Матай 26:1-75 KYB2004 - Bible AI

1Бул сөздөрдү айткандан кийин, Ыйса шакирттерине мындай деди:

2«Эки күндөн кийин Пасах майрамы болорун билесиңер. Адам Уулун айкаш жыгачка кадаш үчүн, адамдардын колуна салып беришет».

3Ошол убакта башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар Кайапа деген башкы ыйык кызматчынын үйүнө чогулуп,

4Ыйсаны амалкөйлүк менен колго түшүрүп, өлтүрүү жөнүндө кеңешишти.

5Бирок алар: «Эл козголоң чыгарбашы үчүн, муну майрам күндөрү ишке ашырууга болбойт», – дешти.

6Ыйса Бетаниядагы пес оорулуу Шымондун үйүндө эле.

7Бир аял айнек идишке кымбат баалуу жыпар жыттуу май алып келип, дасторкондо отурган Ыйсанын башына куйду.

8Шакирттери муну көргөндө: «Мындай ысырапчылыктын эмне кереги бар.

9Муну кымбат баада сатып, акчасын жакырларга таратып берсе болот эле да», – деп, нааразы болушту.

10Ыйса муну билип, аларга мындай деди: «Эмнеге аялды оңтойсуздандырып жатасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш кылды.

11Анткени Мен силер менен дайыма эле боло бербейм, жардылар болсо дайыма жаныңарда болот.

12Жыпар жыттуу майды денеме куюу менен, ал Мени көргө коюуга даярдады.

13Силерге чындыкты айтып коёюн, бул Жакшы Кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аял эске алынып, анын кылганы жөнүндө да айтылат».

14Ошондо он эки шакирттин бири Жүйүт Искариот башкы ыйык кызмат кылуучуларга барып:

15«Аны колуңарга салып берсем, мага эмне бересиңер?» – деди. Алар ага отуз күмүш тыйын сунуш кылышты.

16Ошол убакыттан тартып, Жүйүт Ыйсаны алардын колуна салып берүү үчүн, ыңгайлуу учурду күтүп жүрдү.

17Ачыткысыз нан майрамынын биринчи күнү шакирттер Ыйсанын жанына келип: «Пасах тамагын Сага кайсы жерге даярдап берүүбүздү каалайсың?» – деп сурашты.

18Ыйса аларга мындай деди: «Шаардагы баланчаныкына баргыла да: “Устат мындай дейт дегиле: "Менин убактым келип калды. Шакирттерим менен чогуу сеникинде Пасах майрамын өткөрөм"”».

19Шакирттер Ыйса буйругандай кылып, Пасах тамагын даярдашты.

20Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен дасторконго отурду.

21Тамак ичип отурушканда, Ыйса аларга: «Силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мага чыккынчылык кылат», – деди.

22Буга аябай капа болгон алардын ар бири: «Мен эмесминби, Теңир?» – деп сурай баштады.

23Ыйса аларга: «Мени менен бирге табакка колун салган адам Мага чыккынчылык кылат, – деп жооп берди.

24Дегинкиси, Адам Уулу жөнүндө Ыйык Жазууда кандай жазылса, ошондой болуп жатат. Бирок Адам Уулуна чыккынчылык кылган адамга кайгы. Ал адам төрөлбөй эле койсо жакшы болмок».

25Ошондо чыккынчылык кылган Жүйүт да: «Мен эмесминби, Устат?» – деп сурады. Ыйса ага: «Өзүң айтып жатасың», – деди.

26Тамак ичип отурушканда, Ыйса нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Андан кийин нанды сындырып, шакирттерине берип жатып: «Алгыла, жегиле. Бул Менин Денем», – деди.

27Анан чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аны шакирттерине узатып жатып, мындай деди: «Баарыңар мындан ичкиле.

28Анткени бул – көптөрдүн күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным.

29Силерге айтып коёюн, Атамдын Падышачылыгында силер менен жаңы шарап ичер күн келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесинен ичпейм».

30Кудайды даңктап ырдашкандан кийин, алар Зайтун тоосуна жөнөштү.

31Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ушул түнү баарыңар Менден шектенесиңер. Анткени Ыйык Жазууда: “Койчуну жок кылам, ошондо койлор туш-тушка чачырап кетет”, – деп жазылган.

32Бирок Мен тирилгенден кийин, силерди Галилеядан тосуп алам».

33Петир Ага: «Баары Сенден шектенишсе да, Мен эч качан шектенбейм», – деди.

34Ыйса ага мындай деди: «Сага чындыкты айтып коёюн, ушул түнү, короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч ирет баш тартасың».

35Петир Ага: «Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, мен Сенден баш тартпайм», – деди. Ушундай сөздөрдү башка шакирттер да айтышты.

36Анан Ыйса шакирттери менен Гетсемани деген жерге келип, аларга: «Мен тигил жакка барып сыйынып келгиче, ушул жерде отура тургула», – деди.

37Ал Петир менен Зебедейдин эки уулун жанына ээрчитип алды. Анын көңүлү чөгүп, жаны кейип турду.

38Ыйса аларга: «Жаным аябай кыйналып турат. Бул жерде калып, Мени менен бирге сергек болгула», – деди.

39Анан Ал бир аз нарыраак барып, жүзтөмөндөп жыгылып, сыйына баштады: «Ата! Мүмкүн болсо, ушул чөйчөк Менин жанымдан кыя өтүп кетсинчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун».

