Матай 20:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Анткени Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырууга болот: таң заардан бир кожоюн өзүнүн жүзүмдүгүнө жумушчуларды жалдаганы чыкты.

2Ал күнүнө бир динарийден төлөп бере турган болуп, жумушчулар менен макулдашкандан кийин, аларды жүзүмдүгүнө жөнөттү.

3Үчүнчү саат чамасында кайра чыгып, ал базар аянтында жумушсуз жүргөн адамдарды көрдү да,

4аларга: “Силер да менин жүзүмдүгүмө баргыла, тийиштүү акыңарды төлөп берем”, – деди. Алар жүзүмдүккө кетишти.

5Ал алтынчы жана тогузунчу саат чамасында кайра чыгып, дагы ошондой кылды.

6Ал он биринчи саат чамасында кайра чыгып, жумушсуз жүргөн дагы бирөөлөрдү көрүп: “Бир күн бою бул жерде бош турганыңар кандай?” – деди.

7Алар болсо: “Бизди эч ким ишке жалдаган жок”, – деп жооп беришти. Ошондо ал аларга: “Силер да менин жүзүмдүгүмө баргыла, тийиштүү акыңарды төлөп берем”, – деди.

8Кеч киргенде, жүзүмдүктүн ээси чарба иштерин башкаруучусуна: “Жумушчуларды чакырып, аларга, акыркыларынан баштап, биринчилерине чейин, эмгек акыларын бер”, – деди.

9Он биринчи саат чамасында жалданып иштегендер келип, бир динарийден алышты.

10Биринчи келгендер көбүрөөк алабыз деп ойлошкон, бирок алар да бир динарийден алышты.

11Алгандан кийин, кожоюнга нааразы боло башташты.

12Алар кожоюнга: “Бул акыркы келгендер бир эле саат иштешти. Бирок сен аларды керээли-кечке күндүн ысыгында иштеген бизге теңеп койдуң”, – дешти.

13Ошондо жүзүмдүк ээси алардын бирине мындай деди: “Досум, мен сени алдаган жокмун. Сен мени менен бир динарийге макулдашпадың беле?

14Өз акыңды алгын да, кете бергин. Сага канча берсем, акыркы келген буга да ошончо бергим келет.

15Өзүмдүкүн өзүм каалагандай пайдаланууга акым жокпу? Же менин берешендигимди көрө албай жатасыңбы?”

16Ошентип, акыркылар биринчи, биринчилер акыркы болот. Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз».

17Иерусалимге бара жаткан жолдо Ыйса он эки шакиртин четке чыгарып алып, мындай деди:

18«Мына, биз Иерусалимге бара жатабыз. Адам Уулун башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулардын колуна салып беришет. Алар болсо Аны өлтүрүүгө өкүм чыгарышат.

19Аны бутпарастардын колуна салып беришет, алар болсо Аны шылдыңдашат, сабашат, айкаш жыгачка кадашат. Үчүнчү күнү Ал тирилет».

20Ошондо Зебедей уулдарынын энеси уулдары менен Ыйсанын жанына келип таазим кылды да, бир нерсе сурамакчы болду.

21Ыйса аялдан: «Эмне каалайсың?» – деп сурады. Аял Ага: «Сенин Падышачылыгыңда бул эки уулумдун бири оң жагыңда, бири сол жагыңда отурса экен. Ушундай буйрук берчи», – деди.

22Ыйса мындай деп жооп берди: «Эмне сурап жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Мен иче турган чөйчөктөн иче аласыңарбы? Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлө аласыңарбы?» «Ошенте алабыз», – дешти алар.

23Ошондо Ыйса аларга: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер. Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлөсүңөр. Бирок оң жагыма же сол жагыма отургузуу Менин колумда эмес. Атам кимге даярдаган болсо, ошол отурат», – деди.

24Муну уккан берки он шакирт эки бир тууганга ачууланды.

25Ыйса аларды чакырып алып: «Элге башчылар үстөмдүк кылып, төрөлөр бийлик жүргүзөрүн билесиңер.

26Бирок силердин араңарда мындай болбосун. Араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун.

27Араңарда ким биринчи болгусу келсе, ал силерге кул болсун.

28Анткени Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген», – деди.

29Алар Жериходон чыгып бара жатышканда, Ыйсанын артынан көп эл ээрчиди.

30Жол боюнда отурган эки сокур адам Ыйсанын өтүп бара жатканын угуп: «Теңир, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр!» – деп кыйкыра башташты.

31Элдин тыйганына болбой, алар ого бетер катуу кыйкырып жатышты: «Теңир, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр!»

32Ыйса токтоп, аларды жанына чакырды да: «Менин эмне кылышымды каалайсыңар?» – деп сурады.

33Алар Ага: «Теңир, көзүбүз көрсө экен», – дешти.

34Ыйса боор ооруп, алардын көзүнө колун тийгизди. Ошол замат алардын көзү көрүп калды. Анан алар Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>