1Ыйса ийбадатканадан чыгып кетип бара жатканда, ийбадаткананын имараттарын көрсөтүш үчүн, шакирттери жанына келишти.
2Ыйса аларга: «Булардын баарын көрүп турасыңарбы? Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде таш үстүндө таш калбайт, баары кыйратылат», – деди.
3Ыйса Зайтун тоосунда отурганда, шакирттери жанына келип: «Бизге айтып берчи, бул качан болот? Сенин келер убактыңды жана дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.
4Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерди бирөө адаштырып кетпес үчүн, сак болгула.
5Анткени: “Машайак Менмин”, – деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келип, көп адамдарды адаштырышат.
6Ошондой эле алыс жана жакын жерде болуп жаткан согуштар жөнүндө угасыңар. Бирок коркпогула! Анткени булардын баары болушу керек, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес!
7Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөт. Жер-жерлерде ачарчылык, жугуштуу оорулар жана жер титирөөлөр болот.
8Булардын баары кыйынчылыктардын башталышы гана.
9Ошондо силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар.
10Ошондо көптөр азгырылышат, бири-бирине чыккынчылык кылышат, бири-бирин жек көрүшөт.
11Көптөгөн жалган пайгамбарлар чыгып, көптөрдү адаштырат.
12Тартипсиздиктин көбөйүү себебинен көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат.
13Акырына чейин чыдаган адам куткарылат.
14Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет.
15Окуган адам түшүнүп алсын: ошентип, Даниел пайгамбар аркылуу айтылган кыйратуучу жийиркенич ыйык жайда турганын көргөнүңөрдө,
16Жүйүт аймагындагылар тоолорго качып кетишсин.
17Ким үйдүн үстүндө болсо, ал үйүнөн бир нерсе алуу үчүн түшпөсүн.
18Ким талаада болсо, ал кийимдерин алуу үчүн, артка кайтпасын.
19Ошол күндөрү кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот.
20Качууңар кышка же ишемби күнүнө туура келип калбас үчүн, сыйынгыла.
21Анткени ошондо жер жаралгандан тартып, азыркыга чейин болбогон жана андан кийин да болбой турган чоң алаамат болот.
22Эгерде ал күндөр кыскартылбаса, эч бир адам куткарылмак эмес. Ал күндөр тандалгандар үчүн гана кыскартылат.
23Эгерде ошондо кимдир бирөө силерге: “Машайак мына, бул жерде” же “Тигине, тигил жерде”, – десе, ишенбегиле.
24Анткени жалган машайактар, жалган пайгамбарлар чыгат. Мүмкүн болсо тандалгандарды да адаштыруу үчүн, чоң жышаандарды жана ажайыптарды көрсөтүшөт.
25Мына, Мен силерге алдын ала айттым.
26Ошондуктан, эгерде силерге: “Мына, Ал ээн талаада”, – дешсе, чыкпагыла; “Мына, Ал ички бөлмөдө”, – дешсе, ишенбегиле.
27Анткени Адам Уулу чыгыштан батышка чейин жарк этип көрүнгөн чагылган сыяктуу келет.
28Өлүк кайсы жерде болсо, жору-кузгун ошол жерге чогулат.
29Ошол күндөрдөгү алааматтан кийин күн караңгылап, ай өз жарыгын бербей калат. Асмандан жылдыздар түшүп, асман күчтөрү кыймылдайт.
30Ошондо асмандан Адам Уулунун жышааны көрүнөт. Жер үстүндөгү бардык элдер боздошот жана Адам Уулунун асмандагы булуттар үстүндө улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт.
31Ал чоң сурнай тарткан периштелерин жиберет, алар Кудай тандап алган адамдарды төгөрөктүн төрт бурчунан чогултушат.
32Анжыр дарагынан сабак алгыла: анын бутактары көөп, бүчүр байлап калганда, жай келерине аз калганын билесиңер.
33Ошол сыяктуу эле силер да мунун баарын көргөнүңөрдө, аз убакыт калганын, босогодо турганын билсеңер болот.
34Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.
35Асман менен жер жок болуп кетет, Менин сөздөрүм болсо жок болбойт.
36Ал күн жана саат жөнүндө Атамдан башка эч ким билбейт, асмандагы периштелер да билбейт.
37Адам Уулу келген убакта Нухтун убагындагыдай болот.
38Топон сууга чейин, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен.
39Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин ойлонушкан эмес. Адам Уулу келгенде да ошондой болот.
40Ошондо талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат.
41Жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат.
42Ошондуктан сергек болгула, анткени Теңириңердин кайсы убакта келерин билбейсиңер.
43Ууру түндүн кайсы убагында келерин үй ээси билсе, сак болуп, ууруга үйүнүн түбүн каздыртмак эместигин билесиңер.
44Ошондуктан силер да даяр болгула. Анткени Адам Уулу силер күтпөгөн убакта келет.
45Кулдардын тамагын өз убагында берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?
46Кожоюну кайтып келгенде, иштеп жаткан кул бактылуу.
47Силерге чындыкты айтып коёюн, кожоюн өзүнүн бүт мал-мүлкүн ал кулга ишенип тапшырат.
48Кулу жаман чыгып, “Кожоюнум жакында келбейт”, – деп ойлоп,
49жолдошторун уруп-сабап, шарапкорлор менен ичип-жей баштаса,
50кулдун кожоюну ал күтпөгөн күнү, ал ойлобогон убакта келет да,
51аны бөлө чаап, эки жүздүүлөргө тиешелүү жаза менен жазалайт. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот.