Матай 22:1-46 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса үлгү-насаат аңгемелерин улантты:

2«Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: бир падыша өзүнүн уулунун үйлөнүү тоюн өткөрмөкчү болот.

3Ал тойго чакырылгандарды чакырыш үчүн, кулдарын жөнөтөт. Бирок алардын келгиси келбейт.

4Ошондо ал башка кулдарын жөнөтүп: “Дасторконумду даярдап койдум. Торпокторум, борго байланган малым союлду, баары даяр. Тойго келгиле!” – деп айттырат.

5Бирок чакырылгандар кайдыгер мамиле кылып, бири талаасына кетсе, бири соода кылганы кетет.

6Дагы бирөөлөрү кулдарын кармап алып кордоп, өлтүрүп салышат.

7Муну уккан падыша каарданып, аскерлерин жиберет. Алар канкорлорду өлтүрүп, шаарын күлгө айландырышат.

8Ошондо падыша кулдарына мындай дейт: “Той даяр, бирок чакырылгандар татыктуу эмес болуп чыкты.

9Ошондуктан тогуз жолдун тоомуна баргыла да, жолуккандардын баарын тойго чакыргыла”.

10Кулдар жолго чыгышат да, жолуккандардын баарын – жаманын да, жакшысын да чогултушат. Ошентип, той өткөргөн жай мейманга толот.

11Падыша меймандарды көрүш үчүн кирип, ал жерден той кийимин кийбеген бир адамды көрөт.

12Ага: “Досум, той кийимин кийбей, бул жерге кантип кирдиң?” – дейт. Тиги адам унчукпайт.

13Ошондо падыша кулдарына мындай дейт: “Колу-бутун байлап, муну сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот”.

14Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз».

15Ошондон кийин фарисейлер барып, Ыйсаны сөзүнөн кармоо жөнүндө кеңешишти.

16Анан алар Ироддун адамдарын жана өз шакирттерин Ыйсага жөнөтүштү. Алар келип: «Устат! Сенин адилеттүү адам экениң бизге белгилүү. Кудайдын мыйзамдарын туура окутасың. Эч кимге жагынбайсың, бет карамалык кылбайсың.

17Оюңду айтчы, Рим падышасына салык төлөө туурабы же туура эмеспи?» – дешти.

18Ыйса алардын арам оюн билип: «Эки жүздүүлөр! Эмнеге Мени сынап жатасыңар?

19Мага салыкка төлөнүүчү тыйынды көрсөткүлөчү!» – деди. Ага бир динарий алып келип беришти.

20Ыйса алардан: «Мына бул сүрөт менен жазуу кимдики?» – деп сурады.

21«Падышаныкы», – деп жооп беришти алар. Ошондо Ыйса аларга: «Анда падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле», – деди.

22Алар муну укканда таң калып, Ыйсанын жанынан кетип калышты.

23«Өлгөндөр тирилбейт» деген садукейлер ошол күнү Ыйсанын жанына келип, мындай деп сурашты:

24«Устат! Муса мындай дебеди беле: “Ким бала көрбөй көз жумса, анда анын аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын”.

25Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, бала көрбөй өлүп калды. Аялы инисине калды.

26Экинчиси, үчүнчүсү, атүгүл, жетинчиси да ошондой болду.

27Акырында аял да өлдү.

28Өлгөндөр тирилгенден кийин, ал аял бул жети бир туугандын кимисинин аялы болот? Анткени аны баары аялдыкка алышкан».

29Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазууну жана Кудайдын күчүн билбегендиктен жаңылып жатасыңар.

30Анткени өлгөндөр тирилгенден кийин, аял алуу, күйөөгө тийүү деген болбойт. Алар асмандагы Кудайдын периштелериндей болуп калышат.

31Ал эми өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө болсо, Кудайдын

32“Мен Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын” деген сөзүн окуган жок белеңер? Кудай – өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы».

33Буларды уккан эл Анын окутуусуна таң калды.

34Фарисейлер Ыйсанын садукейлерди сөзгө жыкканын угуп, чогула калышты.

35Алардын арасындагы бир мыйзам окутуучу Ыйсаны сынап, мындай деп сурады:

36«Устат! Мыйзамдагы эң маанилүү осуят кайсы?»

37Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй.

38Биринчи жана эң маанилүү осуят ушул.

39Экинчиси ушуга эле окшош: “Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй”.

40Бүт мыйзам жана пайгамбарчылыктар ушул эки осуятка негизделген».

41Фарисейлер чогулганда, Ыйса алардан:

42«Машайак жөнүндө кандай ойдосуңар, Ал кимдин Уулу?» – деп сурады. «Дөөттүн», – деп жооп беришти алар.

43Ыйса аларга: «Дөөт Ыйык Рухтун жетеги менен Машайакты “Теңирим” деп айткандыгын кандай түшүнөсүңөр? Анткени Дөөт мындай дебеди беле:

44“Теңир менин Теңириме мындай деди: "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур"”.

45Ошентип, эгерде Дөөт Аны “Теңир” деп атаган болсо, кантип Ал анын Уулу болсун?» – деди.

46Ошондо эч ким жооп бере алган жок. Ошол күндөн тартып, эч ким Ага суроо берүүгө даабай калды.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>