Матай 16:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Фарисейлер менен садукейлер Ыйсанын жанына келишти да, Аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн суранышты.

2Ыйса болсо аларга: «Кеч киргенде, силер: “Күн кызарып батып бара жатат, эртең күн ачык болот”, – дейсиңер.

3Эртең менен болсо: “Асман түнөрүп турат, күн бузулат окшойт”, – дейсиңер. Анткорлор! Асманды карап, аба ырайын аныктай аласыңар да, анан убакытка байланыштуу жышаандарды айырмалап биле албайсыңар.

4Бузулган, жаман муун жышаан көргүсү келет. Бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт», – деди да, ал жерден кетип калды.

5Алар наркы өйүзгө сүзүп өтүштү. Шакирттер болсо нан алып алууну унутуп калышкан эле.

6Ыйса аларга: «Фарисейлердин жана садукейлердин ачыткысынан сак болгула», – деди.

7Алар болсо: «Нан албаганыбыз үчүн ушинтип айтып жатат го», – деп ойлошту.

8Ыйса алардын оюн билип, мындай деди: «Ишеними аздар! Эмнеге нан алып албаганыңар жөнүндө ойлоп жатасыңар?

9Дагы эле түшүнө элексиңерби? Беш нанга беш миң киши тойгону, канча себет ашып калганы эсиңерден чыгып кеттиби?

10Жети нанга төрт миң киши тойгону, канча себет ашып калганы эсиңерден чыгып кеттиби?

11Кантип түшүнгөн жоксуңар? Мен силерге: “Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула”, – дегенимде, нан жөнүндө айткан жокмун».

12Анын нандын ачыткысынан эмес, фарисейлер менен садукейлердин окутуусунан сактандырганын шакирттер ошондо түшүнүштү.

13Ыйса Филиптин шаары Кейсареяга келгенде, шакирттеринен: «Адамдар Мени, Адам Уулун, ким деп эсептешет?» – деп сурады.

14Алар Ага: «Бирөөлөр: “Чөмүлдүрүүчү Жакан”, – деп, бирөөлөр: “Илияс”, – деп, дагы бирөөлөр: “Жеремия же пайгамбарлардын бири”, – деп эсептешет», – деп жооп беришти.

15Ыйса алардан: «А силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады.

16Шымон Петир Ага: «Сен тирүү Кудайдын Уулу Машайаксың», – деп жооп берди.

17Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Бактылуусуң сен, Жунус уулу Шымон! Муну сага адам эмес, Асмандагы Атам ачып берди.

18Мен да сага айтып коёюн, сен Петирсиң. Мен Өз Жыйынымды ушул таштын үстүнө курам, аны өлүм да жеңе албайт.

19Сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем. Жер үстүндө эмнени байласаң, асманда да ошол байлануу болот. Жер үстүндө эмнени чечсең, асманда да ошол чечилүү болот».

20Анан Ыйса Өзүнүн Машайак экендигин эч кимге айтпоону шакирттерине эскертти.

21Ошол мезгилден тартып, Ыйса Өзүнүн Иерусалимге баруусу, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулардын колунан көп азап чегүүсү, өлтүрүлүүсү, үчүнчү күнү тирилүүсү керектигин шакирттерине айта баштады.

22Петир Аны четке алып чыгып: «Өзүңдү ая, Теңир! Бул Сенин башыңа түшпөсүн», – деп, каршы боло баштады.

23Ыйса болсо Петирди карап: «Кет жанымдан, шайтан! Сен Мага тузак коюп жатасың. Анткени сенин ойлоруң – Кудайдын эмес, адамдын ойлору», – деди.

24Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин.

25Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.

26Эгерде адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага эмне пайда? Адам өз жанын куткарып алуу үчүн кандай кун төлөй алат?

27Адам Уулу периштелери менен бирге Өз Атасынын даңкы менен келет, ошондо ар кимге ишине жараша тиешелүүсүн берет.

28Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде тургандардын кээ бирөөлөрү Өз Падышачылыгы менен келген Адам Уулун көрмөйүнчө, өлүшпөйт».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>