Матай 2:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Ирод падышанын убагында, Жүйүт жеринин Бейт-Лехем деген шаарында, Ыйса төрөлгөндө, чыгыштан Иерусалим шаарына даанышмандар келип:

2«Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн Падышасы кайда? Чыгыштан биз Анын жылдызын көрүп, Ага таазим кылганы келдик», – дешти.

3Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти, аны менен бирге бүт Иерусалим эли да дүрбөлөңгө түштү.

4Ошондо Ирод башкы ыйык кызмат кылуучулар менен элдик мыйзам окутуучулардын баарын чогултуп алып, алардан: «Машайак кайсы жерде төрөлүшү керек эле?» – деп сурады.

5Алар ага мындай деп жооп беришти: «Жүйүттүн Бейт-Лехем деген шаарында төрөлүшү керек. Анткени бир пайгамбар аркылуу мындай деп жазылган:

6“Бирок сен, Бейт-Лехем, Жүйүт жери, Жүйүттүн башка шаарларынан эч бир нерсең менен кем эмессиң, анткени сенден Менин элим Ысрайылды жетектеп жүрө турган Жол башчы чыгат”».

7Ошондо Ирод даанышмандарды өзүнө жашыруун чакыртып алып, жылдыздын пайда болгон убактысын астыртадан сурап билип алды.

8Анан аларды Бейт-Лехемге жөнөтүп жатып: «Баргыла да, ошол Наристе жөнүндө жакшылап сураштырып билгиле. Аны табарыңар менен, мага кабарлагыла. Мен да барып, Ага таазим кылайын», – деди.

9Падыша муну айткандан кийин, алар жөнөп кетишти. Чыгышта көрүнгөн жылдыз алардын алдында жылып жүрүп отуруп, Наристе жаткан жерге келип токтоду.

10Жылдыздын токтогонун көргөндө, даанышмандар аябай сүйүнүп кетишти.

11Анан алар үйгө кирип, Наристени жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Ошондо алар жүзтөмөндөп жыгылып, Ага таазим кылышты. Сандыкчаларын ачып, Ага ладан, смирна деген жыпар жыттуу заттарды жана алтын тартуу кылышты.

12Алар Иродго кайтып барбоо керектиги жөнүндө түштөрүндө аян алып, өз өлкөсүнө башка жол менен жөнөп кетишти.

13Даанышмандар жөнөп кетишкенден кийин, Теңирдин периштеси Жусупка түшүндө көрүнүп: «Тур, Наристени жана Анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол. Анткени Ирод Наристени өлтүртүү үчүн издеткени жатат», – деди.

14Ошондо Жусуп ордунан туруп, Наристени жана Анын энесин алып, түн ичинде Мисирди карай жол тартты.

15Ошентип, алар Ироддун көзү өткөнчө, ошол жерде болушту. Теңирдин бир пайгамбар аркылуу «Уулумду Мисирден чакырып алдым» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн ушундай болду.

16Ирод өзүнүн даанышмандарга алданып калганын билгенде, аябай каарданып, Бейт-Лехемдеги жана анын тегерек-четиндеги эки жаштагы жана эки жашка чейинки эркек балдарды кырып салууга аскерлерди жөнөттү. Ал Анын жашын даанышмандардан сурап билип алган убакыт боюнча аныктады.

17Ошондо Жеремия пайгамбар аркылуу «Рама шаарынан зар какшап, боздоп ыйлагандын үнү угулат. Бул – өзүнүн балдарын жоктоп ыйлаган Рахел. Ал сооронгусу келбей жатат, анткени алар эми жок» деп айтылган сөз аткарылды.

19Ироддун көзү өткөндөн кийин, Мисирде Теңирдин периштеси Жусупка түшүндө көрүнүп:

20«Тур! Наристени жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө. Анткени Наристени өлтүрүүнү каалагандардын көзү өтүп кетти», – деди.

21Ошондо Жусуп ордунан туруп, Наристени жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди.

22Жүйүт аймагында атасы Ироддун ордуна уулу Архелай падышачылык кылып жатканын угуп, Жусуп ал жакка баруудан коркту. Бирок түшүндө аян алып, Галилея аймагын көздөй жол тартты.

23Ал жерге келип, Назарет деген шаарга жайланышты. Пайгамбарлар аркылуу «Ал “назареттик” деп аталат» деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>