Матай 21:1-46 KYB2004 - Bible AI

1Иерусалимге жакын жердеги, Зайтун тоосунун этегиндеги Бейтфагия айылына келишкенде, Ыйса эки шакиртин мындай деп жөнөттү:

2«Айылга кирcеңер, байланып турган бир ургаачы эшекти, кодикти, көрөсүңөр. Чечип алып, Мага алып келгиле.

3Эгерде бирөө бирдеме десе, “Булар Теңирге керек” дегиле. Ошондо ал дароо берет».

4Мунун баары пайгамбар аркылуу айтылган бул сөздөрдүн аткарылышы үчүн болду:

5«Сион кызына: “Сага өзүңдүн момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет”, – деп айткыла».

6Шакирттер барып, Ыйса буйругандай кылышты.

7Ургаачы эшекти, кодикти, алып келип, үстүнө чапандарын салып, Ыйсаны мингизишти.

8Элдин көпчүлүгү өздөрүнүн кийимдерин, айрымдары болсо дарактардын бутактарын кесип алып, жолго төшөп жатышты.

9Ыйсанын алды-артындагы эл: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга алкыш! Эң Жогорудагыга даңк!» – деп, кыйкырып келе жатты.

10Ыйса Иерусалимге киргенде, бүт шаар кыймылга келип: «Бул ким?» – деп сурап жатты.

11Эл болсо: «Бул – Галилеянын Назарет шаарынан чыккан Ыйса пайгамбар», – деп жооп берип жатты.

12Ыйса ийбадатканага кирип, андагы сатуучулар менен сатып алуучулардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн сатып отургандардын орундуктарын көңтөрүп таштады.

13Аларга мындай деди: «Ыйык Жазууда: “Менин үйүм сыйынуу үйү деп аталат”, – деп жазылган. Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып жатасыңар».

14Ийбадатканада Ыйсанын жанына сокурлар жана майыптар келди. Ыйса аларды айыктырды.

15Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйса кылып жаткан ажайып иштерди, ийбадатканада: «Дөөттүн Уулуна даңк!» – деп кыйкырып жаткан балдарды көргөндө, кыжырданышып, Ыйсага:

16«Булардын эмне деп жатканын угуп жатасыңбы?» – дешти. Ыйса аларга: «Ооба! Эмне, силер “Наристелер менен эмчектеги балдарга Өзүңдү даңктаттың” деген сөздөрдү такыр окуган жок белеңер?» – деди да, ал жерден кетип калды.

17Шаардан чыгып, Бетанияга келип, түндү ошол жерде өткөрдү.

18Эртең менен шаарга кайтып келе жатканда, Ыйса ачка болду.

19Жолдун жээгиндеги анжыр дарагын көрүп, анын жанына келди. Жалбырагынан башка эч нерсеси жок экенин көрүп, даракка мындай деди: «Мындан ары сенде эч качан жемиш болбосун». Анжыр дарагы ошол замат куурап калды.

20Муну көргөн шакирттер: «Анжыр дарагынын тез эле куурап калганы кандай?» – деп таң калышты.

21Ыйса болсо аларга мындай деп жооп берди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде ишенимиңер болсо, шектенбесеңер, анда анжыр дарагына кылынганды гана эмес, мына бул тоого да: “Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш”, – десеңер, айтканыңардай болот.

22Ишеним менен сыйынсаңар, сураганыңардын баарын аласыңар».

23Ыйса ийбадатканага келип, элди окутуп жатканда, башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар жанына басып келип: «Муну Сен кайсы бийликтин негизинде кылып жатасың? Мындай бийликти Сага ким берди?» – деп сурашты.

24Ыйса аларга мындай деди: «Мен да силерге бир суроо берейин. Эгерде Мага жооп берсеңер, Мен да силерге муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды айтам.

25Жакандын чөмүлдүрүүсү кимден эле: Кудайданбы же адамданбы?» Алар өз ара акылдашып: «Эгерде Кудайдан десек, анда Ал бизге: “Анда эмне үчүн Жаканга ишенген жоксуңар?” – дейт,

26“Адамдардан”, – десек, элден коркобуз. Анткени баары Жаканды пайгамбар деп эсептешет», – дешти.

27Анан Ыйсага: «Билбейбиз», – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды Мен да силерге айтпайм», – деди.

28«Кандай деп ойлойсуңар? Бир адамдын эки уулу болгон экен. Ал биринчисине келип: “Уулум, барып, жүзүмдүгүмдө иштегин”, – дейт.

29Бирок ал: “Барбайм”, – деп коюп, кийин анысына өкүнүп, иштегени барат.

30Экинчи уулуна келип, ошону эле айтат. Анысы: “Баратам, кожоюн”, – деп коюп, барбай коёт.

31Экөөнүн кимиси атасынын каалоосун аткарды?» «Биринчиси», – деп жооп беришти. Ыйса аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, салык жыйноочулар менен бузулган аялдар Кудайдын Падышачылыгына силерден мурун барышат.

32Анткени Жакан силерге туура жолду көрсөткөнү келген, бирок силер ага ишенген жоксуңар. Салык жыйноочулар менен бузулган аялдар ага ишеништи. Муну көргөндөн кийин да өкүнгөн жоксуңар, ишенген жоксуңар.

33Дагы бир үлгү-насаат аңгемени угуп алгыла. Бир кожоюн жүзүм багын отургузат. Аны дубал менен курчап, жүзүм сыгылуучу жай жасап, күзөт мунарасын салат. Анан жүзүмдүгүн жүзүмчүлөргө тапшырып, өзү башка жакка кетет.

34Түшүм жыйноо убагы жакындаганда, жүзүм жемишинен алдыртыш үчүн, кулдарын жумшайт.

35Жүзүмчүлөр болсо анын кулдарын кармап алып, бирин сабашат, бирин өлтүрүшөт, бирин таш бараңга алышат.

36Ошондо ал мурункудан да көп кулун жөнөтөт. Жүзүмчүлөр аларга да ошондой эле мамиле кылышат.

37Акырында кожоюн: “Уулумдан уялышар”, – деп, уулун жөнөтөт.

38Бирок жүзүмчүлөр анын уулун көрүшкөндө, өз ара: “Бул – мурасчы. Жүргүлө, аны өлтүрүп, мурасына ээ бололу”, – дешет.

39Аны кармап алып, жүзүмдүктүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат.

40Жүзүмдүктүн кожоюну кайтып келгенде, бул жүзүмчүлөрдү эмне кылат?»

41Алар Ага: «Бул зулумдарга ал азаптуу өлүм өкүмүн чыгарат, жүзүмдүктү болсо түшүмүн өз маалында жыйнап бере турган жүзүмчүлөргө тапшырат», – деп жооп беришти.

42Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Ыйык Жазуудагы “Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды. Бул Теңирден, бул биздин көзүбүзгө укмуштуу көрүнөт” деген сөздөрдү такыр окуган жок белеңер?

43Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгы силерден тартылып алынып, жемишин бере турган адамдарга берилет.

44Ал ташка жыгылган адам өлөт. Ал эми ал таш кимдин үстүнө куласа, аны басып өлтүрөт».

45Бул үлгү-насаат аңгемелерди уккан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Ыйсанын өздөрү жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү.

46Алар Ыйсаны колго түшүрүүгө аракет кылышты, бирок элден коркушту. Анткени эл Аны пайгамбар деп эсептечү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>