1Ишемби күнү өткөндөн кийин, жуманын биринчи күнү таң заардан магдалалык Мариям менен башка Мариям мүрзөнү көргөнү келишти.
2Ошол учурда катуу жер титирөө болду, анткени Теңирдин бир периштеси асмандан түшүп келди. Ал мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырып, таштын үстүнө отурду.
3Анын көрүнүшү чагылгандын жарыгындай, кийими кардай аппак эле.
4Күзөттө тургандардын үрөйү учуп, сенейип катып калышты.
5Периште болсо аялдарга мындай деп кайрылды: «Коркпогула! Айкаш жыгачка кадалган Ыйсаны издеп жүргөнүңөрдү билем.
6Ал бул жерде жок. Өзү айткандай, Ал тирилди. Келип, Анын жаткан жерин карап көргүлө.
7Анан тезирээк барып, Анын шакирттерине: “Ал өлүп, кайра тирилди! Ал силерди Галилеядан тосуп алат, Аны ошол жерден көрөсүңөр”, – деп айткыла. Силерге айтарым ушу».
8Аялдар мүрзөдөн шашкан бойдон чыгышты да, ары коркуп, ары аябай кубанып, шакирттерге кабарлаганы чуркап жөнөштү.
9Шакирттерге кабарлаганы бара жатышканда, Ыйса алардын алдынан чыгып:
10Ошондо Ыйса аларга:
11Аялдар жолдо бара жатышканда, кээ бир сакчылар шаарга келип, болуп өткөн окуянын баарын башкы ыйык кызмат кылуучуларга айтып беришти.
12Башкы ыйык кызмат кылуучулар аксакалдар менен кеңешип, аскерлерге көп акча беришти да,
13мындай дешти: «Силер: “Биз уктап жатканда, шакирттери келип, Анын сөөгүн уурдап кетишти”, – деп айткыла.
14Эгерде бул кабар башкаруучуга жетсе, биз аны ынандырып, силерди чатактан куткарып алабыз».
15Аскерлер акчаны алышты да, алардын айтканындай кылышты. Ошол сөз бүгүнкү күнгө чейин жүйүттөрдүн арасында айтылып келет.
16Он бир шакирт Ыйса буйругандай, Галилеяга барып, тоого чыкты.
17Алар Ыйсаны көргөндө, Ага таазим кылышты. Кээ бирөөлөрү болсо шектеништи.
18Ошондо Ыйса аларга жакын келип, мындай деди:
19
20