Матай 19:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндөн кийин, Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын наркы өйүзүнө, Жүйүт аймагына келди.

2Аны көп эл ээрчип алды. Ыйса ал жерде оорулууларды айыктырды.

3Ыйсанын жанына фарисейлер келишти да, Аны сынап: «Эркек ар кандай себептен улам аялы менен ажырашса болобу?» – деп сурашты.

4Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Жаратуучу эң башында эле адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган жок белеңер?

5Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот.

6Эми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын».

7Алар Ыйсага: «Анда эмне үчүн Муса талак кат берип, аялын кетирсе боло тургандыгы жөнүндө айтты эле?» – дешти.

8Ыйса аларга: «Таш боор болгонуңардан улам, Муса аялыңарды кетирүүгө уруксат берген. Бирок башында мындай эмес болчу.

9Бирок Мен силерге айтып коёюн, ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот. Күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот», – деди.

10Шакирттери Ыйсага: «Эгерде эркектин аялынын алдындагы милдети ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгон жакшы», – дешти.

11Ыйса болсо аларга мындай деди: «Бул сөздү ар бир эле адам кабыл ала албайт. Кимге берилсе, ошол гана кабыл ала алат.

12Анткени жыныстык байланышка тубаса жараксыз адамдар бар. Адамдар тарабынан бычылгандар да бар, Асман Падышачылыгы үчүн өздөрүн өздөрү ошондой кылгандар да бар. Кабыл ала алган адам кабыл алсын».

13Колун коюп сыйынсын деп, кээ бирөөлөр Ыйсанын жанына балдарын алып келишти. Шакирттер болсо аларга тоскоолдук кылышты.

14Ыйса аларга: «Балдарды коё бергиле, алардын Мага келүүсүнө тоскоолдук кылбагыла. Анткени Асман Падышачылыгы ушундайлардыкы», – деди.

15Балдардын үстүнө колун коюп сыйынгандан кийин, Ыйса ал жерден кетти.

16Бир жигит келип, Ыйсадан: «Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, кандай жакшы иш кылуум керек?» – деп сурады.

17Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсиң? Кудайдан башка эч ким жакшы эмес. Түбөлүк өмүргө ээ болууну кааласаң, Анын осуяттарын аткар», – деди.

18«Кайсы осуяттарды?» – деди ал. Ыйса ага мындай деди: «Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурдаба, бирөөгө жалаа жаппа,

19ата-энеңди сыйла, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй».

20Ошондо жигит Ага: «Мунун баарын мен жаш күнүмдөн бери сактап келем. Мага дагы эмне жетишпейт?» – деди.

21Ыйса ага: «Эгерде жеткилең болууну кааласаң, бар да, мал-мүлкүңдүн баарын сатып, жардыларга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот. Анан келип, Менин артымдан ээрчи», – деди.

22Бул сөздү укканда, жигит капаланып кетип калды. Анткени анын мал-мүлкү көп эле.

23Ыйса шакирттерине мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бай адамдын Асман Падышачылыгына кириши кыйын.

24Дагы айтарым, бай адамдын Асман Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өтүүсү оңоюраак».

25Муну уккан шакирттер аябай таң калышып: «Анда ким куткарылат?» – дешти.

26Ыйса болсо аларды карап: «Адамдар муну кыла алышпайт, ал эми Кудай бардыгын кыла алат», – деди.

27Ошондо Петир мындай деди: «Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз. Бул үчүн эмне алабыз?»

28Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, жаңы жашоодо Адам Уулу Өзүнүн улуу тактысына отурганда, Мени ээрчип жүргөн силер да он эки тактыга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусуна бийлик жүргүзөсүңөр.

29Менин ысымым үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, аялын же балдарын, же өз жерин таштаган адам жүз эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт.

30Биринчилердин көпчүлүгү акыркы, акыркылардын көпчүлүгү биринчи болот.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>