1Эртең менен бардык башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар чогулуп, Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн, кеңешме өткөрүштү.
2Алар Аны байлап алып, башкаруучу Понтий Пилатка алып барышты.
3Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Анын айыпталганын көргөндө өкүнүп, отуз күмүш тыйынды башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга кайта алып келди да:
4«Күнөөсүз кандын төгүлүшүнө себепкер болуп, күнөө кетирдим», – деди. Алар: «Биздин ишибиз эмне! Өзүң бил», – деп коюшту.
5Жүйүт күмүш тыйындарды ийбадатканага ыргытып жиберип, ал жерден чыкты да, барып, асынып өлдү.
6Башкы ыйык кызмат кылуучулар тыйындарды жыйнап алып: «Бул – кандын наркы. Муну ийбадаткананын казынасына салууга болбойт», – дешти.
7Өз ара акылдашышты да, бөтөн жерликтердин сөөгүн коюу үчүн, ал тыйынга карапачынын жерин сатып алышты.
8Ошондон улам ал жер бүгүнкү күнгө чейин «Кандуу талаа» деп аталат.
9Ошондо Жеремия пайгамбардын «Алар ысрайылдыктардын Аны баалаган баасын – отуз күмүш тыйынды алып,
10Теңир мага айткандай, карапачынын жерин сатып алышты» деп айткан сөзү аткарылды.
11Ыйса башкаруучунун алдында турду. Пилат Андан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады.
12Айыптап жаткан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга Ыйса такыр жооп берген жок.
13Ошондо Пилат Ага мындай деди: «Сага каршы кандай күбөлөндүрүүлөрдү айтып жатышканын угуп жатасыңбы?»
14Бирок Ыйса анын бир да сөзүнө жооп берген жок. Пилат буга аябай таң калды.
15Пасах майрамы сайын эл каалаган бир туткунду боштондукка чыгарууну башкаруучу адат кылып алган эле.
16Ошол учурда түрмөдө Барабба деген, атагы чыккан бир туткун бар болчу.
17Баары чогулганда, Пилат мындай деди: «Кимди бошотушумду каалайсыңар, Бараббаныбы же Машайак аталган Ыйсаныбы?»
18Анткени Аны көрө албастыктан улам кармап беришкенин Пилат билчү.
19Пилат сот тагында отурганда, аялынан «Ал адил Адамга тие көрбө, анткени мен түндө түшүмдө Ал үчүн аябай кыйналып чыктым» деген кабар келди.
20Ошол учурда башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар: «Бараббаны сурагыла, Ыйса өлүм жазасына тартылсын», – деп, элди көндүрүп жатышты.
21Пилат алардан: «Экөөнүн кимисин бошотуп берүүмдү каалайсыңар?» – деп сурады. «Бараббаны», – дешти алар.
22«Анда Машайак аталган Ыйсаны эмне кылайын?» деген Пилатка баары бир ооздон: «Ал айкаш жыгачка кадалсын!» – деп жооп беришти.
23Башкаруучу: «Ал кандай жаман иш кылды эле?» – десе, алар: «Кадалсын!» – деп, ого бетер катуу кыйкырышты.
24Эч нерсе жардам бербестигин, тескерисинче, ызы-чуу күчөп баратканын көргөн Пилат суу алып, элдин алдында колун жууду да, мындай деди: «Бул адил Адамдын каны үчүн Мен күнөөлүү эмесмин. Өзүңөр билгиле».
25Элдин баары: «Анын каны биздин жана биздин балдарыбыздын мойнунда болсун», – деп жооп беришти.
26Ошондо Пилат аларга Бараббаны бошотуп берди. Ыйсаны болсо камчы менен сабаткандан кийин, айкаш жыгачка кадатуу үчүн, аскерлердин колуна тапшырды.
27Башкаруучунун аскерлери Ыйсаны падыша сарайына алып келишти да, бүт аскер бөлүгүн Анын тегерегине чогултушту.
28Ыйсанын кийимин чечип алып, падышалар кийүүчү кочкул кызыл чапан кийгизишти.
29Тикенектен таажы өрүп, башына кийгизип, оң колуна таяк карматышты да, алдына тизе бүгүп: «Салам, жүйүттөрдүн Падышасы!» – деп келекелешти.
30Ага түкүрүштү, чыбык менен башка чапкылашты.
31Келекелешкенден кийин, Андан падышалар кийүүчү кочкул кызыл чапанды чечип алып, Өз кийимин кийгизишти. Анан Аны айкаш жыгачка кадоо үчүн алып жөнөштү.
32Жолдо алар киренеялык Шымон деген адамды учуратып, Ыйсанын айкаш жыгачын мажбурлап көтөртүп коюшту.
