1Ошол мезгилде шакирттер Ыйсанын жанына келип: «Асман Падышачылыгында ким баарынан чоң?» – деп сурашты.
2Ыйса бир кичинекей баланы чакырып алып, ортого тургузду да, мындай деди:
3«Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде жаман жолуңардан кайтып, кичинекей балдардай болбосоңор, Асман Падышачылыгына кирбейсиңер.
4Ошондуктан ким өзүн басынтып, ушул бала сыяктуу болсо, ал Асман Падышачылыгында чоң болот.
5Ким ушул сыяктуу баланы Менин ысымым үчүн кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот.
6Мага ишенген бул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамды мойнуна тегирмен ташын илип, деңиздин түбүнө чөктүрүп жиберсе, ал үчүн жакшы болмок.
7Бул дүйнө өзүнүн азгырыктары үчүн кайгыга кабылат! Анткени азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошол адам кайгыга кабылат!
8Эгерде колуң же бутуң сени күнөөгө түртсө, анда аны кесе чаап, ыргытып жибер. Эки колуң, эки бутуң менен түбөлүк отко ыргытылгандан көрө, колуңдан же бутуңдан ажырап, өмүргө ээ болгонуң жакшы.
9Эгерде көзүң сени күнөөгө түртсө, анда аны оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң менен оттуу көлгө ыргытылгандан көрө, жалгыз көзүң менен өмүргө ээ болгонуң жакшы.
10Байкагыла, бул кичинелердин бирин да кордобогула. Силерге айтып коёюн, алардын асмандагы периштелери Асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат.
11Анткени Адам Уулу жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келди.
12Кандай деп ойлойсуңар, эгерде жүз кою бар бир адамдын бир кою жоголуп кетсе, эмне, ал токсон тогузун тоого калтырып, жоголуп кеткенин издебейби?
13Эгерде аны тапса, силерге чындыкты айтып коёюн, жоголбогон токсон тогузуна караганда, ал үчүн көбүрөөк сүйүнөт.
14Ошол сыяктуу эле Асмандагы Атаңар да бул кичинелердин биринин да жоголушун каалабайт.
15Эгерде бир тууганың сага каршы күнөө кылса, баргын да, жекече сүйлөшүп, анын айыбын ач. Эгерде сага кулак салса, бир тууганыңды кайтарып алган болосуң.
16Эгерде сага кулак салбаса, жаныңа бир же эки кишини ээрчитип ал. Айтылган ар бир сөз эки же үч күбөнүн сөзү менен ырасталсын.
17Эгерде аларга кулак салбаса, Жыйынга билдир. Эгерде Жыйынга да кулак салбай койсо, аны бутпарас жана салык жыйноочу катары эсепте.
18Силерге чындыкты айтып коёюн, жер үстүндө эмнени байласаңар, асманда да ошол байлануу болот. Жер үстүндө эмнени чечсеңер, асманда да ошол чечилүү болот.
19Дагы силерге айтарым, жер үстүндө араңардан экөөңөр макулдашып алып, асмандагы Атамдан бир нерсе жөнүндө сурасаңар, сураганыңарды аласыңар.
20Кайсы жерде Менин ысымым үчүн эки же андан көп адам чогулса, Мен да ошол жерде, алардын арасындамын».
21Ошондо Петир Ыйсанын жанына келип: «Теңир, мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек? Жети жолубу?» – деп сурады.
22Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Сага айтып коёюн, жети жолу эмес, жетимиштен жети жолу.
23Ошондуктан Асман Падышачылыгын кулдары менен эсептешмекчи болгон падышага салыштырса болот.
24Эсептеше баштаганда, падышанын алдына он миң талант карыз болгон бир кулду алып келишти.
25Карызынан кутулууга анын эч нерсеси жок болгондуктан, падыша анын өзү, аялы, балдары жана колунда болгону сатылып, карызы төлөнүүсүн буйруду.
26Ошондо ал кул падышанын алдына жыгылып: “Падышам, күтө тур, бардыгын төлөп берем”, – деди.
27Падыша кулуна ырайым кылып, анын карызын кечирди да, аны бошотуп жиберди.
28Ал кул болсо тышка чыгып, өзүнө жүз динарий карыз болгон башка кулду кармап алып: “Карызыңды бер”, – деп муунтту.
29Ал кул болсо бутуна жыгылып: “Күтө тур, баарын төлөп берем”, – деп жалынды.
30Бирок ал күткүсү келген жок. Барды да, карызын бергенче, аны түрмөгө каматып салды.
31Муну көргөн кулдар аябай капа болушту да, падышага келип, болгон окуяны айтып беришти.
32Ошондо падыша кулун чакыртты да: “Эй, жаман кул! Жалынып-жалбарганыңдан улам, бүт карызыңды кечирдим эле.
33Мен сага ырайым кылгандай, сен да тиги кулга ырайым кылсаң болбойт беле?” – деди.
34Падыша каарданып, бүт карызын бергенче, аны жазалоочулардын колуна тапшырды.
35Эгерде ар бириңер өз бир тууганыңардын күнөөсүн чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге так ушундай мамиле кылат».