн башка жерде урматталат», – деди.
58Алардын ишенбестигинен улам, Ыйса ал жерде кереметтерди көп көрсөткөн жок.