40Кайтып келип, шакирттеринин уктап жатканын көрдү да, Петирге мындай деди: «Жада калса, бир саат Мени менен бирге сергек болуп тура албадыңарбы?

41Азгырылып кетпеш үчүн, сергек болгула жана сыйынгыла, анткени рух сергек, дене алсыз».

42Анан четке чыгып, дагы сыйынды: «Ата! Бул чөйчөктүн Менден кыя өтүп кетиши мүмкүн эмес болсо, эгерде Мен андан ичишим керек болсо, анда Сен каалагандай болсун».

43Кайтып келип, алардын кайра уктап калганын көрдү, анткени аларды уйку басып жаткан эле.

44Нарыраак барып, ошол эле сөздөрдү айтып, үчүнчү ирет сыйынды.

45Анан шакирттеринин жанына келип, мындай деди: «Силер дагы эле уктап, эс алып жатасыңарбы? Мына, убакыт келип калды, Адам Уулун күнөөкөрлөрдүн колуна салып беришет.

46Тургула, кетели. Мына, Мага чыккынчылык кыла турган адам жакын келип калды».

47Ал сөзүн айтып бүткүчө, он эки шакирттин бири Жүйүт келип калды. Анын жанында башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар жиберген, кылыч, союл көтөргөн бир топ адам бар эле.

48Ыйсага чыккынчылык кылуучу болсо: «Мен кимди өпсөм, Ал – Ошол. Ошону кармагыла», – деди да,

49ошол замат Ыйсанын жанына келип: «Салам, Устат!» – деп, Аны өптү.

50Ыйса болсо ага: «Досум, эмне үчүн келдиң?» – деди. Ошондо жиберилген адамдар жакын келип, Аны кармап алышты.

51Ыйсанын жанында жүргөндөрдүн бири кылычын сууруп алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун кулагын шылый чапты.

52Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт.

53Же, эмне, Атамдан азыр жардам сурап ала албайт деп ойлойсуңбу? Ал Мага он эки түмөндөн көп периштени жиберер.

54Ушундай болуш керек экендигин билдирген Ыйык Жазуулар анда кантип аткарылмак?»

55Анан элге кайрылып: «Каракчыны кармачудай болуп, Мени кармаш үчүн, кылыч, союл алып чыктыңарбы? Күн сайын ийбадатканада элди окутуп, силер менен отурганымда, Мени кармаган жок элеңер.

56Пайгамбарчылыктардын аткарылышы үчүн ушундай болду», – деди. Ошондо шакирттери Аны таштап, качып кетишти.

57Ыйсаны туткундагандар Аны башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапанын алдына алып барышты. Ал жерге башкы ыйык кызмат кылуучулар, аксакалдар чогулушкан эле.

58Петир Аны алыстан ээрчип, башкы ыйык кызмат кылуучунун короосуна чейин келди. Аягы эмне менен бүтөр экен деп, ичкери кирип, сакчылардын жанына отурду.

59Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана синедриондогулардын баары жалган күбөлөндүрүү издешти.

60Жалаа жабуучулар көп келгени менен, Ыйсага айып коё алышкан жок. Акырында эки адам келип, мындай деди:

61«Бул Адам: “Мен Кудайдын ийбадатканасын бузуп, аны кайра үч күндүн ичинде тургуза алам”, – деп айткан».

62Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу ордунан туруп: «Эмне жооп бербейсиң? Булардын Сага каршы айткан айыптоолоруна эмне дейсиң?» – деди.

63Ыйса үндөгөн жок. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Ага: «Тирүү Кудайдын алдында айт, Теңирдин Уулу Машайак Сенсиңби?» – деди.

64Ыйса Ага: «Өзүң айтып турасың. Бирок Мен айтып коёюн, Адам Уулунун кудуреттүү Кудайдын оң жагында отурганын жана асмандагы булут үстүндө келе жатканын көрөсүңөр», – деди.

65Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу өзүнүн кийимин айрып жиберип, мындай деди: «Бул Кудайга акарат келтирип жатат! Бизге дагы кандай күбөлөр керек? Мына, Анын Кудайга акарат келтиргенин азыр өзүңөр уктуңар!

66Буга эмне дейсиңер?» Алар: «Өлүм жазасына татыктуу», – деп жооп беришти.

67Ошондо Анын бетине түкүрүштү, сабашты. Кээ бирөөлөр жаакка чаап:

68«Кана, пайгамбарчылык кылчы, Машайак, Сени ким урду?» – дешти.

69Сыртта, короодо отурган Петирдин жанына бир күң келип: «Сен да галилеялык Ыйса менен чогуу жүрбөдүң беле», – деди.

70Бирок Петир баарынын алдында: «Сенин эмнени айтып жатканыңды билбейм», – деп танып койду.

71Дарбазадан чыкканда, аны башка бир күң көрүп, ошол жерде тургандарга: «Бул да назареттик Ыйса менен чогуу жүргөн болчу», – деди.

72Петир карганып: «Ал Адамды тааныбайм», – деп, дагы танып койду.

73Бир аз убакыттан кийин, ошол жерде тургандар Петирге келип: «Чын эле, сен да ошолордон экенсиң. Сүйлөгөнүңөн эле билинип турат», – дешти.

74Петир ого бетер карганып: «Ал Адамды тааныбайм», – деди. Ошол маалда короз кыйкырды.

75Ыйсанын «Короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың» деген сөзү Петирдин эсине түштү. Ошондо ал сыртка чыгып, өксөп ыйлады.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>