1Андан кийин Ыйса элге жана Өз шакирттерине мындай деди:
2«Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Муса пайгамбардын ордун басышты.
3Ошондуктан алардын айткандарынын баарын аткаргыла, сактагыла. Бирок алардын кылганын кылбагыла, анткени алар айткандарын өздөрү аткарышпайт.
4Көтөрө алгыс оор жүктөрдү таңып, адамдардын ийнине артып коюшат. Өздөрү болсо ага колунун учун тийгизип коюуну да каалашпайт.
5Бардык иштерин элдин көзүнө көрүнүү үчүн жасашат. Чекелери менен колдоруна байлаган мыйзам жазылган кайыш кутучаларынын көлөмүн чоңойтушуп, кийимдерине таккан чачыларын узартышат.
6Ошондой эле тойлордо төрдө отурууну, синагогаларда алдыңкы орундарда отурууну,
7эл чогулган жайларда алик алууну жана адамдардын аларга “Устат! Устат!” деп кайрылып турганын жакшы көрүшөт.
8Ал эми силер “Устат” деп аталбагыла, анткени силердин бир гана Устатыңар бар, Ал – Машайак, силер болсо бир туугансыңар.
9Жер үстүндө эч кимди “Ата” дебегиле, анткени силердин бир гана Атаңар бар, Ал – асмандагы Атаңар.
10“Жол башчы” деп да аталбагыла, анткени силердин бир гана Жол башчыңар бар, Ал – Машайак.
11Араңарда ким чоң болсо, ал силерге кызматчы болсун.
12Анткени ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн басынтса, ал көтөрүлөт.
13Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Асман Падышачылыгына адамдардын кирүүсүнө тоскоолдук кыласыңар. Өзүңөр кирбейсиңер, киргиси келгендерди да киргизбейсиңер.
14Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Жесирлердин үй-жайын тонойсуңар, эки жүздүүлөнүп узакка сыйынасыңар. Ошого жараша алчу жазаңар да оор болот.
15Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Ишенимиңерди бир адам болсо да кабыл алышы үчүн, жер-сууну айланып чыгасыңар. Кабыл алгандан кийин, аны өзүңөрдөн эки эсе ашып түшкөн оттуу көл уулуна айландырасыңар.
16Сокур жол башчылар, силерге кайгы! Силер: “Ийбадаткананы оозанып ант берген эч нерсе эмес, ийбадаткананын алтынын оозанып ант берген адам антын аткарууга тийиш”, – дейсиңер.
17Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү, алтынбы же алтынды ыйык кылган ийбадатканабы?
18“Курмандык чалынуучу жайды оозанып ант берген эч нерсе эмес, курмандыкты оозанып ант берген адам антын аткарууга тийиш”, – деп да айтасыңар.
19Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү, курмандыкпы же курмандыкты ыйык кылган курмандык чалынуучу жайбы?
20Курмандык чалынуучу жайды оозанып ант берген адам курмандык чалынуучу жайды жана анын үстүндөгүнүн баарын оозанып ант берген болот.
21Ийбадаткананы оозанып ант берген адам ийбадаткананы да, ийбадатканада жашаган Кудайды да оозанып ант берген болот.
22Асманды оозанып ант берген адам Кудайдын тактысын жана тактыда отурган Кудайды оозанып ант берген болот.
23Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, силерге кайгы! Эки жүздүүлөр! Силер жалбыздан, анистен жана зиреден ондук бергениңер менен, мыйзамдагы эң негизги нерселерди: акыйкаттыкты, ырайымдуулукту жана ишенимди таштап койдуңар. Тигини да кылыш керек, бирок муну калтырбаш керек эле!
24Сокур жол башчылар! Чиркейди чыпкалап саласыңар, төөнү болсо жутуп коёсуңар!
25Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Чөйчөгүңөр менен табагыңардын сыртын тазалайсыңар, бирок алардын ичи талап-тоноочулук менен адилетсиздикке толгон.
26Сокур фарисей! Адегенде чөйчөгүң менен табагыңдын ичин тазала, ошондо алардын сырты да таза болот.
27Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Силер сыртынан кооз көрүнгөн, бирок ичи өлүктөрдүн сөөктөрүнө жана ар кандай ыпылас нерселерге толгон, акталган мүрзөлөргө окшошсуңар.
28Сыртыңардан адамдарга адил көрүнгөнүңөр менен, ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон.
29Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Пайгамбарларга күмбөз тургузуп, адил адамдардын эстелигин жасалгалайсыңар.
30“Ата-бабаларыбыздын заманында жашаган болсок, аларга окшоп пайгамбарлардын канын төкмөк эмеспиз”, – дейсиңер.
31Пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары экениңерди өзүңөр эле ушинтип күбөлөндүрүп жатпайсыңарбы.
32Ата-бабаларыңардын кыянат иштерин чегине жеткиргиле.
33Жыландар, жылан тукумдары! Оттуу көлдөн кантип качып кутуласыңар?
34Ошон үчүн Мен силерге пайгамбарларды, даанышмандарды жана мыйзам окутуучуларды жиберип жатам. Силер болсо алардын кээ бирөөлөрүн өлтүрөсүңөр жана айкаш жыгачка кадайсыңар, кээ бирөөлөрүн синагогаларыңарда уруп-сабап, шаардан шаарга кууйсуңар.
35Адилеттүү Абылдын канынан тартып, ийбадаткана менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда силер өлтүргөн Берехия уулу Захариянын канына чейинки адил адамдардын төгүлгөн каны силердин мойнуңарда!
36Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары ушул муундун башына келет.
37Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүргөн, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң.
38Мына, үйүң ээн калат!
39Сага айтып коёюн, “Теңирдин атынан Келе Жатканга даңк!” деп айтканыңа чейин, Мени көрбөйсүң».