1Алты күн өткөндөн кийин, Ыйса Петирди, Жакыпты жана анын бир тууганы Жаканды ээрчитип, бир бийик тоого чыкты.
2Ошол жерде алардын көз алдында Ыйсанын көрүнүшү өзгөрүлдү: Анын жүзү күндөй жаркырап, кийими аппак болуп калды.
3Анан аларга Ыйса менен сүйлөшүп жаткан Муса менен Илияс көрүндү.
4Ошондо Петир Ыйсага мындай деди: «Теңир! Бул жерде болгонубуз жакшы экен. Эгерде кааласаң, бул жерге үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди».
5Петир сүйлөп жаткан учурда, жаркыраган бир булут аларды каптап калды. Анан булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын. Аны уккула!» деген үн чыкты.
6Муну укканда, шакирттер коркуп кетишип, жүзтөмөндөп жыгылышты.
7Ыйса аларга жакын келип, колун тийгизип:
8Алар баштарын көтөрүп, Ыйсадан башка эч кимди көрүшкөн жок.
9Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса аларга:
10Шакирттери Андан: «Эмне үчүн мыйзам окутуучулар: “Илияс пайгамбар Машайактан мурун келиши керек”, – деп айтышат?» – деп сурашты.
11Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
12
13Ошондо шакирттер Анын чөмүлдүрүүчү Жакан жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү.
14Алар элдин арасына келишкенде, бир адам Ыйсанын алдына келип, чөгөлөп:
15«Теңир! Менин уулума ырайым кыла көр! Анын элирмеси бар, аябай кыйналат. Бирде отко, бирде сууга боюн таштап жиберет.
16Аны Сенин шакирттериңе алып келсем, алар айыктыра албай коюшту», – деди.
17Ошондо Ыйса:
18Ыйса буйрук берери менен, баладан жин чыгып кетти. Бала ошол замат айыгып калды.
19Ыйса жалгыз калганда, шакирттер келип: «Эмне үчүн биз жинди кууп чыгара албай койдук?», – деп сурашты.
20Ыйса аларга:
21
22Галилеяда жүрүшкөн кезде, Ыйса аларга:
23
24Капернаумга келишкенде, дидрахма жыйнаган салык жыйноочулар Петирге келип: «Силердин Устатыңар дидрахма береби?» – деп сурашты.
25«Берет», – деп жооп берип, Петир үйгө кирди. Ал эч нерсе айта электе эле, Ыйса андан:
26«Бөтөн кишилерден», – деди Петир. Ыйса ага:
27