33Ошентип, алар Голгофа деген жерге келишти. Эврей тилиндеги бул сөз «Баш сөөгү» деп которулат.
34Ага өт кошулган шарап беришти. Ал анын даамын татып көрүп, ичпей койду.
35Аны айкаш жыгачка кадап коюшкандан кийин, кийимдери үчүн өкчөмө таш ыргытып, өз ара бөлүп алышты.
36Андан кийин ошол жерге отуруп, Аны күзөтүштү.
37Баш жагына «Бул – жүйүттөрдүн Падышасы Ыйса» деп жазылган, Анын айыбын көрсөткөн тактайчаны илип коюшту.
38Ыйсанын жанына эки кылмышкер да айкаш жыгачка кадалды: бири Анын оң жагына, бири сол жагына.
39Ал жерден өтүп бара жаткандар баштарын чайкап:
40«Ии, ийбадаткананы бузуп, үч күндө Тургузуучу! Эгерде Кудайдын Уулу болсоң, куткар Өзүңдү! Түш айкаш жыгачтан!» – деп, тилдеп жатышты.
41Башкы ыйык кызмат кылуучулар да мыйзам окутуучулар жана аксакалдар менен бирге Аны мындай деп шылдыңдашты:
42«Башкаларды куткарды, Өзүн болсо куткара албайт! Эгерде Ал Ысрайылдын Падышасы болсо, айкаш жыгачтан түшсүн, ошондо биз Ага ишенели.
43Ал Кудайдан үмүттөнчү эмес беле. Эгерде Ал Кудайга жакса, Кудай Аны куткарып алсын. Анткени Ал: “Кудайдын Уулумун”, – дебеди беле».
44Анын жанындагы айкаш жыгачтарга кадалган кылмышкерлер да Аны тилдеп жатышты.
45Алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин бүт жерди караңгылык басып турду.
46Тогузунчу саат чамасында Ыйса:
47Ал жерде тургандардын кээ бирөөлөрү муну укканда: «Ал Илиясты чакырып жатат», – дешти.
48Алардын бири дароо жүгүрүп барып, соргуч алып келди. Аны ачуу ичимдикке малып, таяктын учуна илип, Ыйсанын оозуна жакындатты.
49Кээ бирөөлөр болсо: «Коё тур, Илияс келип, Аны куткарар бекен, көрөлү», – деп жатышты.
50Ыйса дагы бир ирет үнүн катуу чыгарып, жан берди.
51Ошол учурда ийбадаткананын көшөгөсү жогорудан ылдый айрылып, экиге бөлүнүп калды. Жер титиреп, аскалар жарылды.
52Мүрзөлөр ачылып, ыйык маркумдар тирилишти.
53Алар мүрзөлөрүнөн чыгып, Ыйса тирилгенден кийин, ыйык шаарга кирип, көп адамдарга көрүнүштү.
54Жүз башы менен бирге Ыйсаны күзөткөн аскерлер жер титирөөнү, болуп жаткан окуяларды көрүшкөндө, үрөйлөрү учуп: «Бул чын эле Кудайдын Уулу болчу», – дешти.
55Ал жерде Галилеядан бери Ыйсага кызмат кылып ээрчип келген аялдар да бар эле. Алар алыстан карап турушту.
56Алардын арасында магдалалык Мариям, Жакып менен Жусуптун энеси Мариям жана Зебедей уулдарынын энеси бар болчу.
57Кеч киргенде, ариматаялык Жусуп деген бир бай адам келди. Ал да Ыйсанын шакирттеринен эле.
58Ал Пилатка келип, Ыйсанын сөөгүн сурады. Пилат сөөктү берүүнү буйруду.
59Жусуп сөөктү алып, таза болотнай менен кепиндеди.
60Анан ал аны асканын бооруна оюлган өзүнүн жаңы мүрзөсүнө алып барып койду. Мүрзөнүн оозун бир чоң ташты тоголотуп келип жапты да, кетип калды.
61Магдалалык Мариям менен дагы бир Мариям ошол жерде, мүрзөнүн маңдайында отурушкан.
62Эртеси, ишемби күнү башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Пилаттын алдына чогулуп, мындай дешти:
63«Мырза! Жанагы алдамчынын тирүү кезинде:
64Ошондуктан мүрзөнү үч күн кайтарууга буйрук бер. Шакирттери түн жамынып келип, сөөгүн уурдап кетип, элге: “Ал өлүп, кайра тирилди”, – деп айтышпасын. Ошондо бул акыркы калп мурункудан да жаман болот».
65Пилат аларга: «Сакчыларды алгыла да, барып, каалаганыңардай кайтарып алгыла», – деп койду.
66Алар барып, ташка мөөр басышты да, мүрзөнүн жанына сакчыларды коюшту.