1Ошондо Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: он кыз колдоруна чырактарын алып, күйөөнү утурлап чыгышат.
2Алардын бешөө акылдуу, бешөө акылсыз эле.
3Акылсыздары чырактарын ала чыгышканы менен, майын албай чыгышат.
4Акылдуулары болсо чырактары менен кошо идиштерине май да ала чыгышат.
5Күйөө кечиккенинен улам, баары үргүлөп, уктап калышат. Бирок түн ортосунда “Күйөө келе жатат, аны тосуп чыккыла” деген кыйкырык чыгат.
7Ошондо кыздар тура калып, чырактарын оңдошот.
8Акылсыздары акылдууларга: “Чырактарыбыз өчүп баратат, бизге майыңардан кайрылышкылачы”, – дешет.
9Акылдуулар: “Бизге да, силерге да жетпей калбашы үчүн, сатуучуларга барып, сатып алгыла”, – дешет.
10Алар май сатып алганы кеткенде, күйөө келип калат. Даяр турган кыздар аны менен бирге үйлөнүү тоюна киришет, алардын артынан эшиктер жабылат.
11Андан кийин берки кыздар келип: “Кожоюн! Кожоюн! Эшикти ач!” – дешет.
12Ал: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен силерди тааныбайм”, – деп жооп берет.
13Ошондуктан сергек болгула, себеби Адам Уулунун келер күнүн да, саатын да билбейсиңер.
14Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: бир адам бөтөн жерге кетип жатып, кулдарын чакырып, аларга акча-каражатын тапшырат:
15ар бирөөнүн алына жараша: бирине беш, бирине эки, бирине бир талант берип, жолго чыгат.
16Беш талант алганы дароо барып, акчаны айландырып, беш талант пайда табат.
17Эки талант алганы да эки талант пайда табат.
18Бир талант алганы болсо барат да, кожоюнунун акчасын жерге көөмп коёт.
19Арадан көп убакыт өткөндөн кийин, кожоюн келип, кулдардан эсеп-кысап талап кылат.
20Беш талант алганы дагы беш талант алып келип: “Кожоюн! Сен мага беш талант бердиң эле, мына, беш талант пайда таптым”, – дейт.
21Кожоюну ага: “Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей иште ишенимдүүлүк көрсөттүң, сени чоң ишке коём. Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол”, – дейт.
22Эки талант алганы да келип: “Кожоюн! Сен мага эки талант бердиң эле, мына, эки талант пайда таптым”, – дейт.
23Кожоюну ага: “Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей иште ишенимдүүлүк көрсөттүң, сени чоң ишке коём. Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол”, – дейт.
24Бир талант алганы келип: “Кожоюн! Сенин экпеген жерден оруп, сеппеген жерден жыйнаган ырайымсыз адам экениңди билгем.
25Коркконумдан, берген талантыңды жерге көөмп койгом. Мына, бергениңди ал!” – дейт.
26Кожоюну ага мындай деп жооп берет: “Жаман, жалкоо кул! Экпеген жерден оруп, сеппеген жерден жыйнаган адам экенимди билесиң.
27Ошон үчүн менин күмүшүмдү пайызга берип коюшуң керек эле. Мен келип, кирешеси менен алат элем.
28Мунун колунан талантты алгыла да, он таланты бар кулга бергиле.
29Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, аныкы мол болот. Ал эми кимде жок болсо, андан колунда болгон нерсеси да тартылып алынат.
30Бул пайдасыз кулду сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот”». Ыйса муну айткандан кийин: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун», – деди.
31Адам Уулу Өз атак-даңкы менен, Өзүнүн бардык периштелери менен келгенде, Өзүнүн даңктуу тактысына отурат.
32Бардык эл Анын алдына чогулат. Койчу койлорду эчкилерден бөлүп алгандай эле, Ал адамдарды экиге бөлөт.
33Койлорду Өзүнүн оң жагына, эчкилерди сол жагына коёт.
34Анан Падыша Өзүнүн оң жагында тургандарга мындай дейт: “Атамдын батасын алгандар, келгиле. Дүйнө жарала электе эле силер үчүн даярдалган Падышачылыкты мураска алгыла.
35Анткени Мен ачка болгондо, тамак, суусаганда, суу бердиңер. Жолоочу болгонумда, силер Мени кабыл алдыңар.
36Жылаңач болгонумда, силер Мени кийинттиңер. Ооруганымда, силер Мага келдиңер. Түрмөдө отурганымда, силер Мага келдиңер”.
37Ошондо адил адамдар Ага мындай деп жооп беришет: “Теңир! Качан биз Сенин ачка болгонуңду көрүп, тамак бердик эле? Качан биз Сенин суусаганыңды көрүп, суу бердик эле?
38Качан биз Сенин жолоочу болгонуңду көрүп, кабыл алдык эле? Качан биз Сенин жылаңач болгонуңду көрүп, кийинттик эле?
39Качан биз Сенин ооруп жатканыңды же түрмөдө отурганыңды көрүп, Сага келдик эле?”
40Падыша аларга мындай деп жооп берет: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Менин бул кичине бир туугандарымдын бирине жакшылык кылганыңар, Мага кылганыңар”.
41Анан сол жагындагыларга мындай дейт: “Каргышка калгандар, Менин жанымдан кеткиле! Шайтан менен анын жиндери үчүн даярдалган түбөлүк отко түшкүлө.
42Анткени Мен ачка болгондо, силер Мага тамак берген эмессиңер. Суусаганымда, суу берген эмессиңер.
43Жолоочу болгонумда, силер Мени кабыл алган эмессиңер. Жылаңач болгонумда, кийинткен эмессиңер. Ооруганымда, түрмөдө отурганымда, силер Мага келген эмессиңер”.
44Ошондо алар Андан: “Теңир! Сенин ачка болгонуңду, суусаганыңды, ооруганыңды, түрмөдө отурганыңды биз качан көрдүк эле, качан Сага кызмат кылбай койдук эле?” – деп сурашат.
45Ал болсо аларга мындай деп жооп берет: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Менин бул кичине бир туугандарымдын бирине жакшылык кылбаганыңар, Мага кылбаганыңар”.
46Булар түбөлүккө азап чегишет, адил адамдар болсо түбөлүк өмүргө ээ болушат».